Коюу тумандан улам Ошто бардык аба каттамдары кармалууда

 Коюу тумандан улам Ошто бардык аба каттамдары кармалууда

Ошто аба ырайынын шарттарына байланыштуу бүгүн, 20-январда бардык аба каттамдары убактылуу кармалууда.

 

“Манас” эл аралык аэропортунан билдиришкендей, эртең мененки саат 10:00дөн тарта “Ош” эл аралык аэропортун коюу туман каптап турат. Учурдагы учуу көрүнүшү горизонталдуу 76 метрди, вертикалдуу 60 метрди түзөт.

 

Белгиленгендей, учуулардын убактысы тууралуу кошумча маалымат берилет.

Связанный пост