Ош мамлекеттик университетинин медициналык клиникасында 17-октябрь күнү кезектеги бөйрөк алмаштыруу операциясы ийгиликтүү жасалды. Бул тууралуу окуу жайдан билдиришти. Таш-Көмүр шаарынын тургуну 45 жаштагы аялга 71 жаштагы апасы донор болуп, бир бөйрөгүн берди. Бүгүн ректор Кудайберди Кожобеков бейтаптын абалынан жана дарыгерлердин ишмердүүлүнөн кабар алды. Операция заманбап лазердик ыкма менен кошумча хирургиялык кесүүсүз жүргүзүлүп, бейтаптардын организмине мүмкүн […]Читать далее
Касымалиев Кыргызстандын Бавария жана Тюрингиядагы консулу менен кызматташтыкты талкуулады
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Кыргызстандын Бавария жана Тюрингиядагы Ардактуу башкы консулу, кыргыз-герман Ишкердик кеңешинин герман тарабынан тең төрагасынын орун басары Райнхольд Крэммел менен жолугушту. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар кыргыз-герман кызматташтыгынын учурдагы абалын жана келечегин, ошондой эле 2025-жылдын ноябрь айынын аягында Берлин шаарында өтө турган бизнес-форумга жана Ишкердик кеңештин жыйынына даярдык көрүү маселелерин талкуулашты. Адылбек Касымалиев […]Читать далее
Кыргызстанда бир жылда 20 тоннадан ашык алтын казылып алынат, деп билдирди жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Алишер Калилов. Анын айтымында, алтын өлкөнүн тоо-кен тармагынын негизги локомотиви болуп саналат. Кыргызстанда 14 тоо-кен ишканасы тогуз негизги алтын кенин иштетет – алар: Кумтөр, Макмал, Солтон-Сары, Жерүй, Тереккан, Иштамберди, Жамгыр, Караказык жана Талды-Булак Сол жээк. […]Читать далее
Тоо-кен тармагы Кыргызстандын ички дүң продукциясынын 9,5 пайызын түзөт, деп билдирди Дүйнөлүк банктын маалыматтарды чогултуу боюнча консультанты Аркадий Рогальский. Ал инвестициялардын 41,2 пайызы тоо-кен тармагына туура келерин жана бул тармак өнөр жайдын көлөмүнүн 56,5 пайызын ээлей турганын белгиледи. Рогальскийдин айтымында, Кыргызстанда Тоо-кен тармагынын ачыктыгы боюнча демилгенин тарыхы 2004-жылдан башталып, 2010-жылдагы өкмөттүн токтомунун негизинде жүргүзүлүп келет. […]Читать далее
Министрлер кабинети психологиялык-медициналык-педагогикалык консультация жөнүндө типтүү жобону бекитти. Кабыл алынган токтом акыл-эсинин жана дене боюнун өнүгүүсүндө бузулуулары бар балдар, ошондой эле оор оорулары бар балдар үчүн жалпы билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу, аларды окутуу үчүн шарттарды түзүү жана зарыл болгон психологиялык-педагогикалык, медициналык жана социалдык колдоону көрсөтүү максатында иштелип чыккан. Типтүү жобону кабыл aлуу КР Конституциясында […]Читать далее
Панфилов районунун Кайыңды шаарындагы мыйзамсыз менчиктештирилген бала бакча жана маданият үйү мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Атайын кызмат тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө Кайыңды шаарындагы бала бакча жана маданият үйү мыйзамсыз менчиктештирилгендиги аныкталган. Буга чейин 1999-жылы Кайыңды шаарындагы бала бакча жана маданият үйү мыйзамсыз түрдө А.В.Ш. аттуу жаранга өткөрүлүп берилгени такталган. Жүргүзүлгөн текшерүү иш-чараларынын жүрүшүндө […]Читать далее
2025-жылдын сентябрында өткөн айга салыштырмалуу ЕАЭБге мүчө бардык өлкөлөрдө керектөө бааларынын жана тарифтеринин жогорулашы байкалган. Улуттук статистика комитетинен билдиришкендей, Кыргызстанда баалар 0,4 пайызга өскөнү белгиленди. 2025-жылдын сентябрында 2024-жылдын декабрына салыштырмалуу экономиканын керектөө секторунда инфляциянын эң жогорку деңгээли (10,0 пайыз) Казахстан Республикасында катталган, бул баанын азык-түлүк товарларга (9,9 пайызга), азык-түлүк эмес товарларга (8,0 пайызга), ошондой эле […]Читать далее
Мамлекеттик ипотекалык компания курган “Мурас” турак комплексиндеги турак жайлардын биринчи кабатында окуу класстары ачылды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, филиал президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы боюнча Бишкек мэриясынын координациясы менен шаардагы мектептердин ашыкча толуп кетишин азайтуу максатында ачылды. Турак үйлөрдүн биринчи кабаттарында окуу класстарынын уюштурулушу жаңы мектептер курулгучакты жакынкы билим уяларындагы жүктү азайтууга мүмкүндүк берет. […]Читать далее
Кыргызстандын экономикасы өсүү темпин жогорулатууну улантууда. Евразия өнүктүрүү банкынын макроэкономикалык обзорунда белгиленгендей, үстүбүздөгү жылдын январь-сентябрь айларында ИДП 10%га өстү. ЕАӨБ аналитиктери динамиканын көбү ички факторлор менен камсыздалганын белгилешти: инвестициялардын көлөмү 18,8%га, ички соода 10,9%га өстү. Туруктуу өсүштүн башка факторлору – мамлекеттик программаны ишке ашыруу менен колдоого алынган инвестициялык түрткү жана акча которуулардын көбөйүшү (2025-жылдын январь-июль […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров “Эл аралык эмгек уюмунун 1997-жылдын 3-июнунда Женева шаарында кабыл алынган Иш менен камсыз кылуу жеке агенттиктери жөнүндө № 181 конвенциясын ратификациялоо тууралуу” КР мыйзамына кол койду. Мыйзам 2025-жылдын 25-сентябрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Жогоруда аталган Конвенция ишке орноштуруу жаатындагы эл аралык укуктун негиз салуучу документтеринин бири болуп саналат. Конвенцияны ратификациялоо иш […]Читать далее