Кыргызстанга тамекини мыйзамсыз алып кирүү аракети көрүлгөн

 Кыргызстанга тамекини мыйзамсыз алып кирүү аракети көрүлгөн

Кыргызстанга тамекини мыйзамсыз алып кирүү аракети көрүлгөн. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирет.

 

Маалыматка ылайык, “Ак-Тилек-унаажолу” чек ара пунктунда «Вольво» үлгүсүндөгү унаа токтотулуп, анда ташып келүүгө уруксат берген тиешелүү документтери жок, ичинде 4 млн даана тамеки салынган 200 коробка бар экендиги аныкталган.

 

Учурда ыкчам-тергөө иш-чараларынын алкагында Мамлекеттик салык кызматынын адистери менен биргеликте республикалык бюджетке келтирилген зыяндын көлөмүн тактоо, ошондой эле жогорудагы кылмышка тиешеси бар кызмат адамдарын аныктоо боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.

Связанный пост