Кыргыз-кытай чек арасында 22-октябрь саат 11:48де күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. КР Сейсмология институтунан билдиришкендей, жер титирөөнүн очогу Эркечтам айылынан түндүк-чыгышка карай 8 чакырым, Нура айылынан түндүк-чыгышка карай 15 чакырым, Көк-Суу айылынан чыгышка карай 18 чакырым жана Ош шаарынан түштүк-чыгышка карай 135 чакырым аралыкта жайгашкан. Кыргызстандын калктуу пункту Эркечтам айылында жер […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров жана Азия футбол конфедерациясынын (АФК) Президенти шейх Салман бин Ибрагим Аль-Халифа бүгүн, 22-октябрда, Бишкек шаарында Кыргыз футбол биримдигинин Улуттук футбол академиясын биргелешип ачышты. Академия 3,374 гектар аянтты ээлейт жана заманбап спорттук объектилерди камтыйт: табигый жана жасалма чөптүү футбол талаалары, машыгуу аянтчалары, мейманкана комплекси, футзал оюндарын өткөрүү үчүн спорттук зал, […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров жана Азия футбол конфедерациясынын президенти шейх Салман бин Ибрагим Аль-Халифа бүгүн, 22-октябрда Чүй облусунун Орок айылында футбол боюнча Кыргызстандын курама командалары үчүн “Мурас Юнайтед” машыгуу базасынын ачылыш аземине катышты. 3,5 гектар аянтта жайгашкан жаңы база Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командаларын даярдоого ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган. Ал бардык эл аралык стандарттарга […]Читать далее
Бүгүн Кыргыз футбол биримдигинин президенти Камчыбек Ташиев Кыргызстанга иш сапары менен келген Азия футбол конфедерациясынын (АФК) президенти шейх Салман бин Ибрагим аль-Халифа менен жолукту. Кыргыз футбол биримдигинен билдиришкендей, жолугушууда тараптар Кыргызстанда футболду өнүктүрүү маселесин талкуулашты. Камчыбек Ташиев өлкө жарандардын ден соолугун чыңдоодо футбол чоң мааниге ээ экениндигин баса белгиледи. Ал ошондой эле АФК […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 23-24-октябрда Татарстан Республикасына (Казань) БРИКСтин XVI саммитинин мамлекет башчыларынын жыйынына катышуу үчүн иш сапар менен барат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди. “Үстүбүздөгү жылдын 24-октябрында Казань шаарында БРИКСтин XVI саммитинин мамлекет башчыларынын жыйыны болот. Алдыдагы жыйынга көп тараптуулукту чыңдоого, бирикменин жаңы мүчөлөрүн […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу МБКнын «Түндүк» темир жол бажысынын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын ИИМ БМЖКККнын кызматкерлери менен биргеликте узак убакыт бою органикалык баңги затын АКШдан Кыргыз Республикасына эл аралык почта компаниялары аркылуу жеткирүү каналын түзүп, андан ары Telegram мессенджериндеги интернет-дүкөн аркылуу сатууну ишке ашырган баңги тобун изилдеп келген. «Түндүк» темир жолу КР ИИМ БМЖКККнын кызматкерлери […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө”, “Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” КР мыйзамына кол койду. Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2024-жылдын 2-октябрында кабыл алынган. Демилгеленген мыйзам долбоорунда дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплекстерин куруу максатында […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 22-октябрда, Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министрлигинин (КР ТИМ) 80 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты. Мамлекет башчысы иш-чаранын алдында ТИМдин тарыхын чагылдырган фотогалереяны көрүп чыкты, ошондой эле конокторго өлкөнүн дипломатиялык системасынын калыптанышы тууралуу тасма тартууланды. Президент куттуктоо сөзүндө кыргыз дипломатиясынын тарыхы үч миң жыл мурдагы элдин тарыхы менен тыгыз байланышта […]Читать далее
Мамлекеттик салык кызматы 2024-жылдын 1-октябрынан тартып иш берүүчүлөр – юридикалык жактар эмгек акыны накталай эмес формада гана төлөөгө милдеттүү экендигин эскертет. Ведомствонун маалыматына ылайык, бул талап КР Эмгек кодексине 2024-жылдын 23-июлундагы Мыйзам менен киргизилген. Ал жеткис күч жагдайлар пайда болгондо, өзгөчө абал же өзгөчө кырдаал жарыяланганда жана КР министрлер кабинети тарабынан каралган учурларда жайылтылбайт. Ошондой […]Читать далее
Кыргызстандын аймагында өсүмдүк майын өндургөн 16 ишкана катталган. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, алар күн карама, пахта, зыгыр, ашкабактын, жүзүмдүн данеги, грек жаңгагынан өсүмдүк майын чыгарышат. Белгиленгендей, Кыргызстандын өндүрүүчүлөрү бир жолку муздак сыгып алуу ыкмасын колдонушат. Ошондуктан, даяр болгон продукцияда көптөгөн табигый пайдалуу заттар сакталып […]Читать далее