Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Бириккен Араб Эмираттарына (БАЭ) 12-февралдан 14-февралга чейинки иш сапары аяктады. Дубай шаарына болгон сапарынын алгачкы күнү Мамлекет башчысы Абу-Даби өнүктүрүү фондунун башкы директору Мухаммад Саиф Аль Сувэйди менен жолугушту. Анда ири инфраструктуралык, инвестициялык жана социалдык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча кызматташууну мындан ары тереңдетүүнүн актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашуу болду. Ошол […]Читать далее
Эмилбек Абдыкадыров Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан бошотулду
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдыкадыров Эмилбек Мырзакулович ээлеген кызмат ордунан бошотулду.Читать далее
Кыргызстанда бардык мугалимдер ноутбук менен камсыздалат. Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин орун басары Лира Самыкбаева Sputnik агенттигинин маалымат борборунда өткөн брифингде билдирди. Анын айтымында, ноутбуктарды алуу үчүн бюджеттен 1,5 миллиард сом бөлүндү. “Изилдөөлөр коронавирус пандемиясы учурунда мугалимдердин 60 пайызы өздөрүнө жеке ноутбук же персоналдык компьютер сатып алганы, калган 40 пайызынын техникасы жок экенин […]Читать далее
Билим берүү жана илим министрлиги “Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өнүгүү үчүн көндүмдөр” долбоорунун алкагында 17 пилоттук колледжде жумуш ордунда окутуу сыяктуу инновациялык ыкманы жайылтууда. Жумуш ордунда окутуу билим берүү уюмунун өндүрүштүк бөлүмдөрүндө, ишканалардын базасында билимди бекемдөөгө жана практикалык көндүмдөрдү өздөштөрүүгө багытталган. “Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өнүгүү үчүн көндүмдөр” долбоорун ишке ашыруунун натыйжасында: * 8 колледж […]Читать далее
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Россиядагы эмгек мигранттарына милдеттүү медициналык камсыздандыруу (ММК) санариптик полисин кантип акысыз алууга болорун айтып берди Ведомствонун басма сөз кызматынан билдиргендей, ушу жылы 15-февралдан тарта Москва шаарында иштеген кыргызстандыктар милдеттүү медициналык камсыздандыруунун санариптик полисин ала алат. Ал үчүн Малая Полянка көчөсү, үй №7 б.№5 дареги боюнча министрликтин Москва шаарындагы өкүлчүлүгүнө […]Читать далее
Борбордук шайлоо комиссиясынын токтомуна ылайык 55 жаштагы Саидбек Зулпуевди “Ата-Журт Кыргызстан” партиясынан Жогорку Кеңештин депутаты болуп катталды. Боршайкомдон билдиришкендей, эл өкүлүнө күбөлүк жана төш белги ыйгарылды. Эске сала кетсек, ал өз ыктыяры менен мандатын тапшырган Абдыбахаб Боронбаевдин ордуна келди. Боронбаев 2021-жылы “Ата-Журт Кыргызстан” партиясынан депутат болуп шайланган.Читать далее
2023-жылы мигранттар Кыргызстанга 2 млрд 706,1 млн доллар которушкан. Мындай маалымат Улуттук банктын сайтында жарыяланды. Маалыматка ылайык, агым 2022-жылга салыштырмалуу 12%га азайган. Анда акча которуулар тутуму аркылуу өлкөгө 3 млрд 86,5 млн доллар которулган.. Өткөн жылы түшкөн акчанын 93,5%дан ашыгы Россияга туура келет, ал жактан 2 млрд 531,5 млн доллар которулган, бул көрсөткүч наркы жылга […]Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров президенттин Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнүн коллегиялык жыйынына катышты. Жыйында министрлер кабинетинин башчысы Чүй облусунда ачылган ири ишканаларды ар бирин жеке өзү көрүп чыкканын, эми өндүрүлгөн товарларды экспортко чыгаруу жаатында активдүү иш алып баруу зарылчылыгына токтолуп, ушул максатта инвестициянын көлөмү 100 млн долларды түзгөн “Wildberries” компаниясынын соода логистикалык борборун, Аламүдүн районунда 38 […]Читать далее
Бишкекте «Башкара-Суу», «Зонный» жана «ХБО» суу тосмолору реконструкцияланып жатат. Муниципалитеттен билдиришкендей, реконструкциялоо иштери жай мезгилинде суунун тартыштыгын болтурбоо максатында жүргүзүлүүдө. Ал эми «Орто-Алыш» суу сактагычында изилдөө иштери жүргүзүлүп, жасалма көлдөрдүн түбү тазаланды.Читать далее
Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаты Абдыбахаб Боронбаевди мөөнөтүнөн мурда депутаттык мандатынан ажыратты. Документте депутат жеке арызынын негизинде “Ата-Журт Кыргызстан” парламенттик фракциясынан депутаттык мандатынан ажыратылганы айтылат. БШК депутаттын күбөлүгүн жараксыз деп тапты.Читать далее