Бүгүн Ноокат районунун Алмалык айылында заманбап 150 орундуу жаңы мектеп пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Салтанаттуу ачылыш аземине президенттин өкүлү Элчибек Жантаев жана Жогорку Кеңештин депутаты Советбек Рустамбек уулу катышып, жергиликтүү тургундарды жана окуучуларды билим уясынын ачылышы менен куттукташты. Эки кабаттуу мектеп имараты заманбап билим берүүгө ылайыкталып, бардык керектүү шарттар менен […]Читать далее
2025-жылдын мартында мурунку айга салыштырмалуу ЕАЭБге мүчө бардык өлкөлөрдө керектөө бааларынын жана тарифтеринин жогорулашы катталды. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттен билдиришти. Маалыматка караганда, Кыргызстанда баанын өсүшү (0,2 пайызга) белгиленди, бул азык-түлүк товарларына баалардын 0,2 пайызга өсүшү менен шартталган. 2025-жылдын мартында 2024-жылдын декабрына салыштырмалуу экономиканын керектөө секторунда инфляциянын эң жогорку деңгээли (3,9 пайыз) Казахстанда катталган, бул […]Читать далее
Нарын шаарындагы Ала-Тоо стадиону толугу менен реконструкцияланып, заманбап 5 миң орундуу спорттук комплекске айланат. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, долбоорду даярдоо үчүн шаардык бюджеттин эсебинен 2 млн 300 миң сом бөлүнүп берилди. Долбоордун алкагында төмөнкү иштер жасалат: 5000 орундуу заманбап трибуналар; жамгырдан жана күндөн коргой турган жабуу; эл аралык стандарттагы футбол талаасы; жөө […]Читать далее
Ош шаарындагы жаңы муниципалдык базардын ачылышына карата даярдык иштери аяктоодо. Мэриядан билдиришкендей, учурда базарга кирүүчү жолдор, унаа токтотуучу жайлар асфальтталып, трансформаторлор орнотулду. Ошондой эле 80 орундуу, душ кабиналары менен жабдылган дааратканалардын бири бүткөрүлүүдө. Мындан тышкары, коомдук тамактануучу жайларды уюштуруу, өрт коопсуздугун сактоо максатында гидранттарды орнотуу, базардын ички аймагын иретке келтирүү иштери жүргүзүлүп жатат. Эске салсак, […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө” КР конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” КР конституциялык мыйзамына кол койду. Конституциялык мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2025-жылдын 20-мартында кабыл алынган. Конституциялык мыйзамдын максаты улуттук санарип валюта «санарип сом» пилоттук долбоорун ишке киргизүү, ошондой эле анын укуктук негизин жана статусун түзүү болуп саналат. Конституциялык мыйзамда Кыргызстандын Улуттук банкынын […]Читать далее
Өзбекстан Кыргызстан менен чек арада соода жана өнөр жай багытындагы эркин аймактарды түзүүнү көздөөдө. Бул тууралуу кечээ Анжиян облусунда өткөн жыйында президент Шавкат Мирзиёев билдиргенин өлкө башчысынын басма сөз кызматы маалымдады. Мирзиёевдин айтымында, жыл сайын Анжиян облусунан Кыргызстанга болжол менен 200 млн долларлык товар экспорттолот. Бул агымды мындан ары да кеңейтүү максатында Өзбекстан чек арага […]Читать далее
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 15-апрелде Жогорку Кеңешинин жыйынында төраганын орун басары Нурбек Сыдыгалиевдин айткандары боюнча текшерүү жүргүздү. Атайын кызматтан билдиришкендей, ал “Мегаком” компаниясынын экс-башчысы Акылбек Жамангуловдун кылмыш ишин куугунтуктоону токтотууда прокуратура органдары тарабынан коррупциялык көрүнүштөр орун алганын айткан. Мурдагы башкы прокурор К.Зулушевдин, “Мегаком” компаниясынын мурдагы жетекчиси А.Жамангулов жана башка адамдардын катышуусунда жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгы менен […]Читать далее
Учурда өлкөнүн Баткен, Ош, Чүй жана Жалал-Абад облустарында жазгы талаачылык жумуштары активдүү уланууда. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, бүгүнкү күндө жалпы 193,3 миң га жерде айдап-себүү иштери жүргүзүлдү. Анын ичинен буудай – 52,3 миң га себилип, жалпы пландын 50,8 % түздү. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 4,9 миң га көп себилди. […]Читать далее
Жалал-Абад шаарынын “Береке” базарынан мыйзамсыз тамеки продукциялары аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти. Тактап айтканда, базардагы соода түйүндөрүнүн биринен жалпы суммасы 200 миң 200 сомдон ашкан 1 820 куту тамеки продукциялары тартып алынды. Продукциянын акциздик маркасы жана тиешелүү коштоочу документтери болгон эмес. Бул факты боюнча жеринде КРнын мыйзамдарына ылайык баштапкы процессуалдык документтер таризделип, материалдар […]Читать далее
Кыргызстандын элчиси Омар Султанов Швейцариянын Bartholet Maschinenbau AG компаниясынын президенти Маркус Менци жана тең-президенти Матиас Майер менен жолугушту. Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, жолугушууда Бишкек шаарында жүргүнчү ташуучу асма жол куруу долбоорунун жүрүшү жана келечеги тууралуу сөз болду. Долбоор экологиялык жактан таза экени жана өлкөнүн борбор калаасындагы аба булгануусуна каршы күрөшүүгө чоң салым кошоору, ошондой эле […]Читать далее