Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматы боюнча, 2024-жылдын башына карата 18 жашка чейинки 37 494 бала майыптыгы боюнча жөлөк пул алышат. 2021-жылдын күз айынан бери Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун Жарлыгы менен жөлөк пул эки этап менен 100%га көтөрүлүп, бүгүнкү күндө ар бир балага айына 8000 сомду түзөт. 18 жашка чыга элек майыптуулук бар балага […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан ишке ашырылып жаткан «Келечек үчүн билим берүү» долбоору Ала-Бука районуна караштуу «А. Пирматов» жана «Сезим» мектепке чейинки билим берүү уюумдарында өз ишин баштады. Аталган мектепке чейинки билим берүү уюмдарына долбоордун алкагында эмеректер жана оюнчуктар алынып келинди. Ал эми имараттарда ремонт иштери жүргүзүлүүдө. Долбоордун максаты – […]Читать далее
Жети-Өгүз районундагы бала бакчада улуттук баалуулуктарга тарбиялоого багытталган кошумча тайпа
19-январда Билим берүү жана илим министрлигинин мектепке чейинки билим берүү башкармалыгынын башчысы Нурзида Касымова Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Даркан айылындагы Бүбүкан Алымбаева атындагы “Сезим” мектепке чейинки билим берүү уюмунда болду. Мектепке чейинки билим берүү уюмдарында балдардын санын камтуу жана бала бакчаларды эффективдүү колдонуу максатында балдарды улуттук баалуулуктарга үйрөтүүгө, патриоттулукка тарбиялоого багытталган кошумча тайпа ачылды. […]Читать далее
Сүлүктү шаарында маалыматтык технологиялар борбору ачылат. IT борбордун курулушуна Баткен облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева капсула салды. Ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашкандай, курулуштун буйрутмачысы – Сүлүктү шаарынын мэриясы, объектинин жалпы сметалык баасы 50 055 617 сом. Министрдин айтымында, санариптештирүү – билим берүү тармагындагы артыкчылыктуу багыттардын бири, […]Читать далее
Ошто аба ырайынын шарттарына байланыштуу бүгүн, 20-январда бардык аба каттамдары убактылуу кармалууда. “Манас” эл аралык аэропортунан билдиришкендей, эртең мененки саат 10:00дөн тарта “Ош” эл аралык аэропортун коюу туман каптап турат. Учурдагы учуу көрүнүшү горизонталдуу 76 метрди, вертикалдуу 60 метрди түзөт. Белгиленгендей, учуулардын убактысы тууралуу кошумча маалымат берилет.Читать далее
19-январда тышкы иштер министринин орун басары Авазбек Атаханов Ирандын Кыргызстандагы элчиси Голам Хоссейн Ядегари менен жолугушту. КР тышкы саясий ведомствосунан билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүнүн учурдагы абалын, бийик жана жогорку деңгээлдеги сапарларды уюштурууну жана Бишкекте боло турган Тышкы иштер министрликтер аралык саясий кеңешмелерди өткөрүү маселелерин талкуулашты. Министрдин орун басары Атаханов […]Читать далее
Кыргызстанга тамекини мыйзамсыз алып кирүү аракети көрүлгөн. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирет. Маалыматка ылайык, “Ак-Тилек-унаажолу” чек ара пунктунда «Вольво» үлгүсүндөгү унаа токтотулуп, анда ташып келүүгө уруксат берген тиешелүү документтери жок, ичинде 4 млн даана тамеки салынган 200 коробка бар экендиги аныкталган. Учурда ыкчам-тергөө иш-чараларынын алкагында Мамлекеттик салык кызматынын адистери менен биргеликте […]Читать далее
Жалал-Абад шаарында күрөөкананын мыйзамсыз иш-аракетине бөгөт коюлду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирет. Маалыматка ылайык, атайын кызмат тарабынан Жалал-Абад шаарындагы «Чынчыл күрөөкана» унаакүрөөканасынын мыйзамсыз ишмердүүлүгүнөн жабыркагандардан тагырак айтканда, Жалал-Абад шаарынын тургундарынан түшкөн арыздардын алкагында, аталган ломбарддын ээлери 39 жаштагы А.С.М. жана 29 жаштагы М.Э.Т. аттуу кыргыз жарандары тиешелүү лицензиясы жок күрөөкананын мыйзамсыз ишин […]Читать далее
Аламүдүн коктусунда дайынсыз жоголгон жаранды издөө иштери уланууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, издөө иштерине жалпы 195 адам тартылды. ӨКМдин курамында кинологдор болгон 145 куткаруучусу 6 дрон менен, ИИМден 50 кызматкер издөө ишин алып барууда. Эске салсак, 13-январда 28 жаштагы Маматалы уулу Мукамбеталы дайынсыз жоголгон. Ал акыркы жолу 14-январга караган түнү, саат 02:00дө […]Читать далее
Россиянын Челябинск шаарындагы «Восточный город» базарында чыккан өрттөн жабыркагандардын арасында алдын ала маалыматтар боюнча Кыргызстандын жарандары жок. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлиги билдирет. Өрт күн мурун, 19-январда орун алган. Ошол эле учурда, колдо болгон маалыматтарга караганда, өрттүн кесепетинен КР эки жаранынын соода түйүндөрү күйүп кеткен. Тиешелүү шаардык кызматтар өрттүн себебин тактап жатышат. Екатеринбург шаарындагы […]Читать далее