Иран Ислам Республикасынын Биринчи вице-президенти Мохаммад Реза Ареф Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына байкоочу катары катышуу үчүн Кыргыз Республикасына сапар менен келди. Ирандын Биринчи вице-президенти Мохаммад Реза Арефти “Ысык-Көл” эл аралык аэропортунан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев тосуп алды. […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 14-августта өлкөгө биринчи расмий сапар менен келген Россия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустинди кабыл алды. Кыргыз-россия мамилелеринин актуалдуу маселелери, товар жүгүртүүнү көбөйтүү чаралары, инвестициялык өз ара аракеттенүү келечеги, ошондой эле билим берүү, маданий жана гуманитардык байланыштарды өнүктүрүү талкууланды. Мамлекет башчысы мамлекеттер аралык өз ара аракеттенүүнүн бардык деңгээлдеринде Кыргызстан менен Россияны союздаштык байланыштарды […]Читать далее
Кыргызстандын Соода өкүлчүлүгү Өзбекстандын Инвестициялар, өнөр жай жана соода министрлигинин департамент башчысы Эрвин Тургунов менен жолугушууда эки тараптуу товар жүгүртүүнүнун олуттуу маселелерин талкулашты, деп маалымдайт өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы. Тараптар Кыргызстан жана Өзбекстан өкмөт башчыларынын орун басарлары жетектеген жумушчу топ жыйындарын даярдоо, эки тараптуу товар жүгүртүүнү 2 млрд долларга жеткирүү маселелерин талкуулашты. Ошондой эле “Интергласс” […]Читать далее
Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына байкоочу катары катышуу үчүн Кыргызстанга сапар менен келди. Ариповду “Ысык-Көл” эл аралык аэропортунан министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев тосуп алды. Белгилей кетсек, Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин премьер-министрлеринин жана Биримдикке байкоочу мамлекеттердин […]Читать далее
Чолпон-Ата шаарындагы №2 мамлекеттик резиденциясында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин тар курамынын жыйыны болуп өттү. Жыйындын башталышынын алдында делегация башчылары биргелешип сүрөткө түшүштү. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жыйындын катышуучуларын жылуу тосуп алып, кезектеги жыйындын алкагында кабыл алынган чечимдер Союздун алкагындагы интеграциялык процесстердин өнүгүшүнө оң таасирин тийгизип, экономиканын өсүшүн жана калктын жыргалчылыгын жогорулатаарына ишеним билдирди. Кеңейтилген […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койду. Мыйзам 2025-жылдын 26-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Мыйзам Кыргызстанда эркин экономикалык зоналарды (мындан ары – ЭЭЗ) түзүүнү жана жоюуну укуктук жөнгө салууну өркүндөтүү максатында даярдалган. Сунушталган мыйзам менен аларга ылайык ЭЭЗ министрлер кабинетинин чечими боюнча түзүлө […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Сыдыкова Лира Эсенгуловна Кыргызстандын Түркиянын Стамбул шаарындагы башкы консулу кызмат ордунан бошотулду. Президенттин башка жарлыгы менен бул кызматка Токтобеков Чынгыз Токтобекович дайындалды.Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев өлкөгө расмий сапар менен келген Россия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин менен жолугушту. Министрлер кабинетинин башчысы Россия өкмөтүнүн төрагасын жана Россия делегациясынын мүчөлөрүн Борбор Азиянын бермети болгон Ысык-Көл жээгинде жылуу тосуп алып, Россия өкмөтүнүн төрагасынын Кыргызстанга расмий сапары 2016-жылдан бери биринчи жолу болуп жатканын белгиледи. “Сиздин сапарыңыз өлкөлөрүбүздүн ортосундагы түбөлүк достук, […]Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев менен Россия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустиндин расмий жолугушуу аземи Чолпон-Ата шаарындагы “Рух Ордо” маданий борборунда өттү. “Рух Ордо” маданий борборунун флагштокторуна Кыргызстан жана Россиянын мамлекеттик желектери илинип, Ардактуу кароол тизилди. Өкмөт башчылар учурашкандан соң, эки өлкөнүн гимндери жаңырып, андан кийин жүрүш жасалды. Салтанаттын жүрүшүндө өкмөт башчылар тууга таазим кылышты. Россия […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө” мыйзамга кол койду. Мыйзам 2025-жылдын 26-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Мыйзам улуттук жана чет өлкөлүк инвесторлор тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагында тике инвестицияларды жүзөгө ашырууда келип чыгуучу укуктук мамилелерди жөнгө салуу максатында даярдалган. Мыйзам мамлекеттин инвестициялык саясатынын принциптерин белгилейт, инвесторлордун укуктарын камсыз кылуунун кепилдиктерин, ошондой эле алардын кызыкчылыктарын […]Читать далее