КР делегациясы Сан-Францискодо Apple Inc. компаниясынын башкы кеңсесинде болду

 КР делегациясы Сан-Францискодо Apple Inc. компаниясынын башкы кеңсесинде болду

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров баштаган делегация Сан-Франциского (АКШ) жумушчу сапарынын алкагында Apple Inc. компаниясынын башкы кеңсесинде болду.

 

Apple Park IT компаниялардын технологиялык кеңселеринин бири болуп саналат.

 

Делегация Apple Park концепциясы, имараттардын архитектуралык-долбоордук чечимдери, санариптик инфраструктура менен таанышты. Өкмөт Кыргызстанда IT-парк түзүүнү пландоодо.

 

Аpple Inc компаниясынын өкүлдөрү менен корпорациянын башкы кеңсесине болгон сапардын алкагында кызматташтыктын келечеги, Кыргыз Республикасында IT тармагын өнүктүрүү жана биздин өлкөдө IT-долбоорлорду ишке ашыруу талкууланды.

 

Ошондой эле Apple өнүмдөрү үчүн Siri үн жардамчысы аркылуу мамлекеттик тилди өнүктүрүү, компаниянын аппараттарына жер титирөөдөн эскертүү функциясын киргизүүнүн техникалык мүмкүнчүлүктөрү жана башка бир катар функцияларды ишке киргизүү маселелери көтөрүлдү.

 

«Биз бул аспектилерди жакшыртуу санариптик чөйрөнү бардык кыргызстандыктар үчүн ыңгайлуу жана жеткиликтүү кылат деп ишенебиз. Биз бул маселелерди чечүү үчүн Apple менен конструктивдүү диалогго жана кызматташууга даярбыз», — деди Акылбек Жапаров.

 

Өз кезегинде корпорация өкүлдөрү бул маселелерди изилдөөгө даяр экендиктерин билдиришти.

Связанный пост