Кыз-келиндер күрөшү боюнча курама команда рейтингдик мелдешке катышат

 Кыз-келиндер күрөшү боюнча курама команда рейтингдик мелдешке катышат

Кыргыз Республикасынын кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Загреб шаарында (Хорватия) өтө турган “ZAGREB OPEN” биринчи рейтингдик мелдешине катышат. Мелдеш 10-14-январь күндөрү өтөт.

Курама команданын тизмеси:

– 62 кг Айсулуу Тыныбекова;

– 68 кг Нурзат Нуртаева;

– 76 кг Айпери Медет кызы.

 

Курама команда башкы машыктыруучу Нурбек Изабековдун жетекчилиги астында мелдешке катышат.

Эскерте кетсек, ал эми курама команда 15-22-январь күндөрү Тата шаарында (Венгрия) өтө турган Эл аралык окуу-машыгуу жыйнына катышат.

Курама команданын тизмеси:

– 59 кг Калмира Билимбек кызы;

– 62 кг Айсулуу Тыныбекова;

– 68 кг Нурзат Нуртаева;

– 76 кг Айпери Медет кызы;

– Нурбек Изабеков башкы машыктыруу.

Связанный пост