“Чакан ГЭС” ААКнын жетекчилеринин бири пара менен кармалды

КР УКМК тарабынан энергетика тармагындагы коррупциялык схеманын бети ачылды. Анда, “Чакан ГЭС” ААКнын жооптуу адамдары тарабынан курулуш иштери боюнча тендерлерди өткөрүүдө аткарылган иштердин сапатына зыян келишине карабай алдын ала пара («откат») алышкан.
Тергөө тарабынан “Чакан ГЭС” ААКнын жетекчиси жеке ишкерлерден системалуу түрдө түзүлгөн келишимдин суммасынан 10% өлчөмүндө акча каражатын пара («откат») түрүндө талап кылганы, эгерде андан баш тартса, жеке компаниялар тарабынан аткарылган иштер үчүн акча каражатын төлөөнү кечеңдетүү менен коркутканы аныкталды.
Атайын жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында 150 миң сом акча каражатын алып жаткан жеринен “Чакан ГЭС” ААКнын жетекчиси кармалган.
Алынган далилдердин негизинде “Чакан ГЭС” ААКнын жетекчиси Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 98-беренесине ылайык, КР УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына жайгаштырылды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Связанный пост