Кыргызстандын Улуттук банкы накталай эмес төлөмдөрдү өнүктүрүүгө жана калк үчүн санариптик төлөм кызматтарынын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган токтом кабыл алды. Бул тууралуу финансылык жөнгө салуу органынан билдиришти. Токтомго ылайык, Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарына жана төлөм уюмдарына Кыргызстандын ичинде мобилдик тиркемелер жана интернет банкинг аркылуу улуттук валютада акча которуулар боюнча кызмат көрсөтүүлөр үчүн жеке адам-кардарлардан комиссиялык сый […]Читать далее
Кочкор районунда кинотеатрдын 21,4 млн сомго бааланган жер участогу мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка караганда, Кочкор районунун прокуратурасы тарабынан мамлекеттик менчик, жер мыйзамдарынын талаптарынын аткарылышы боюнча Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин Кочкор филиалында текшерүү жүргүзүлдү. Алсак, 1967-жылы Кочкор айылында 400 орундуу кинотеатр куруу үчүн 0,7 га жер […]Читать далее
Вашингтондо Касымалиев Дүйнөлүк банктын аткаруучу директору менен негизги долбоорлорду талкуулады
Дүйнөлүк банк тобунун жана Эл аралык валюта фондунун башкаруучуларынын жылдык жолугушуусунун алкагында Вашингтонго болгон жумушчу сапарынын алкагында Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев менен Швейцария өлкөлөрүнүн тобунан Дүйнөлүк банктын аткаруучу директору Беатрис Мазердин жолугушуусу болду. Жолугушууда тараптар Камбар-Ата ГЭС-1 курулушун каржылоо жана бюджеттик пландоо маселелерине басым жасоо менен Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүгө багытталган […]Читать далее
Президент Садыр Жапаровдун 23-24-октябрда Татарстан Республикасынын Казань шаарына болгон иш сапары аяктады. Сапардын алкагында Мамлекет башчысы XVI БРИКС саммитине катышты. Кеңейтилген форматтагы жыйында сүйлөгөн сөзүндө Мамлекет башчысы өлкөнүн күн тартибинде турган негизги маселелерди чечүү боюнча жамааттык аракеттерге өз салымын кошууга даярдыгын жана элдердин жыргалчылыгы үчүн достукту жана өнөктөштүктү өнүктүрүү үчүн иш-чаранын катышуучулары менен […]Читать далее
Ипотекага баштапкы төлөмү жок жарандарга “Элдик Банк” каражат бөлөт. Бул тууралуу Президенттин иш башкармасынын башчысы Каныбек Туманбаев билдирди. Анын айтымында, бүгүнкү күндө мурдагы “РСК Банк” азыркы “Элдик Банк” Мамлекеттик ипотекалык компания менен келишим түздү. Жарандардын каражаттары жок болсо, эч кандай күрөөсүз эле келишим түзүлөт. Мындан улам банк жарандарга биринчи төлөмдөрдү төлөп бергенге даяр.Читать далее
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 24-октябрда Татарстандын Казань шаарында өтүп жаткан XVI БРИКС+ саммитинин кеңейтилген форматтагы биринчи пленардык жыйынында сөз сүйлөдү. Мамлекет башчысы өз сөзүндө Кыргызстан БРИКСтин ишкердикти, санариптик жана экологиялык таза технологияларды өнүктүрүү, климаттык көйгөйлөрдү чечүү боюнча максаттарына кошулуп, бөлүшөрүн айтты. Ал белгилегендей, аталган принциптер Кыргыз Республикасын 2040-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясына интеграцияланган туруктуу өнүктүрүүнүн […]Читать далее
Ипотекалык үйлөр кезекке тургандарга 4%, 50 пайыздык үлүш менен алгандарга 8% менен берилет. Бул тууралуу Президенттин иш башкармасынын башчысы Каныбек Туманбаев билдирди. “4 пайыз менен турак жай алган жарандарга ипотека 25 жылга берилет. Алар мүмкүн 10 жылда же 15 жылда ипотекасын төлөп бүтсө, калган жылдардын пайызы алынбайт. Бул да болсо мамлекеттин элге болгон камкордугу. Облустардагы […]Читать далее
Бишкектеги 2500 үй-бүлө ноябрь айынан тарта турак жайлуу болот. Бул тууралуу Президенттин иш башкармасынын башчысы Каныбек Туманбаев билдирди. Анын айтымында, борбор калаада 9895 үй-бүлөгө батир курулууда. Ошондой эле жакында “Ынтымак конушунда” 8100 батир салынып баштады. “2-3 жыл аралыгында Бишкек шаарында кезекке турган бардык жарандар батир менен камсыз болот”, – деди ал. Каныбек Туманбаев белгилегендей, учурда […]Читать далее
Ош шаарына караштуу Озгур айылында республикалык бюджеттин эсебинен мектептин курулушу башталды. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, жаңы мектеп 3 блоктуу 3 кабаттуу окуу корпустан турган, спорттук залы жана өтмө галереясы менен курулат. Жалпы аянты 2034 чарчы метрди түзгөн билим берүү объекттин долбоордук кубаттуулугу 225 окуучуга эсептелген. Мектептин […]Читать далее
Кара-Көл шаарынын башкы планы даярдалууда. Бул тууралуу Кара-Көл шаардык мэриясынын басма сөз кызматы маалымдады. Кара-Көл шаарынын мэри Нуртилек Орозбаев жана тийиштүү мекеме-ишканалардын жетекчилери шаардын 2045-жылга чейинки даярдалып жаткан башкы планын талкуулашты. Шаарды кеңейтүүдө экономикалык, инфратүзүмдүк шарттарды эске алуу зарылдыгын белгилешти. Даярдалып жаткан башкы планга ылайык, Кара-Көл шаарынын аянты жанаша жайгашкан айыл аймактардын Жаз-Кечүү, Кайынды, Жээн-Кыштоо […]Читать далее