Президент Садыр Жапаров “2025-жылдын 10-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган КР министрлер кабинети менен Катар өкмөтүнүн ортосундагы Бишкек медициналык тез жардам клиникалык ооруканасынын кошумча корпусун куруу жөнүндө гранттык макулдашууну ратификациялоо тууралуу” КР мыйзамына кол койду. Мыйзам 2025-жылдын 25-сентябрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Жогоруда белгиленген гранттык макулдашуу Бишкек медициналык тез жардам клиникалык ооруканасынын кошумча корпусунун курулушун […]Читать далее
Бүгүн Будапешт шаарында Кыргыз-Венгрия cтратегиялык кеңешинин V жыйыны өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти. Жыйынга кыргыз тараптан тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев, ал эми Венгрия тарабынан тышкы экономика жана тышкы иштер министри Петер Сийярто жетекчилик кылды. Жыйындынын күн тартибине ылайык, эки өлкөнүн тышкы саясий ведомстволорунун жетекчилери кеңейтилген стратегиялык өнөктөштүк рухунда саясий, соода-экономикалык, инвестициялык жана […]Читать далее
Россия–Кыргыз өнүктүрүү фонду акыркы беш жылдын ичинде 560 млн АКШ долларына ар түрдүү долбоорлорду каржылады. Бул тууралуу аталган фонддун төрөгасы Артем Новиков “Кабар” маалымат агенттигине берген маегинде билдирди. Анын айтымында, фондго биринчи этапта капиталды тартуу үчүн 500 млн доллар бөлүнгөн. Капитал көбөйдү, каражаттарды Кыргызстан өзү башкарууда. “2020-жылга чейин долбоорлорду каржылоого бөлүнгөн акчанын эсебинен беш жыл […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров “2025-жылдын 4-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Кувейт араб экономикалык өнүктүрүү фондунун ортосундагы “Чүй, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын айылдарындагы калктуу конуштарда суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү” долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемесин даярдоону жана алдын ала иштеп чыгууну каржылоо жөнүндө гранттык макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзамга кол койду. Документ 18-сентябрда Жогорку […]Читать далее
МинКаб Төрагасы өлкө ичинде мунай продуктулары менен камсыздоо маселелери боюнча
Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев өлкөнүн ички базарын мунай продуктулары менен туруктуу камсыздоо маселелерине арналган кеңешме өткөрдү. Жыйындын жүрүшүндө Адылбек Касымалиев Министрлер Кабинети калкты жана экономиканы күйүүчү-майлоочу май менен камсыздоо маселесин өзгөчө көзөмөлгө алып жатканын белгиледи. Кеңешмеде күйүүчү-майлоочу май базарындагы учурдагы абал, жеткирүү көлөмү, алардын ички базардын керектөөлөрүнө шайкештиги […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров “Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу” КР мыйзамына кол койду. Мыйзам 2025-жылдын 24-сентябрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Бул мыйзамдын максаты Кыргыз Республикасынын нотариустары тарабынан алынуучу мамлекеттик алымдын мамлекеттин бюджетине өз убагында келип түшүүсүн, ачык-айкындыгын жана так эсебин камсыз кылуу болуп саналат. Мыйзам менен бул беренеге өзгөртүү киргизилип, […]Читать далее
Бишкек шаарында бүгүн, 17-октябрдан тарта №153 Асанбай – “Манас” эл аралык аэропорту экспресс-каттамы түнкүсүн да жүрө баштады. Мэриядан билдиришкендей, бул чечим “Жол кеңеши – 2025” алкагында кабыл алынган. Эми жүргүнчүлөр аэропортко жана кайра шаарга түн ичинде да ыңгайлуу жетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Түнкү каттамдардын убактысы: 00:00; 03:00 жана 05:00. Эскерте кетсек, автобустар экспресс болгондуктан, токтоочу […]Читать далее
Ишкерлер үчүн жылдык 8% менен берилүүчү жеңилдетилген насыялар өлкөнүн бардык аймактарында жана шаарларында кайрадан жеткиликтүү болду. Бул тууралуу Ишкердикти өнүктүрүү фондунан билдиришти. Маалыматта белгиленгендей, министрлер кабинети тарабынан 500 млн сом өлчөмүндө каражат бөлүнгөн. Аталган насыя программасы фонд аркылуу июль айынан тартып ишке ашырылууда. Бул каражаттар калктын санына жараша бардык аймактар боюнча бөлүштүрүлгөн. Ошондой эле насыяларды […]Читать далее
Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Кыргыз Республикасынын шайлоо системасын реформалоого чоң салым кошкондорго мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары – Корея Республикасынын “Miru Systems Co., Ltd” (Миру Системс) компаниясынын президенти Чон Джинбокко “Даңк” ордени, ал эми “Miru Systems Co., Ltd” (Миру Системс) компаниясынын Кыргыз Республикасындагы расмий өкүлү Шыгай […]Читать далее
“Ынтымак Ордодо” маморгандар менен элдин байланышын арттыруу маселеси талкууланды
Президенттин администрациясынын Маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков өлкөнүн мамлекеттик органдарынын басма-сөз катчылары менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушуунун күн тартибине мамлекеттик органдар менен элдин ортосундагы байланыштын натыйжалуулугун жогорулатуу, ошондой эле калкты ишенимдүү жана объективдүү маалымат менен камсыздоо маселелери кирди. Жолугушууда өзгөчө республикада болуп өткөн акыркы окуялар боюнча мамлекеттик басма-сөз кызматтары жарандарды ыкчам маалымдоо жана мындай кырдаалдарга […]Читать далее