Аймак

Жалал-Абад облусунда кооптуу аймакта жашаган 1 миңден ашык үй-бүлө көчүрүлөт

Сузак, Базар-Коргон райондорунда жана Жалал-Абад шаарынын аймагындагы жер көчкү кооптуулугу бар аймакта жашаган үй-бүлөлөргө көчүп чыгуу боюнча эскертүү нускамалар берилүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. ӨКМдин Жалал-Абад облустук башкармалыгынын район шаардык бөлүмдөрүнүн аскер кызматкерлери жана жергиликтүү көчүрүү комиссиясы менен биргеликте түшүндүрүү иштери жүргүзүп, кооптуу аймактан биротоло көчүп чыгуу керек экендиги эскертилүүдө. Белгилей кетсек, облус […]Читать далее

Коом

Сокулук жана Аламүдүн райондоруна 7 миңден ашуун “акылдуу” электр эсептегич

Сокулук жана Аламүдүн райондорунда дагы 7091 “акылдуу” электр эсептегич орнотулду. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, учурда Чүй электр тармактар ишканасынын адистери керектөөчүлөрдү тейлөө сапатын жакшыртуу, үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоо максатында “акылдуу” электр эсептегичтерин орнотууну улантууда. Белгилей кетсек, санариптештирүү иштеринин алкагында Чүй облусу боюнча буга чейин 74 миң 137 даана акылдуу эсептегич орнотулган. […]Читать далее

Аймак

Араван районунда жазгы талаа иштери башталды

Араван районунда жазгы талаа иштери башталды. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Маалыматка ылайык, облус башчысы Элчибек Жантаев жазгы талаа иштери менен жеринде таанышып, картошка, капуста отургузуу иштерине катышып, ошондой эле дыйкандар менен жолугушуп, алардын көйгөйлөрүн укту. Ош облусунун башчысы дыйкандардын көңүлүн быйылкы сезондо органикалык жер семирткичтерди колдонуунун маанилүүлүгүнө буруп, ар тараптуу колдоо болоорун […]Читать далее

Коом

Кыргызстанда бир аптада коронавирустун 4 учуру катталды

Кыргызстанда акыркы бир аптада коронавирус инфекциясынын 4 учуру катталды. Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинен билдиришкендей, Бишкек шаарында -1, Ош шаарында 1 жана Чүй облусунда 2 учур аныкталган. Адистер республикадагы сасык тумоо, курч респиратордук вирустук инфекция жана COVID-19 боюнча эпидемиологиялык абалга мониторинг жүргүзүүнү улантууда. Эпидемиологиялык кырдаал туруктуу.Читать далее

Коом

Кыргызстанда сасык тумоо жана КРВИ менен ооругандардын саны азаюуда

Кыргызстанда сасык тумоо менен КРВИ ооругандардын саны азаюуда. Бул тууралуу Мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөл департаментинен билдиришти. Ыкчам маалыматка ылайык, 2024-жылдын 6-жумасында (05.02-011.02.2024-ж.) республика боюнча КРВИ жана сасык тумоонун 7216 учуру катталды. Ооругандардын ичинен 68,8%ын 14 жашка чейинки балдар түзөт. Октябрдан тарта 1 миң 641 бейтаптан анализ алынды, лабораториялык изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча эпидсезон сасык тумоонун А/Н3N2 […]Читать далее

Коом

Эмгек министрлиги: Аксы окуясында жабыркагандарга жөлөк пулдун өлчөмү көбөйтүлдү

Аксы районунда 2002-жылдын 17-18-март окуяларында курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жабыр тарткандарга социалдык төлөмдөрдүн өлчөмү көбөйтүлдү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, алар КР министрлер кабинетинин токтому менен бекитилген көбөйтүлгөн жөлөк пулду 2024-жылдын 5-февралынан тартып ала башташат. “Жөлөкпулдун өлчөмү 3700 сомдон 4500 сомго жогорулады. Кошумча жөлөкпулдун бул түрүн алуучуларга 2023-жылдын […]Читать далее

Коом

ЖКККББ: Өлкө аймагында бир жума ичинде 422 мас айдоочу аныкталды

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тарабынан 2024-жылдын 5-февралынан тартып, 11-февралга чейин, алдын ала маалыматтар боюнча өлкө аймагында 23 413 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталган. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматы маалымдады. Алардын ичинен: -Тийиштүү докумменттери жок унаа башкарган 345 айдоочу; -Мас абалында унаа башкарган 422 айдоочу; -Терезелерин мыйзамсыз караңгылаткан 47 айдоочу; -Жөө жүргүнчүлөрдүн эреже […]Читать далее

Жогорку Кеңеш

Таш-Көмүрдөгү заводдун уу калдыктар сакталган жайындагы абалды иликтөө боюнча жумушчу

Бүгүн, 12-февралда Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин отурумунда “Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө” жана “Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө” КР мыйзамдарынын аткарылышын контролдоону жүзөгө ашыруу боюнча жумушчу топ түзүү жөнүндө маселе каралды. Парламенттен билдиришкендей, депутат Замирбек Мамасадыков бул багытта баяндама жасап, орчундуу көйгөйлөргө токтолду. Депутат Таш-Көмүрдөгү “Кристалл” заводунун уу калдыктар сакталган […]Читать далее

Укук тартиби

УКМК Чолпон-Атанын экс-мэринин кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган фактыны аныктады

Чолпон-Ата шаарынын экс-мэри кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган факт аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Маалыматка ылайык, атайын кызмат тарабынан уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүүнүн алкагында, мамлекеттик түзүмдөрдөгү уюшкан кылмыштуу топтун лидери менен кызмат адамдарынын байланышы такталып, уюшкан кылмыштуу топтун лидери маркум Камчы Асанбекке (Көлбаев) Чолпон-Ата шаарындагы баасы 10 млн сомдон ашык […]Читать далее

Экономика

Кыргызстанда орточо айлык акы 33 миң 258 сомду түздү

Кыргызстанда 2023-жылы орточо айлык акы 33 миң 258 сомду түздү. Бул тууралуу брифингде Улуттук статистика комитетинин төрагасынын биринчи орун басары Назира Керималиева билдирди. Анын айтымында, айлык акынын көлөмү 2022-жылга салыштырмалуу 2,3%га өскөн. “Эң олуттуу өсүш мамлекеттик башкаруу, коргонуу, социалдык камсыздоо, суу менен камсыз кылуу жана тазалоо, ошондой эле кыймылсыз мүлк, дүң жана чекене соода, унаа […]Читать далее