Коом

Бишкекте бүгүнтөн тарта ысык суу өчүрүлдү

Бишкек шаарында 21-апрелден 31-майга чейин ысык суу өчүрүлүүдө. Тиешелүү буйрукка Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев кол койгон. Муниципалитеттен билдиришкендей, суу жыл сайын профилактикалык иштерин жана жылуулук жабдууларын, отканаларды, жылуулук тармактарын, жылуулук керектөө системаларын жылытуу мезгилине сапаттуу жана өз убагында даярдоону камсыз кылуу үчүн өчүрүлүп келет.Читать далее

Коом

Айгүл Жапарова Бишкекте өткөн эл аралык санариптик форумга катышты

Күн мурун биринчи айым Айгүл Жапарова “Санарип көндүмдөрү баары үчүн: жаңы жүздөр” эл аралык форумуна катышты. Форум санариптик доордо бирдей мүмкүнчүлүктөр тууралуу ачык диалог аянтчасы болуп калды. Анын максаты – санариптештирүү кандайча туруктуу өнүгүүнүн кыймылдаткычы катары кызмат кыла аларын көрсөтүү, Борбор Азиядагы аялдар менен жаштардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү. Иш-чарага жасалма интеллект, санариптик каржылоо, STEM билим берүү, […]Читать далее

Спорт

Кыргызстандын бокс боюнча курамасы АКШдагы эл аралык мелдеште 4 алтын

Кыргызстандын бокс боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Американын Колорадо штатынын Пуэбло шаарында өткөн эл аралык ачык мелдеште 6 медаль – 4 алтын, 1 күмүш, 1 коло жеңишти. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти. Алтын медалын ээлери: 50 кг Анвар Ходжиев; 55 кг Зафарбек Камилов; 60 кг Мунарбек Сейитбек уулу; 70 кг Ихтияр […]Читать далее

Министрлер кабинети

Адылбек Касымалиев Эл аралык валюта фондунун жана Дүйнөлүк банктын жазгы

Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Эл аралык валюта фондунун (ЭВФ) жана Дүйнөлүк банк тобунун жазгы жолугушууларына катышуу үчүн жумуш сапары менен Вашингтонго (Америка Кошмо Штаттары) келди. Сапардын программасына Дүйнөлүк банктын жетекчилиги менен, атап айтканда, операциялар боюнча башкаруучу директору Анна Бьерде жана Европа жана Борбордук Азия боюнча вице-президент Антонелла Бассани менен жолугушуулар […]Читать далее

Президент

Президент Садыр Жапаров эс алуу күнүн Ала-Арчада өткөрдү

19-апрелде президент Садыр Жапаров жубайы Айгүл Жапарова менен бирге Ала-Арча мамлекеттик жаратылыш паркына барып, жарандар менен катар жаратылышта эс алды. Президенттин Иш башкармалыгынан билдиришкендей, өлкө башчысы жубайы менен парк аймагында жайгашкан ресторанда түштөнүп, эс алып жаткан жарандар менен жылуу маектешти. Социалдык тармактарга тараган кадрларда эл менен жөнөкөй, жылуу мамиледе болгону жана жаратылышка болгон кызыгуусу байкалат. […]Читать далее

Укук тартиби

Тилекмат Куренов БАЭден Бишкекке алып келинди

Тилекмат Кудайберген уулу Бишкекке алып келинди. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди. Атайын кызмат тарабынан ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында бүгүн, 19-апрелде конституциялык түзүлүштүн негиздерине каршы бир катар оор кылмыштарды жасаган деп шектелген, эл аралык издөөдө жүргөн Кыргызстандын жараны Тилекмат Кудайберген уулу Бириккен Араб Эмираттарынан кармалып, Кыргызстанга жеткирилди. Тактап айтканда, Тилекмат Кудайберген уулу республиканын чегинен сырткары […]Читать далее

Аймак

Камчыбек Ташиев Жалал-Абадда милиция кызматкерлерине жаңы кызматтык автоунаалар тапшырды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы, генерал-полковник Камчыбек Ташиев, аймактардын географиялык өзгөчөлүктөрүн, шаар жана райондордун кызматтык муктаждыктарын эске алуу менен Жалал-Абад облусундагы Ички иштер бөлүмдөрүнө жаңы кызматтык автоунааларды тапшырды. Жалпысынан 2025-жылы чыгарылган 20 кызматтык автоунаа, анын ичинде “Chevrolet Cobalt”, “Sunray ESC” жана “JAC 4WD” үлгүсүндөгү унаалар, тийиштүү бөлүмдөргө берилип, алардын ыкчам ишмердигине олуттуу көмөк көрсөтүлдү. […]Читать далее

Президент

Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин директору

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 5-пунктуна, 71-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Сатывалдиев Асылбек Владимирович ээлеген кызмат ордунан бошотулду.   Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 5-пунктуна, […]Читать далее

Министрлер кабинети

КР Президентинин Администрациясы мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн бирдиктүү корпоративдик

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясында мамлекеттик кызматкерлердин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу жана башкаруу процесстерин оптималдаштыруу максатында иштелип чыккан бирдиктүү корпоративдик маалымат системасы ишке киргизилет. Бул тууралуу бүгүн Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиевдин төрагалыгы алдында өткөн президенттик администрациясынын жыйынында белгилүү болду. Жыйындын жүрүшүндө Президенттик Администрациянын Кырдаалдык борбору «Корпоративдик порталдын» жаңы маалымат системасынын […]Читать далее

Экономика

Жыл башынан бери өлкөдө тирүүлөй салмакта 98,4 миң тонна эт

2025-жылдын отчеттук мезгилинде республикада бардык категориялардагы чарбаларында тирүүлөй салмакта 98,4 миң тонна эт өндүрүлдү. Бул мурунку жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2582 тоннага же 2,7-пайызга эт көбүрөөк өндүрүлгөнүн көрсөтүп турат. Эт өндүрүүнүн көбөйүшү республиканын бардык облустарындагы чарбаларда байкалууда, негизи малдын жана үй канаттуларынын санынын өсүшү менен байланыштуу. Республикадагы мал санактын 2024-жылдын аягына карата жыйынтыгы боюнча маалыматына […]Читать далее