Кыргызстанда турак жай алам деген жарандар ипотекалык үлүш менен батирлүү боло алат. Бул тууралуу Президенттин иш башкармасынын башчысы Каныбек Туманбаев билдирди. Анын айтымында, каражаттын 50 пайызын төлөгөндөргө Мамлекеттик ипотекалык компаниянын үйлөрүнөн турак жайлар 15 жылдык мөөнөткө, 8 пайыз үстөк менен берилет.Читать далее
Кыргызстанда турак жайга муктаж жарандарга ипотекалык үйлөр курулууда. Бул тууралуу Президенттин иш башкармасынын башчысы Каныбек Туманбаев “Фейсбуктагы” түз эфирде билдирди. Анын айтымында, дүйшөмбү күндөн тартып Мамлекеттик ипотекалык компаниянын сайты жаңыланат. Ошол жактан ипотекалык үй алуу үчүн толук маалыматтар берилет. Анда ипотекалык программалардын бардыгы көрсөтүлөт. “Учурда ипотекалык үй алам дегендерден эч кандай документтер талап кылынбайт. Сайттын […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров XVI БРИКС саммитине катышуу үчүн “Казань Экспо” эл аралык көргөзмө борборуна келди. Иш-чарага келген мамлекет башчыларын Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин тосуп алды. Саламдашуу аземи жана биргелешип сүрөткө түшүү аяктагандан кийин, өлкөлөрдүн лидерлери XVI БРИКС+ саммитинин биринчи пленардык отурумуна кеңейтилген форматта катышуу үчүн жыйындар залына өтүштү.Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайып Эрдоганга Анкара шаарындагы теракттан улам болгон трагедияга байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү. “2024-жылдын 23-октябрында Анкара шаарындагы «TUSAŞ» компаниясына болгон теракт тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына аза кайгысын тең бөлүшүп көңүл айтам. […]Читать далее
“Биз экономиканы масштабдуу индустриялаштырууга өтүп жатабыз – мындан ары биз жыл сайын 100 өнөр жай объектисин ишке киргизебиз”, – деди министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Экономика жана коммерция министрлигинин 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарада. Министрлер кабинетинин төрагасынын айтымында, ийгиликке жетүү үчүн инновациялык мамиле, технологиялык сабаттуулук жана инженердик ой жүгүртүү керек. “Улуу максаттарга жетүү үчүн кереметтин […]Читать далее
2024-жылдын январь-сентябрь айларында бардыгы болуп 3 млрд 800 млн сомго 1006 айыл чарба техникасы лизингге берилди. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, быйыл былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 156 техникага, же 700 млн сомго көп берилди. Жаңы ачылган машина-трактордук станциялар (МТС) саны 15 бирдикке жетип жана 47 айыл чарба кооперативдери […]Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Экономика жана коммерция министрлигинин 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты. Министрлер кабинетинен билдиришкендей, Акылбек Жапаров мааракеге байланыштуу президент Садыр Жапаровдун жана министрлер кабинетинин атынан куттуктоо сөздөрүн айтты. “Эгемендүү Кыргызстан быйыл Кара-кыргыз автономдуу облусунун 100 жылдыгын зор жетишкендиктер менен тосуп жатат. Бул маараке 1924-жылы автономдуулукка умтулган азыркы Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн аталардын […]Читать далее
Түштүк Кореяда расмий түрдө иштеп, эмгек акыларынан төгүмдөрү жүргүзгөн Кыргыз Республикасынын жарандары Кыргызстанга келгенден кийин бир жолку төлөмдөрдү алышууда. Социалдык фонддун маалыматына ылайык, жалпысынан бүгүнкү күндө Корея Республикасынын Улуттук пенсиялык кызматынан пенсиялык топтоолордун бир жолку төлөмдөрү алуу үчүн кайрылгандардын саны 98 адамды түзөт, алардан 83 адам каралып, бир жолку төлөм төлөндү, 15 адам чечимди күтүүдө. […]Читать далее
Бүгүнкү күндө дыйкандарга күзгү айдап-себүү жана оруп-жыюу үчүн дизельдик күйүүчү майдын талондорун 65 сомдон сатууда. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Ведомствонун маалыматына ылайык, бөлүштүрүү Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду менен биргеликте жүргүзүлүүдө. Белгилей кетсек, азыркы учурда дээрлик 2 млн 975 миң литр күйүүчү май […]Читать далее
Ош облусу боюнча 2024-жылдын 9 айына карата дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен 122,9 млн сом бөлүндү. Финансы министрлигинен билдиришкендей, бул суммага жалпы 79 долбоор каржыланды: Кара-Кулжа районунун – 12 объектисине 24,1 млн сом; Араван району – 7 объектиге 10,5 млн сом; Кара-Суу району – 15 объектиге 21,7 млн сом; Ноокат району – 15 объектиге 15,5 […]Читать далее