Тармактык комитет жазгы-талаа жана чарбалык жумуштарды ѳткѳрүүгѳ карата даярдыктын жүрүшү жѳнүндѳ министрликтин маалыматын укту

 Тармактык комитет жазгы-талаа жана чарбалык жумуштарды ѳткѳрүүгѳ карата даярдыктын жүрүшү жѳнүндѳ министрликтин маалыматын укту

Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитети «Кыргыз Республикасында 2024-жылы жазгы-талаа жана чарбалык жумуштарды ѳткѳрүүгѳ карата даярдыктын жүрүшү жѳнүндѳ» Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин маалыматын укту. Бул тууралуу КРнын Жогорку Кеңешинин коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү маалымдады.

Бул багытта Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары  Маил Алиаскаров маалымат берди.

Анын маалыматында 2024-жылдын жазгы талаа иштерине даярдык көрүү максатында жер-жерлерде түзүлгөн штабдар иш алып барууда. «Быйылкы жылы буудай, кант кызылчасы, май өсүмдүктөрүнүн аянтын көбөйтүү сунушталууда. Министрлер кабинетинин токтомуна ылайык 7 млрд сом каражат «Айыл чарбасын каржылоо -11» долбоорунун алкагында дыйкандарга насыя катары берилет. Аны менен катар пайдаланылбай калган жерлерди өздөштүрүү багытында быйыл 4,5 миң гектар жер тамчылатып сугаруу ыкмасы аркылуу колдонууга алынат», – деди Маил Алиаскаров.

Талкуу учурунда депутат Султанбай Айжигитов Баткен облусундагы «Теке секирик» долбоорун аткаруу пландарына кызыкты. Аны менен катар эл өкүлү 23 км чакырымга созулган Кара-Булак каналын суу чарба башкармалыгынын карамагына алуу маселесин көтөрдү.

Депутат Балбак Түлөбаев өлкөдө тартыштык жараткан тамак-аш азыктары боюнча айтып, аны жоюуда кайсыл багыттарга көңүл бурулуп жатканын тактады. «Жакында эле комитет менен бирге илимий багыттагы дыйкан чарбаларды кыдырдык. Эгин айдоодон 5 центнерден түшүм алып жатат. Техникалары тээ союздуку, бузулуп токтоп калган. Илим изилдөө багытына колдоо көрсөтпөсөк, акыбал өзгөрбөйт»,- деди Б.Түлөбаев.

Депутат Жалолидин Нурбаев айыл чарба багытындагы тамак-аш азыктарынын курамын текшерүүдө тиешелүү ветеринардык лабораториялардын жетиштүүлүгүн сурады. Ошондой эле депутат түштүк облустарында жазгы талаа жумуштарынын эрте башталышын эске алып, насыяларды эртерээк берүү маселесине көңүл бурду.

Ал эми депутат Алишер Эрбаев дыйкандарды жетиштүү жер семирткичтер менен камсыздоо жагдайына токтолуп, министрликтин бул багыттагы даярдыктарын жетиштүү эмес деп сындады. Депутат Нилуфар Алимжанова быйыл айыл чарба техникаларын сатып алууга берилүүчү лизингдин суммасын жана оңдоо иштери жүрө турган суу каналдарынын тизмесин сурады. Депутат Жаныбек Кыдыкбаев айыл чарба багытындагы насыялардын дыйкандарга жеткиликтүүлүгүн жана банк аркылуу берүү шарттарын тактады.

Комитет төрагасы Аманкан Кенжебаев жүгөрүнүн баасын жогорулатуу боюнча экспортту көбөйтүү жагдайына жана мал-жандыктарды дарылоодо ветеринардык тармакка жетиштүү каражат бөлүү маселесине токтолду.

Связанный пост