Министрлер кабинети

Акылбек Жапаров Экономика министрлигинин 100 жылдыгына арналган конференцияга катышты

“Экономикалык керемет — 2030” стратегиясы, аны биз “Илбирстин секириги” деп да атайбыз, ал алдыдагы он жыл экономикабызды трансформациялоонун башталышы болот. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Экономика жана коммерция министрлигинин 100 жылдыгына арналган “Экономикалык кереметтин негиздери — 2030: Кыргыз илбирсинин секириги” аттуу илимий-практикалык конференцияда сүйлөгөн сөзүндө билдирди.   Ал президент Садыр Жапаровдун жана министрлер […]Читать далее

Саясат

Нурланбек Шакиев Россиянын Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакуновду кабыл алды

Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Россиянын Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакуновду кабыл алды.   Парламенттен билдиришкендей, алгач төрага Сергей Вакуновду Россиянын Кыргызстандагы элчиси болуп дайындалышы менен куттуктап, дипломатиялык ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалады.   “Мамлекеттер аралык байланыштарыбыз, айрыкча саясий жана соода-экономикалык кызматташтыгыбыз жогорку деңгээлде экени белгилүү. Андыктан, элчи катары калыптанган алакаларды арттырып, жигердүү иш алып барасыз деген […]Читать далее

Коом

Бишкекке келгендер эми эки автобекеттен жол тартат

Бүгүндөн баштап батыш автобекети ишин толугу менен токтотуп, жаңы дарекке көчүрүлдү. Мэриядан билдиришкендей, эми батыш автобекетиндеги бардык каттамдар “Бишкек автобекети” муниципалдык ишканасынын жаңы автобекетинен жөнөп баштайт. Аталган ишкана эл аралык, шаар аралык, облустук жана шаар четиндеги каттамдарды тейлейт. Учурда шаардыктарга жана борбор калаанын конокторуна ыңгайлуу болуусу үчүн, батыш автобекетинен “Бишкек автобекети” муниципалдык ишканасынын жаңы автобекетине […]Читать далее

Аймак

Жалал-Абад шаарында мектеп жана бала бакчалардын кышка даярдыгы текшерилди

Жалал-Абад шаарында мектеп жана бала бакчалардын кышка даярдыгы текшерилди. Муниципалитеттен билдиришкендей, Жалал-Абад шаарынын мэринин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова баштаган комиссия административдик-аймактык реформанын алкагында Сузак районунан Жалал-Абад шаарына кошулган 8 мектеп жана 2 бала бакчанын кышка карата даярдыгын, санитардык абалын, балдарга берилип жаткан тамак-аштын сапатын текшерди. Текшерүүнүн жүрүшүндө билим берүү мекемелеринде аныкталган бир катар кемчиликтер аныкталып, […]Читать далее

Президент

Садыр Жапаров иш сапары менен Татарстанга жөнөп кетти

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 23-октябрда, XVI БРИКС саммитинин мамлекет башчыларынын жыйынына катышуу үчүн иш сапары менен Татарстандын Казань шаарына жөнөп кетти.   Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамындагылар:   – президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;   – тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;   – Кыргызстандын Россиядагы элчиси Кубанычбек Бөкөнтаев.   Эскерте кетсек, алдыдагы […]Читать далее

Жогорку Кеңеш

Жогорку Кеңеш “Каркыра” өткөрүү пунктунун иштөө режимин өзгөртүүгө макулдук берди

Жогорку Кеңештин жыйынында “2024-жылдын 19-апрелинде Астана шаарында кол коюлган 2003-жылдын 25-декабрындагы Кыргызстан менен Казакстандын өкмөттөрүнүн ортосунда мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттары жөнүндө макулдашууга өзгөртүү киргизүү жөнүндө протоколду ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоору каралып, үчүнчү окууда кабыл алынды. Парламенттин коомчулук жана ЖМКлар менен байланыш бөлүмүнөн билдиришкендей, мыйзам долбоору министрлер кабинетинин төрагасы тарабынан демилгеленген. КР Улуттук коопсуздук […]Читать далее

Жогорку Кеңеш

Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмү $500 млн түзөт

Төрага Нурланбек Шакиев Германиянын элчиси Габриэла Геллилди кабыл алды.   Жолугушууда эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу тууралуу сөз болуп, анын ичинен парламенттер аралык байланыштарды кеңейтүү маселелери талкууланды.   Төрага Нурланбек Шакиев акыркы жылдары кызматташтык иштиктүү практикалык түрдө өнүгүп жатканын белгилеп: «Эки тараптуу иш сапарлар байма-бай уюштурулуп, андагы сүйлөшүүлөрдү айтылган сунуштар ийгиликтүү ишке ашырылууда. […]Читать далее

Аймак

Солтон-Сарыдагы алтын комбинаты сыноо режиминде ишке кирди

Күн мурун Нарын районунун Солтон-Сары жайлоосундагы “Бучук” кенинде алтын комбинаты сыноо режиминде ишке кирип, Кыргыз-Кытай биргелешкен “Жонг Жи Майнинг” компаниясы эксперименталдык өндүрүш ишмердигин баштады.   Иш-чарага президенттин Нарын облусундагы өкүлү Алтынбек Эргешов, “Чайна Голд” компаниясынын президенти Ин Жан Бо мырза, Кыргыз-Кытай биргелешкен “Жонг Жи Майнинг” ЖЧКнын өкүлдөрү, Нарын районунун тургундары, мекеме-ишканалардын жетекчилери жана айыл аксакалдары […]Читать далее

Министрлер кабинети

Акылбек Жапаров Бишкек ЖЭБнин иши менен таанышты

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек Жылуулук электр борборуна (ЖЭБ) барып, энергетика объектисинин иши менен таанышты.   Минкаб төрагасы борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиев, энергетика министри Таалайбек Ибраев жана тиешелүү мамлекеттик ведомстволордун өкүлдөрү менен бирге ЖЭБдин бир катар объектилерин текшерди. Белгилей кетсек, ТВЕА компаниясы эки блокту капиталдык оңдоодон өткөрдү.   Акылбек Жапаров Бишкек ЖЭБи – […]Читать далее

Коом

Бишкекке ичинде кондиционери бар автобустардын партиясы келе жатат

Бишкекке Түркиядан 35 автобус келе жатат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Бишкек шаарынын вице-мэри Жамалбек Ырсалиев билдирди.   Анын айтымында, жаңы автобустар Бишкек мэриясы тарабынан сатып алынды.   “Автобустар кондиционер жана майыптыгы бар жарандар үчүн көтөрүүчү механизмдер менен жабдылган”, – деп кошумчалады ал.   Вице-мэр белгилегендей, жаңы автобустар экспресс каттамдарга чыгат. Мисалы, “Манас” аэропортуна чейин каттайт. […]Читать далее