“Учкун” ачык акционердик коомунун басмаканасындагы басылып жаткан 9-класстын окуу китептери жакынкы күндөрү мектептерге жеткирилет. Бул тууралуу ЖМК өкүлдөрүнүн аталган басмаканага болгон пресс-турунда белгилүү болду. Маалыматка ылайык, учурда басмаканада 3, 4, 5, 6,7, 8, 9-класстар үчүн англис тили боюнча окуу-методикалык комплекстерди басып чыгаруу иши аяктап калды. Окуу китептеринин жалпы нускасы 1,9 миллиондон ашат. 3, 4, 5, […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 27-августта, Ысык-Көл облусундагы “Барскоон – Бедел” унаа жолун өз каражаттарыбыздын эсебинен куруу долбоорун баштап берди. Иш-чаранын алдында стратегиялык автомобиль жолунун долбоордук өзгөчөлүктөрү тууралуу видеоролик көрсөтүлдү. Мамлекет башчысына унаа жол түндүктөн түштүккө карай Барскоон, Сөөк ашуулары, Кара-Сай өрөөнү жана Ашуу-Суу ашуусу аркылуу өтө турганы маалымдалды. Сөөк ашуусу аркылуу жыл бою […]Читать далее
Курулуш министрлиги тарабынан Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Ай-Көл айылында Н.Батыров орто мектебинин курулушу толук бүткөрүлдү. Мектептин курулушу 2023-жылы башталып, республикалык бюджеттен каржыланды. Тендердик баасы 106 миллион сомду түздү. Жалпы аянты 1141 чарчы метр болгон билим ордо 225 орунга ылайыкталып, эки кабатуу окуу корпусунан турат. Окуучулардын билим алуусуна бардык шарттар каралып, заманбап технологиялык жабдуулар менен […]Читать далее
Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы Россиянын жараны Жеңиш чокусунда альпинист Наталья Наговицына учураган өзгөчө кырдаалдагы кырсык боюнча тергөөгө чейинки текшерүү жүргүзүүдө. Ведомствонун маалыматына ылайык, 12-августтан бери альпинист 7 100 метр бийиктиктеги Жеңиш чокусунда бутунан жаракат алган бойдон ошол жерде калууда. Ошондой эле бир нече булактарда анын өлгөндүгү мүмкүн экендигин билдиришүүдө. Бул факты боюнча материал […]Читать далее
Жеңиш чокусунда буту жабыркап, түшө албай калган россиялык альпинист Наталья Наговицынанын абалын байкоого учкучсуз аскердик учактар да тартылган. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов социалдык тармактагы баракчасына жазды. Анын айтымында, альпинисттин кырсыктап, аскадан түшө албай калганы тууралуу кабар түшкөндөн тартып тийиштүү мамлекеттик кызматтар аны эвакуациялоо боюнча болгон аракеттерди көрүшкөн. “Анын ичинде альпинистти издөө […]Читать далее
Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Кара-Суу айылында Ш.Рысмендиев атындагы жаңы мектеп салынды. Курулуш иштери 2022-жылы башталып республикалык бюджеттен каржыланган. Тендердик баасы 119,6 миллион сомду түздү. Долбоор боюнча 375 орунга ылайыкталган мектеп эки кабаттуу окуу корпусунан, өтмө галерея жана спорт залынан турат. 1-сентябрда окуучулар жаңы мектепке барышат.Читать далее
«Кыргызалтын» ААК менен Тажикстандын тоо-кен компаниялары кызматташтык боюнча меморандумдарга кол коюшту Ведомстводон билдиришкендей, Кыргызстанга Тажикстандын премьер-министринин биринчи орун басары Х. Холикзоданын жетекчилиги алдында ири бизнес-делегация келди. Иш сапардын негизги максаты – эки тараптуу соода-экономикалык байланыштарды чыңдоо, инвестициялык мүмкүнчүлүктөр менен таанышуу жана өнөр жай чөйрөсүндө кызматташуу боюнча макулдашууларга жетишүү болду. Белгиленгендей, тажик делегациясы бир катар алдыңкы […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 27-августта, Ысык-Көл облусуна болгон жумушчу сапарынын жүрүшүндө «Кумтөр Голд Компани» ишканасында алтынды жер астынан казып алуу долбоорун баштады. Мамлекет башчысы Кумтөр алтын кенинин мамлекеттин менчигине кайтарылышы Кыргызстандын жаңылануу мезгилиндеги өзгөчө маанилүү окуялардын бири болгонун белгиледи. Ал мындан туура 3 жыл мурда 2022-жылы 23-августта Кумтөрдүн тагдыры Кыргызстан тарапка толук чечилип, […]Читать далее
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Пакистан Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Хасан Али Зайгамды Кыргызстандагы дипломатиялык миссиясынын аяктагандыгына байланыштуу кабыл алды. Эдил Байсалов Кыргыз Республикасынын жетекчилигинин атынан Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөөгө кошкон салымы үчүн, ошондой эле түрдүү чөйрөлөрдө өз ара аракеттенүүнү кеңейткендиги үчүн Элчиге ыраазычылык […]Читать далее
Мамлекеттик салык кызматы кыймылсыз мүлк салыгын төлөө мөөнөтү 2025-жылдын 1-сентябрында аяктарын маалымдайт. Ведомствонун маалыматына караганда, 2025-жылдын январь-август айларында турак жайлардан же имараттардан түшкөн салыктын суммасы 19,4 млн сомду түздү. Ал эми үй жанындагы, короо-жай жанындагы жана бак-чарба жер участокторунан 12,5 млн сом салык түшкөн. Автоматтык түрдө эсептөө модулу аркылуу салык төлөөчүлөрдүн кабинеттерине 2 млн 377 […]Читать далее