Нарында “Улуттук тазалык күнүнө” карата 14 миңге жакын көчөт отургузулду

 Нарында “Улуттук тазалык күнүнө” карата 14 миңге жакын көчөт отургузулду

Нарында “Улуттук тазалык күнүнө” карата 14 миңге жакын көчөт отургузулду. Бул тууралуу КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы маалымдады.

Бүгүн, 20-апрелде Нарын облусунун бардык аймактарында “Улуттук тазалык күнүнө” карата ишембиликтер уюштурулуп, айлана-чөйрөнү, жол жээктерин, каналдарды тазалоо, бак-дарактардын көчөттөрүн отургузуу, көрктөндүрүү, жашылдандыруу боюнча массалык иштер алып барылды.

 

Ишембиликтерге жалпы 10603 адам катышып, 13 миң 800 көчөт отургузулду. Анын ичинен 3099 түп ийне жалбырактуу , 10805 түп жазы жалбырактуу бак-дарактардын көчөттөрү тигилди. 10516 тонна таштанды чогултулду. 304 гектар жер аянты, 246 чакырым арык, каналдар тазаланды.

Связанный пост