Коом

Кыргызстанга жер-жемиштерди ташып кирүүдө фитосанитардык талаптар бузулган

Кыргызстанга Россиядан жер-жемиштерди ташып кирүүдө фитосанитардык талаптар бузулганы аныкталды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, 17-январында мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак участогундагы “Ак-Тилек автожолу” фитосанитардык контролдоо пунктунда карантиндик фитосанитардык текшерүү иш-чараларын жүргүзүүдө Россиядан 18 миң 500 кг цитрус жана-жер жемиштер (апельсин, баклажан, грейпфрут, курма, алмурут, анар, мандарин, […]Читать далее

Коом

Акылбек Жапаров: ЖМКлар мамлекеттик бүтүндүктүн негизги идеяларын колдоого милдеттүү

Өлкөдөгү масштабдуу реформалар учурунда жалпыга маалымдоо каражаттары (ЖМК) мамлекеттик бүтүндүктүн негизги идеяларын колдоого милдеттүү. Бул тууралуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин жыйынында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди. Анын пикиринде, Кыргызстан бардык сыноолордон жана эксперименттерден өткөн күчтүү мамлекет. “Учурда Кыргызстанды заманбап инфраструктуралуу, өнөр жайлуу, энергетикалуу, кубаттуу мамлекетке айландыра турган масштабдуу реформалар башталды. Мындай учурда […]Читать далее

Аймак

Баткен облусунун башчысы: 2023-жылы чек арага байланыштуу 43 жолугушуу өттү

2023-жылы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасына байланыштуу 43 жолугушуу өттү. Байма-бай өткөрүлгөн жолугушуулар тынчтыкты сактоого өбөлгө болду. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев Бишкекте министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун төрагалыгы астында өтүп жаткан ЖӨБ органдарынын жетекчилеринин жыйынында билдирди. Алимбаев өз сөзүндө 2023-жыл ичинде облустун аймагында негизги үч багыт боюнча иш алып барылгандыгын айтты. Алар; […]Читать далее

Коом

Ош ИИБда кызматкер ардактуу эс алууга узатылды

Бүгүн, 2024-жылдын 22-январь күнү Ош облустук ички иштер башкармалыгынын өздүк курамы ички иштер органдарында 34 жылдан ашуун кызмат өтөгөн кызматкер, Ош шаардык аэропортун тейлөө боюнча аба транспортундагы бөлүмүнүн коомдук коопсуздук кызматынын нөөмөт бөлүмүнүн тескөөчүсү милициянын полковниги Дурсункулов Шермамат Абдиллаевичти салтанаттуу түрдө ардактуу эс алууга, узатышты. Салтанаттуу иш-чарага башкармалыктын башчысы Жеңишбек Джоробеков, Ош облустук ички иштер […]Читать далее

Министрлер кабинети

Акылбек Жапаров: Мындан ары профициттер менен гана жылды жабабыз

“Мындан ары профициттер менен гана жылды жабабыз”, – деп баса белгиледи министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (ЖӨБ) жетекчилеринин катышуусунда өтүп жаткан жыйында. Министрлер кабинетинин башчысы 2023-жылы консолидацияланган бюджет 575 млрд сом болгондугун айтты. Республикалык бюджетте профициттин көлөмү алдын ала маалыматтар боюнча, 13,9 млрд сомду түздү. “Мындай профицит – биздин тарыхыбызда […]Читать далее

Министрлер кабинети

Акылбек Жапаров: Өлкө экономикасынын реалдуу секторунда 2023-жыл – тарыхый чекти

Кыргызстандын экономикасынын реалдуу секторунда 2023-жыл – тарыхый чекти баскан жыл болду. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жергиликтүү мамлекеттик органдардын жетекчилеринин катышуусунда өтүп жаткан жыйында билдирди. Анын айтымына караганда, Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, ички дүң продукттун көлөмү 1 трлн 228 млрд 900 млн сомду түздү, өсүү темпи 6,2%. Кумтөрдү кошпогондо 1,15 трлн сом, […]Читать далее

Президент

Садыр Жапаров өлкөнүн тышкы карызы, “Камбар-Ата-1” ГЭСнин курулушу жана БА

Президент Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине берген кезектеги маегинде бир катар актуалдуу маселелерге жооп берди, алсак, өлкөнүн тышкы карызы, “Камбар-Ата-1” ГЭСнин, “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолун куруу долбоорлорун ишке ашыруу жана башка маселелерге токтолду. — Жаңы жыл алдында тышкы карызыбыз өсүп кетиптир деген сөздөр болду. Бул жаатта акыбал кандай? Чочулоого же кабатыр болууга негиз барбы? Карыз алып атабызбы, […]Читать далее

Коом

Бакыт Төрөбаев Сокулуктагы Мал чарба институтуна жана “Кыргызмамасылтукумзаводу” ишканасына барды

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Сокулук районундагы Кыргыз мал чарба жана жайыт илимий-изилдөө институтунун жана “Кыргызмамасылтукумзаводу” мамлекеттик ишканасынын ишмердүүлүгү менен жеринен таанышты. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Учурда институттун асыл-тукум биолабораториясында ири мүйүздүү малды генетикалык жактан жакшыртуу жана жасалма уруктандыруу потенциалын жогорулатуу, региондордогу […]Читать далее

Коом

“Ош” аэропортунда бардык аба каттамдар жандандырылды

“Ош” эл аралык аэропорту бардык аба каттамдарын калыбына келтирди. “Манас” эл аралык аэропортунан билдиришкендей, эртең мененки саат 10:00дөн тарта аэропортту коюу туман каптап, аба каттамдары убактылуу кармалган. Учурда учуу көрүнүшү жакшырып, бардык каттамдар жандандырылды.Читать далее

Аймак

Былтыр Нарын облусунун аймагында жалпы 4 өзгөчө кырдаал катталып, келтирилген

Былтыр Нарын облусунун аймагында жалпы 4 өзгөчө кырдаал катталып, келтирилген чыгым 8,8 миллион сомду түзгөн. Бул тууралуу КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы маалымдады. Бүгүн, 19-январда КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын жыйындар залында Нарын облусунун Жарандык коргонуу тутумунун отуруму өткөрүлүп, 2023-жыл ичинде аткарылган иш чаралардын жыйынтыгын чыгаруу жана 2024-жылга […]Читать далее