Мындан тышкары, соода жайларын бир эле адамдарга бир нече жолу сатуу фактылары башка ишкерлерге өткөрүп берүү коркунучу менен аныкталган. Чогултулган материалдардын негизинде, кылмыш ишинин алкагында Р.А.Т.га таандык турак-жай жана коммерциялык объектилерди кармоо жана тинтүү иш-чаралары жүргүзүлгөн. КР УКМК Каракол шаарынын тургундарын жана ишкерлерин кармалган жарандын алдамчылык аракеттеринен жабыркаган болсо КР УКМКнын Ысык-Көл облусу […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров “КР Конституциясынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына жана Адам укуктарынын жалпыга таанылган декларациясынын 75 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндө” КР Мыйзамына кол койду. Президенттин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, аталган мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2024-жылдын 25-январында кабыл алынган. Аталган мыйзамда КР Конституциясынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына жана Адам укуктарынын Жалпыга таанылган декларациясынын 75 […]Читать далее
Талас шаарынын мэринин №185 “Талас шаарынын көчөлөрүндөгү мыйзамсыз кызыл сызыктан чыккан жеке менчик турак үйлөрдүн чектерин тактоо” боюнча буйругунун негизинде Талас шаарынын ичиндеги жеке менчик турак жайлардын кызыл сызыктан чыгып кеткендигин аныктоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Анын алкагында Талас шаардык муниципалдык менчик башкармалыгы, Кадастр мамлекеттик мекемеси, Талас регионалдык шаар курулушу жана архитектура башкармалыгынын тиешелүү адистери тарабынын […]Читать далее
Бүгүн, Ош шаарында жеке менчик бала бакчаларды жана мектепке чейинки билим берүү борборлорун өнүктүрүүгө багытталган акселерация программасынын ачылышы болду. Иш-чарага Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров, АРнин өлкө боюнча директору Жылдыз Исабекова катышып, мектепке чейинки билим берүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти. Белгилей кетсек, “Биз камкорбуз” аталышындагы акселерация программасы бүгүн старт алып, эки ай бою уланат. Жалпысынан […]Читать далее
Акылбек Жапаров энергетиктер менен борбордогу ЖЭБти реконструкциялоо жана модернизациялоо маселесин
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинде Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Бишкек жылуулук электр борборун реконструкциялоо жана модернизациялоо маселелерин талкуулаган жыйын өткөрдү. Алсак, жыйындын жүрүшүндө борбор калаанын ТЭЦин алдыдагы модернизациялоонун 4 вариантынын презентациясы сунушталды. ЖЭБдин энергоблокторунун учурдагы абалы физикалык эскирүү менен мүнөздөлүп, заманбап техникалык чечимдерди талап кылаары айтылды. Презентацияны талкуулап жатып, Минкаб башчысы […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 12-февралда, иш сапары менен Бириккен Араб Эмираттарынын Дубай шаарына келди. Мамлекет башчынын борту “Аль-Мактум” эл аралык аэропортуна конду. Президент Садыр Жапаровду БАЭнин билим берүү министри Ахмад Белхул Аль-Фаласи тосуп алды. Эскерте кетсек, мамлекет башчысы Бириккен Араб Эмираттарынын президенти шейх Мухаммад бин Заед Аль Нахайяндын чакыруусу менен Дубай шаарында өтө турган Дүйнөлүк […]Читать далее
Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь менен жолугушту. ТИМден билдиришкендей, элчи Ду Дэвэнь Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономиялуу районунун Партиялык комитетинин катчысы Ма Синжуйдун Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго Бишкек шаарынын ЖЭБинде болгон аварияга байланыштуу колдоосу менен катын жолдоду. Тилектештиктин белгиси катары Синьцзяндын Элдик Өкмөтү 100 миң доллар суммасындагы […]Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов менен телефон аркылуу сүйлөштү. Акылбек Жапаров Олжас Бектеновду Казакстандын премьер-министри болуп дайындалышы менен куттуктап, жооптуу кызматында ийгиликтерди каалады. “Биз казак тарап менен болгон мамилени жогору баалайбыз жана аны мындан ары да чыңдоого умтулабыз. Дипломатиялык мамилелерибиз түзүлгөндөн бери биздин кыргыз-казак өз ара кызматташуубуз бекемделип, стратегиялык өнөктөштүккө жана […]Читать далее
Азыркы учурда Салык кызматынын маалыматтык системасында электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз колдонгон 111 миң 449 ишкер катталган. Бул тууралуу МСКнын басма сөз кызматы маалымдады. Алар тарабынан “ЭТТК” системасы аркылуу 15,7 млн электрондук документ түзүлгөн, алардын ичинен сатуу боюнча – 12,5 млн, эсептен чыгаруу – 1,2 млн, алып өтүү – 751,9 миң, кириштөө боюнча – 1,2 млн. документ. Ишкерлердин 127 миңден ашык виртуалдык кампалары активдүү иштеп […]Читать далее
Сузак, Базар-Коргон райондорунда жана Жалал-Абад шаарынын аймагындагы жер көчкү кооптуулугу бар аймакта жашаган үй-бүлөлөргө көчүп чыгуу боюнча эскертүү нускамалар берилүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. ӨКМдин Жалал-Абад облустук башкармалыгынын район шаардык бөлүмдөрүнүн аскер кызматкерлери жана жергиликтүү көчүрүү комиссиясы менен биргеликте түшүндүрүү иштери жүргүзүп, кооптуу аймактан биротоло көчүп чыгуу керек экендиги эскертилүүдө. Белгилей кетсек, облус […]Читать далее