Коом

Кубанычбек Бөкөнтаев Россияда ур-токмокко кабылган кыргызстандыктардын ишин адилеттүү кароону суранды

Күн мурун элчи Кубанычбек Бөкөнтаев Кыргызстандын Жогорку Кеңеши менен Россиянын Федералдык Жыйынынын ортосундагы кызматташуу боюнча Парламенттер аралык комиссиясынын тең төрагасы – Мамлекеттик Думанын депутаты Дмитрий Кобылкин менен жолугушту. Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстандын жарандарынын Россияда жүрүүсүнүн миграциялык чөйрөдөгү жаңы мыйзам демилгелеринин контекстиндеги актуалдуу маселелерге өзгөчө көңүл бурушту. Элчи Бөкөнтаев 11-апрелдеги Москва шаарындагы […]Читать далее

Экономика

Былтыр финансы секторунун уюмдарынын пайдасы эки эсе көбөйдү

2024-жылы экономиканын финансы секторунда 626 уюм, анын ичинде Улуттук банк, 21 коммерциялык банк, 586 банктык эмес финансылык-кредиттик уюм, 16 камсыздандыруу компаниясы жана эки инвестициялык фонд ишмердигин жүргүзүштү. 2024-жылы экономиканын финансы секторундагы уюмдардын кирешелеринин көлөмү 2023-жылга салыштырмалуу 1,6 эсеге көбөйүп, дээрлик 199 млрд. сомго жетти, бул банк секторунун кирешелеринин өсүүсү менен камсыздалды. Экономиканын финансы секторундагы уюмдардын […]Читать далее

Коом

Санариптештирүү иш жүзүндө: «Мой свет» тиркемесин 3 миллиондон ашык колдонуучулар

Акыркы жылдары Кыргызстанда энергетика тармагындагы санариптештирүү жана автоматташтыруу багыты активдүү ишке ашырылып жатат. Бул жааттагы негизги жетишкендиктердин бири – керектөөчүлөргө кызмат көрсөтүү жана электр энергиясы менен камсыздоону санариптештирүү максатында «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКсы тарабынан ишке киргизилген «Мой Свет» мобилдик тиркемеси болуп саналат. «Мой свет» тиркемесин тиричилик керектөөчүлөр колдонушат жана электр энергиясы менен камсыздоо кызматтарынын […]Читать далее

Аймак

Жалал-Абадда мыйзамсыз жер берүүдөн мамлекетке 297,4 млн сом зыян келтирилген

Жалал-Абадда мыйзамсыз жер берүү фактылары боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка караганда, Жалал-Абад облустук прокуратурасы тарабынан Базар-Коргон районундагы Акман (мурдагы Бешик-Жон) айыл өкмөтүндө жер мыйзамдарынын талаптарынын аткарылышы боюнча текшерүү жүргузүлгөн. Анын алкагында 2019–2022-жылдары турак жай куруу үчүн жер тилкелерин берүүдө туруктуу коррупциялык схема орун алып, мамлекетке 297,4 млн сомдон ашуун өзгөчө […]Читать далее

Министрлер кабинети

Данияр Амангелдиев Кыргызстанда инновацияларды жана ойлоп табууларды стимулдаштыруу боюнча конференцияга

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев “Кыргыз Республикасында ойлоп табуучулук жана инновациялык ишмердүүлүктү стимулдаштыруу жана активдештирүү” эл аралык конференциясына катышты. Данияр Амангелдиев өз сөзүндө Кыргызстан интеллектуалдык менчикти экономикалык өсүштүн жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү жогорулатуунун негизги фактору катары карап, өлкөнүн илимий жана чыгармачылык потенциалын активдештирүүгө умтулуп жатканын белгиледи. Ал интеллектуалдык менчикти коргоого өзгөчө […]Читать далее

Экономика

Салык кызматы айрым ишкерлерди Бирдиктүү салык декларациясын тапшыруудан бошотту

2025-жылдын 16-апрелинен тартып Салык кызматы айрым жеке ишкерлерди жана патент менен иштеген жарандарды Бирдиктүү салык декларациясын (БСД) тапшыруудан бошотуу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков билдирди. Маалыматка ылайык, бошотуу төмөнкү жарандарга тиешелүү болот: – 0%, 0,1%, 0,5% жана 1% бирдиктүү салык ставкалары менен базарларда соода жана фермердик чарба […]Читать далее

Дүйнөдө

Шавкат Мирзиёев Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун маанисин

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев кечээ Анжиян облусунда өткөргөн жыйында Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун аймак үчүн өзгөчө мааниге ээ экендиги белгиленди, деп билдирет өлкө башчынын басма сөз кызматы. Анын айтымында, бул багыт жүктөрдү жеткирүү мөөнөтүн бир жумага кыскартып, аралыкты миң чакырымга чейин азайтат. Мамлекет башчысы темир жол ишке кирсе, ташуулар он эсеге чейин […]Читать далее

Кадр саясаты

Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы алмашты

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, КР Конституциясынын 71-беренеси жетекчиликке алынып, президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Азымбакиев Муратбек Абакирович башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызмат ордунан бошотулду. Ошол эле учурда, Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, КР Конституциясынын 71-беренеси жетекчиликке алынып, Абдумуталип Сагынбек президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы кызматына дайындалды.Читать далее

Жогорку Кеңеш

Төрага Нурланбек Тургунбек уулу КМШ ПААнын Кеңешинин жыйынына катышты

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Россия Федерациясынын Санкт-Петербург шаарындагы Таврия сарайында уюштурулган Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын (КМШ ПАА) Кеңешинин кезектеги жыйынына катышты. Жыйында Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн алакаларын арттыруу багытындагы чечимдерди ишке ашыруу тууралуу сөз болуп, анын ичинен парламенттер аралык кызматташтыкка тиешелүү маселелер талкууланды. Тагыраагы […]Читать далее

Туризм

Быйыл өлкөгө келген туристтердин санын 10 миллионго жеткирүү пландалууда

Быйылкы туристтик сезондо Кыргызстанга келген туристтердин санын 10 миллионго жеткирүү пландалууда. Бул тууралуу Туризм департаментинин директору Эрденет Касымов “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди. Анын айтымында, 2024-жылы өлкөгө 9 миллионго жакын турист келип, 1 млрд доллардан ашык акча каражат калтырган. “Быйыл жайкы туристтик сезон май айында башталат. Жакында минкаб төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун төрагалыгы астында […]Читать далее