Акылбек Жапаров Улуу Британиянын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Николас Боулерди кабыл алды

 Акылбек Жапаров Улуу Британиянын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Николас Боулерди кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Улуу Британиянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Николас Боулерди кабыл алды.

МинКаб Төрагасы Элчиге 2023-жылдын ноябрь айында Улуу Британияга болгон жумуш сапарын уюштурууга көрсөткөн ар тараптуу колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

“Кыргыз-британ мамилелеринин 30 жылдан ашык тарыхында биринчи жолу ушундай деңгээлде уюштурулган сапардын бай программасын канааттануу менен белгилегим келет. Менин сапарымдан кийин “Rotschild&Co”, “Franklin Templeton” сыяктуу атактуу британ компанияларынын Кыргызстанга келгендиги кубандырат, алардын өкүлдөрү менен жеке жолугушууларды да өткөрдүм”, – деди ал.

Улуу Британиянын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Николас Боулер британ тараптын Кыргызстан менен эки тараптуу кызматташууну мындан ары өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө умтулуусун ырастады.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-британ кызматташтыгынын күн тартибине кирген  соода-экономикалык, инвестициялык жана тоо-кен тармагындагы мурда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашты.

Связанный пост