Аймак

Ошто муниципалдык жана аймактык башкармалыктарга унаалар берилди

Ош шаарындагы муниципалдык жана айылдык аймактык башкармалыктардын башчыларына кызматтык унаалар берилди. Мэриядан билдиришкендей, ачкычтарды мэр Жеңишбек Токторбаев тапшырып, жетекчилерге мындан ары да жигердүү иштөө зарылдыгын белгиледи. Бул унаалар мэриянын бюджетинин эсебинен алынды. Эскерте кетсек, Ош шаарында жалпы 6 муниципалдык аймактык башкармалык, 3 айылдык аймактык башкармалык бар.Читать далее

Коом

Кытайдан ташылып келе жаткан 25 тонна картошка өлкөгө киргизилген жок

Кытайдан ташылып келе жаткан 25 тонна картошка өлкөгө киргизилген жок. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. “Эркечтам” карантиндик фитосанитардык көзөмөл өткөрүү пунктунан Кытайдан импорттолуп келе жаткан жалпы көлөмү 25 150 кг болгон продукцияны коштоп келген фитосанитардык сертификат талаптарга жооп бербегендиги аныкталган. Аталган факты боюнча, КР “Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө” […]Читать далее

Коом

Салык кызматы: 9 айда 126 кызматкер тартиптик жоопкерчиликке тартылды

Быйылкы жылдын 9 айында Мамлекеттик салык кызматынын борбордук аппаратына жарандардан жана юридикалык жактардан салык кызматкерлерине карата 181 кайрылуу түшкөн. Ведомстводон маалымдашкандай, анын ичинен 64 кайрылуу жарандардан жана салык төлөөчүлөрдөн, 38 кайрылуу укук коргоо органдарынан (УКМК, ИИМ, прокуратура органдары, РИИБ жана башка) келип түшкөн. 2025-жылдын 1-октябрына карата 162 кайрылуу каралып бүтүп, 19 кайрылуу учурда кароодо турат. […]Читать далее

Шайлоо

Шайлоого катышуу үчүн 343 талапкер БШКга арыз берди

19-октябрга карата Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу ниетин билдирип, арыз тапшыргандардын саны 343кө жетти. Бул тууралуу БШКдан билдиришти. Маалыматка караганда, арыздарды кабыл алуу 30-октябрда аяктайт. Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 30-ноябрда өтөт. Шайлоо алдындагы үгүт иштери 10-ноябрда башталат. БШКнын маалыматына ылайык, алдын ала тизмеге 4 млн 287 миңден ашык шайлоочу […]Читать далее

Министрлер кабинети

Адылбек Касымалиев “Алтын күз” жарманкеси жана “АгроТехЭкспо–2025” көргөзмөсү менен таанышты

Бүгүн, 19-октябрда министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев “Алтын күз” айыл чарба азыктарынын жарманкеси жана “АгроТехЭкспо–2025” агроөнөр жай көргөзмөсү менен таанышты. Анда иш-чаранын жүрүшү тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев жана ишкерлер маалымат беришти. Белгилей кетсек, бул жарманкелер үч күндөн бери Т. Усубалиев атындагы аянтта өткөрүлүүдө. Алтын күз майрамынын […]Читать далее

Министрлер кабинети

Касымалиев социалдык коргоо жана кесиптик бирликтер кызматкерлерин кесиптик майрамы менен

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев социалдык коргоо жана кесиптик бирликтер кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. “Урматтуу социалдык чөйрөнүн кызматкерлери! Сиздерди кесиптик майрамыңыздар – Социалдык кызматкерлер күнү жана кесиптик бирликтердин түзүлгөндүгүнүн кылымдык мааракеси менен чын жүрөктөн куттуктайм. Жарандардын жашоо шартын жакшыртуу, турмушун жеңилдетүү жолундагы сиздердин тынымсыз эмгегиңиздер жана адамдык, боордоштук менен жасаган аракетиңиздер коомубуз тарабынан терең […]Читать далее

Коом

Камчыбек Ташиев Кемин районунун тургунуна үч бөлмөлүү үйдүн ачкычын берди

Бүгүн УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Чүй облусунун Кемин районунун Кайыңды айылынын 42 жаштагы тургуну Мирбек Кадыралиевге 3 бөлмөлүү үйдүн ачкычын тапшырды. УКМКдан белгилешкендей, Мирбек Кадыралиев былтыр оор жүк ташуучу унаанын дөңгөлөгүн оңдоп жатып, жарылуудан улам бир колунан ажыраган. Буга байланыштуу иштөөгө мүмкүнчүлүгү болбой, каражат жагынан кыйынчылыктар жаралган. Үй-бүлөсү менен батирлеп жашап, жаңы тамын бүтүрүүгө шарты […]Читать далее

Спорт

Айсулуу Тыныбекова Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын элчиси болду

Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын элчиси болду. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2026-жылдын сентябрь айында Бишкектеги “Азаттык Арена” жаңы стадионунда өтөт. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары көчмөн элдердин каада-салтын жана маданиятын жайылтуу, ошондой эле маданият жана спорт жаатындагы эл аралык кызматташтыкты чыңдоо максатын көздөйт. Бул оюндар салттуу түрдө дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн буруп, туризмди, тажрыйба алмашууну, элдердин […]Читать далее

Укук тартиби

Тажикстанга мал-жандык алып өтүүгө аракет кылган кылмыштуу топ кармалды

Баткен облусундагы УКМК башкармалыгы менен Чек ара кызматынын аскер кызматкерлери жүргүзгөн ыкчам иш-чаранын натыйжасында, эт жана мал-жандыктарды контрабандалык жол менен өлкөдөн чыгарып кетүү аракети токтотулду. УКМКдан маалымдашкандай, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында трансчек аралык кылмыштуу топ инженердик тосмолорду бузуп, Тажикстанга мыйзамсыз жүк өткөрүү каналын уюштурган. Узундугу болжол менен үч метрге жеткен тосмо атайылап демонтаждалып, контрабандалык жол […]Читать далее

Экономика

Кыргызстанда кумшекердин баасы туруктуу

Учурда Кыргызстандын заводдорунда кумшекердин 1 килограммы 62,50 сомдон. Бул тууралуу “Кошой” ишканасынын директорлор кеңешинин төрагасы жана “Кайыңды-Кант” ишканасынын директорлор кеңешинин мүчөсү Алмазбек Алтыбаев билдирди. Анын айтымында, келечекте баанын төмөндөшү күтүлүүдө, бул жаңы жылдык майрамдарда салтка айланган тенденция. “Жыл сайын жаңы жылга жакын кумшекердин баасы төмөндөйт. Быйыл да ушундай баанын арзандашы күтүлүүдө. Анткени, Россия жана Беларусь […]Читать далее