Министрлер кабинети

Акылбек Жапаров Жогорку соттун жаңы төрагасын эмгек жамаатына тааныштырды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жаңы дайындалган төрага Медербек Сатыевди Жогорку соттун жамаатына тааныштырды. Министрлер кабинетинин төрагасы Медербек Сатыевди Жогорку соттун Төрагасы болуп дайындоо жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын окуп берди. Акылбек Жапаров белгилегендей, Медербек Сатыев 1995-жылдан бери сот тармагында иштеп келет, Президенттин Администрациясында да иштеген жана кесипкөй адам. Министрлер кабинетинин төрагасы Медербек Сатыевге жооптуу […]Читать далее

Коом

Бишкек шаарына жылуулук берүү уланууда

Бишкекте социалдык мекемелерге жана турак жайларга жылуулук берүү уланууда. “Бишкек жылуулук тармармагы” муниципалдык ишканасынан билдиришкендей, бүгүн саат 9:00гө карата төмөнкү объекттер жылуулук түйүндөрүнө кошулду: медициналык мекемелер – бардыгы болуп 64, анын ичинен 39у кошулган – 61%; мектепке чейинки мекемелер – 87, анын ичинен 39у кошулган – 45%; мектептер – 62, анын ичинен 28 – 45% […]Читать далее

Коом

Анкарадагы терактта жабыркагандарын арасында кыргызстандыктар жок

Анкара шаарындагы аэрокосмостук компаниянын аймагында жардыруу болгон жердеги атышуудан жабыркагандардын арасында каза болгон жана жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок. КР Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги бул окуя боюнча Түркиянын компетенттүү органдарынан маалымат сурамжылады. “Түркиянын өзгөчө кырдаалдар министрлигинен алынган маалыматка ылайык, каза болгондордун жана жабыркагандардын арасында Кыргызстандыктардын жарандары жок”, – деп айтылат маалыматта.Читать далее

Кадр саясаты

Медербек Сатыев Жогорку соттун төрагасы болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 4-бөлүгүнүн 5-пунктуна, «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 20-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык жана Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин сунушу боюнча Сатыев Медербек Асанбекович 5 жылдык мөөнөткө Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы болуп дайындалды.Читать далее

Президент

Садыр Жапаров “Казань Экспо” эл аралык көргөзмө борборуна келди

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 23-октябрда, Россиянын президенти Владимир Путин менен расмий жолугушуу аземине катышуу үчүн “Казань Экспо” эл аралык көргөзмө борборуна келди.   Расмий жолугушуу аземи аяктагандан кийин делегация башчылары бейформал шартта жолугушууга катышуу үчүн залга өтүштү.   Эскерте кетсек, иш сапардын алкагында президент Садыр Жапаров XVI БРИКС саммитинин мамлекет башчыларынын жыйынына катышат.Читать далее

Президент

Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Казань шаарына барды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 23-октябрда иш сапары менен Татарстандын Казань шаарына келди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.   Мамлекет башчынын борту Г.Тукай атындагы эл аралык аэропортуна конду.   Президент Садыр Жапаровду Татарстандын Раиси – Рустам Минниханов жана башка расмий адамдар тосуп алышты.   Аэропортто БРИКСке мүчө-мамлекеттердин желектери илинип, килем төшөлүп, ардак кароол тизилди. […]Читать далее

Коом

Айыл чарба министрлиги 9 айдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарды

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги 9 айлык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча коллегиялык жыйын өткөрдү. Ведомстводон билдиришкендей, ага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев, министрдин орун басарлары, коллегиянын мүчөлөрү, райондун акиминин орун басарлары, министрликтин борбордук аппаратынын жана ведомстволук түзүмдүк бөлүмдөрүнүн […]Читать далее

Укук тартиби

Баткен бажысы 2,5 тоннадан ашык тоок жумурткасын мыйзамсыз алып келүү

Баткен бажысы 2,5 тоннадан ашык тоок жумурткасын мыйзамсыз алып келүү фактысын аныктады.   МБКнын маалыматына ылайык, «Баткен» бажысынын Контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого багытталган иш-чараларды жүргүзүүдө ЕАЭБдин жана Кыргыз Республикасынын бажы мыйзамдарынын бузуу фактысы аныкталган. Баткен облусунун Кадамжай районунунда «Ж.М.К.» жаранынын башкаруусунда «Ford Transit» маркасындагы автоунаа каражаты […]Читать далее

Билим

Ош облусунун мугалимдери жасалма интеллектти өздөштүрүүдө

Ош билим берүү институтунда быйылкы окуу жылынын курстарына жаңылык катары “Билим берүү процессин уюштурууда жасалма интеллектти колдонуу” темасындагы лекция киргизилди.   Институттун информатика кабинетинин башчысы, аталган сабактын лектору Тынчтыкбек Досмуратовдун айтымында, мугалимдер жасалма интеллектти билим берүү тармагында туура жана натыйжалуу пайдалануу боюнча жаңы ыкмалар менен таанышышат.   Бул айдагы курстун катышуучусу, кыргыз тили жана адабияты […]Читать далее

Президент

Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү боюнча евразиялык

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “2022-жылдын 1-июнунда Ташкент шаарында кол коюлган Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү боюнча евразиялык топ тууралуу макулдашууга жана Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү боюнча евразиялык топтун бюджетин түзүү жана аткаруу тартиби жөнүндө жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Мыйзам […]Читать далее