Бишкек шаарындагы Ала-Тоо аянтында мамлекеттик тууну көтөрүү аземи өттү

Бүгүн, 8-январда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев баштаган депутаттар, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баштаган жетекчилер, Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов Ала-Тоо аянтында мамлекеттик тууну көтөрүү аземине катышты.

Аземге мамлекеттик туунун авторлору жана Бишкек шаарынын тургундары да күбө болушту.

Тууну көтөрүү учурунда аскердик оркестрдин коштоосунда мамлекеттик гимн жаңырды.

Алсак, мамлекеттик тууну жакшыртууга багытталган мыйзам долбоору Жогорку Кеңеш тарабынан колдоо таап, ага өткөн жылдын 22-декабрында Президент кол койгон.

Связанный пост