Коом

Кыргызстанда эттин баасын негизсиз көтөргөндөргө чара көрүлөт

Кыргызстанда эттин баасын негизсиз көтөргөндөргө чара көрүлөт. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – айыл чарба министри Бакыт Төрөбаев Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматы, райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктарына жер-жерлерде (район, шаарларда) мал этинин баасын тынымсыз көзөмөлдөп туруу, эгерде мамлекеттик көзөмөл […]Читать далее

Коом

Жалал-Абад шаарындагы жогорку окуу жайларынан 2606 студент окуудан чыгарылды

УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча Башкы башкармалыгы тарабынан Жалал-Абад шаарындагы жогорку окуу жайларды текшерүүнүн жүрүшүндө окуу жараяндарына катышпаган жана өлкө аймагынан сыртта жүргөн студенттерди жасалма негизде окутуу фактылары аныкталды. Текшерүүнүн жыйынтыгында 2606 студент окуудан чыгарылды, атап айтканда: * Жалал-Абад Мамлекеттик Университетинен (ЖАМУ) – 1142 студент, анын ичинен 167 чет өлкөлүк жарандар; • К.Ш.Токтомаматов атындагы Эл аралык […]Читать далее

Укук тартиби

УКМК: Кадамжай РИИБнин кызматкерлери кармалды

Ички иштер министрлигинин тутумундагы коррупцияга каршы күрөшүү боюнча тиешелүү иш-чаралардын жүрүшүндө, КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине 2025-жылдын май жана июль айларында Кадамжай районунун аймагында 15 жаштагы КР тургуну бир нече жолу сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттерине дуушар болгондугу тууралуу маалымат келип түшкөн. Жабырлануучунун атасы кылмыш фактылары боюнча милицияга кайрылган. Тергөө амалдары Кадамжай РИИБнин тергөө кызматына жүктөлгөн. […]Читать далее

Президент

Президент Чолпон-Атада Ирандын биринчи вице-президентин кабыл алды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 15-августта Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына байкоочу катары катышуу үчүн өлкөгө келген Иран Ислам Республикасынын биринчи вице-президенти Мохаммад Реза Арефти кабыл алды. Тараптар эки жактуу күн тартибинин, ошондой эле көп тараптуу өз ара аракеттенүүнүн бир катар маселелерин талкуулашты. Мамлекет башчысы Иран менен ар тараптуу кызматташтыкты чыңдоо Кыргыз Республикасынын тышкы саясатынын […]Читать далее

Укук тартиби

Ысык-Көлдө “Криминал” аталышында атайын операция өткөрүлдү

Ысык-Көл облусунда “Криминал” аталышында атайын операциясы өткөрүлдү. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Маалыматка караганда, атайын операция уюшкан кылмыштуу топтордун мыйзамсыз иш-аракеттерине бөгөт коюу жана жоюлган уюшкан кылмыштуу топко тиешеси бар адамдардын арасында профилактикалык иш-чараларды жүргүзүү максатында жүргүзүлдү. Ыкчам иш-чаранын жүрүшүндө Ысык-Көл облусунун жергиликтүү тургундарынын ичинен уюшкан кылмыштуу топко тиешеси бар 144 адам Ички иштер министрлигинин адистештирилген […]Читать далее

Аймак

Жумгал районунда жаңы суу сактагыч курулууда

Жумгал районунда сугат сууга болгон муктаждыкты жоюу максатында көлөмү 3,2 млн куб метр болгон Түгөл-Сай сезондук суу топтоочу бассейни (БСР) курулуп жатат. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, Түгөл-Сай дарыясында суунун кору чектелүү. Сугат аянттарынын көптүгүнөн улам сугат маалында керектүү көлөмдөгү суу жетпей келген. Ошондуктан күздөн баштап жазга чейин жана […]Читать далее

Жогорку Кеңеш

Нурланбек Тургунбек уулу: Айыл чарба тармагынын өнүгүшү азык-түлүк коопсуздугун камсыздоодо

Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Москва районундагы иш сапарынын алкагында “КФХ Таштан” дыйкан чарбасынын ишмердүүлүгүнөн кабар алды. Малды асылдандыруу, тоют камсыздоонун заманбап ыкмаларын өнүктүрүү жана жаңы үлгүдөгү мал багуу жайларын салуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерди көрүп чыккан Төрага: “Кыргызстан агрардык өлкө болгондуктан, мал чарбасын жана дыйканчылыкты өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурушубуз керек. Айрыкча аталган багыттагы […]Читать далее

Жогорку Кеңеш

Жогорку Кеңештин төрагасы “Тулпар моторс” заводунун ишмердүүлүгү менен таанышты

Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу “Тулпар моторс” унаа чогултуучу заводдун ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу парламенттин билдиришти. Унааларды чогултуу этаптарын толук көрүп чыккан төрага: “Кыргызда жылкынын мыктысын тулпар деп атайт. Андыктан “Тулпар моторс” заводу атына заты төп келген мыкты унааларды чыгарып, элибизге кызмат кылат деген ишеничтемин. Ал эми мамлекет мындай өндүрүштүк жайлардын ачылышына […]Читать далее

Саясат

Кыргызстан менен Бельгиянын ортосундагы Гаага конвенциясы күчүнө кирди

Кыргызстан менен Бельгиянын ортосундагы Гаага конвенциясы күчүнө кирди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, 1961-жылдын 5-октябрындагы чет өлкөлүк расмий документтерди мыйзамдаштыруу талабын жокко чыгарган Гаага конвенциясынын жоболорун ишке ашыруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында 2025-жылдын 11-июнунда аталган Конвенция Кыргызстан менен Бельгиянын ортосунда расмий күчүнө кирди. Бельгия Кыргызстандын Конвенцияга кошулуусуна макулдугун билдирди. Апостиль коюу […]Читать далее

Министрлер кабинети

Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынынын жыйынтыгы боюнча бир катар

Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынынын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду. Тизме: Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын 2025-жылдын 14-январындагы  № 6 «Евразиялык экономикалык бирликке мүчө мамлекеттердин бажы органдарынын товарлардын классификациясы боюнча кабыл алынган алдын ала чечимдеринин жыйнагын түзүү» жалпы процессин ишке ашыруунун эрежелерин бекитүү тууралуу» токтомун жокко чыгаруу тууралуу» буйругу; «Евразия экономикалык биримдигинин алкагында […]Читать далее