Коом

Бүгүндөн тартып баланы мектепке кеч каттоо башталды

Бүгүн, 18-августан 30-сентябрга чейин “Электрондук каттоо” автоматташтырылган маалыматтык системасында кеч каттоо жүргүзүлөт. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти. Ведомствонун маалыматына ылайык, эми “Каттоону жокко чыгаруу” баскычы кайрадан иштетилет. Эгер зарылчылык жаралса, ата-энелер мурунку каттоону жокко чыгарып, баланы бош орун бар башка мектепке кайра каттай алат. Кеч каттоо аяктаганга (30-сентябрга) чейин балдарын каттоого жетишпей калган ата-энелер кийинки […]Читать далее

Аймак

Дайырбек Орунбеков Балыкчы шаарындагы өзгөрүүлөрдү тизмектеги

Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасы аркылуу Балыкчы шаарындагы чоң өзгөрүүлөр башталганын билдирди. Анын айтымында, Балыкчы шаары – туризмдин жүрөгү болгон керемет Ысык-Көлдүн босогосу. “Чолпон-Атадагы Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынынан кайтып келе жатып, Балыкчыга токтоп өттүм. Шаарда чоң өзгөрүүлөр башталыптыр. Мурда кире беришинде арка бар эле, кире бергендеги өтмөк тар, […]Читать далее

Экономика

Кыргызстанда орточо айлык акы 42 миң сомдон ашты

2025-жылдын январь-июнь айларында бир кызматкердин орточо айлык номиналдык эмгек акысы чакан ишканаларды эске албаганда 42 миң 20 сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди. Маалыматка ылайык, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 19,6 пайызга көп. Керектөө бааларынын индексин эске алганда реалдуу эмгек акынын өлчөмү 11,5 пайызга өскөн. 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгында орточо айлык номиналдык […]Читать далее

Укук тартиби

Кыргызстанда бир жумада 290 мас айдоочу аныкталды

Алдын ала маалымат боюнча, 11-августтан  17-августка чейин 22 294 жол эрежесин бузуу фактылары аныкталды. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, анын ичинен: тийиштүү документтери жок унаа башкаруу – 893; мас абалында унаа башкаруу – 290; унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу – 170; жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар – 845; транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу […]Читать далее

Коом

Кыргызстан менен Өзбекстан пенсиялык төлөмдөрдүн тартибин макулдашты

Кыргызстан Социалдык фондунун төраганын орун басары Гүлмира Жуматаева жана Өзбекстандын Пенсиондук фондунун директору Мурадбек Атажанов жетектеген делегациялар Ташкентте жарандарга пенсия төлөө механизмин алдын ала макулдашты, — деп маалымдады өзбек ведомствосунун басма сөз кызматы. Жолугушууда социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо боюнча өкмөттөр аралык келишимдин долбоору каралып, улуттук мыйзамдардын өзгөчөлүктөрү эске алынды. Келишим Кыргызстан менен Өзбекстандын жарандарына […]Читать далее

Аймак

Жалал-Абад шаарында жаңы асфальтталган эки көчө пайдаланууга берилди

Күн мурун Жалал-Абад шаарынын Жеңи-Жок көчөсү жана Мадияров көчөсүнүн бир бөлүгү пайдаланууга берилди. Муниципалитеттен билдиришкендей, көчөлөрдүн ачылуу аземине шаар мэри Эрнисбек Ормоков, шаардык кеңештин депутаттары жана шаар тургундары катышты. Аталган көчөлөрдү реконструкциялоого республикалык бюджеттен 98 млн 743 миң сом жумшалды. Жеңи-Жок көчөсүнүн узундугу 1243 метр, туурасы 14 метрди түзөт. Ал эми Мадияров көчөсүнүн узундугу 243 […]Читать далее

Маданият

“Рух Ордо” борборунда “Ысык-Көлдүн жээгиндеги балет кечелери” өттү

15-16-августта “Рух Ордо” маданий борборунда “Ысык-Көлдүн жээгиндеги балет кечелери” өттү. Маданий иш-чара биринчи айым Айгүл Жапарованын колдоосу менен Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан уюштурулду. Максаты балетти жайылтуу жана аймактын туристтик потенциалын көрсөтүү болуп саналат. Катышуучулар А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрынын алдынкы солисттери Даяна Кыдыралиева, Айдана Галиева, Айпери Турусбекова, Саади Иманкулов, […]Читать далее

Аймак

Аламүдүндө асфальт чыгарган заводдун иши токтотулду

Аламүдүн районунун Баш-Кара-Суу айылындагы асфальт чыгарган заводдун иши токтотулду. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти. Буга чейин Курулуш министрлиги тарабынан Таш-Дөбө айылына төшөлгөн жаңы асфальт текшерилип, сапаты төмөн экендиги аныкталган. Мындан улам асфальт чыгарган “Ысык-Көл дорстрой” ЖЧК текшерилди. Текшерүүнүн жүрүшүндө заводдон өндүрүлүп жаткан продукциянын курамы, техникасы, шайкештик сертификаттары каралды. Жыйынтыгында […]Читать далее

Президент

Келгиле табиятыбызды таза сактайлы. Президент кыргызстандыктарга кайрылуу жасады

Президент Садыр Жапаров өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына видео жүктөп, кыргызстандыктарды табиятты таза сактоого чакырды. “Бүгүн дем алыш күнү Ысык-Көлдүн жээгин жөө кыдырып келдим. Болгону бир километр жээкти видео тасмага тартып алдым. Өзүңүздөр көрүп тургандай бир метр таза жер жок. Жээктин баары таштандыга толуп кеткен. Анысы аз келгенсип автомашиналар менен көлгө чейин кирип алышкан. Көлдүн жээгине […]Читать далее

Министрлер кабинети

Түп районунда реабилитациялык борбордун курулушу башталды

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн заманбап реабилитациялык борбордун курулушуна капсула салуу аземине катышты. Иш-чарада сүйлөгөн сөзүндө минкаб башчысы капсула салуу жарандардын аярлуу катмарын колдоого багытталган маанилүү социалдык долбоордун башталышынын символу экенин белгиледи. “Бүгүн биз майыптар үчүн заманбап реабилитациялык борбордун курулушун расмий түрдө баштайбыз. Бул өзгөчө колдоого муктаж адамдарга боорукердикке […]Читать далее