Жогорку Кеңеш

Индия менен Кыргызстандын парламенттер аралык алакаларын арттыруу талкууланды

Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Индиянын Кыргызстандагы элчиси Бирендер Сингх Ядавды кабыл алды. Парламенттин басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушууда эки мамлекет ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык байланыштарды өнүктүрүү маселеси талкууланып, парламенттер аралык алакаларды арттыруу тууралуу да сөз болду. Нурланбек Тургунбек уулу Бирендер Сингх Ядавды Кыргызстандагы дипломатиялык ишмердүүлүгүнүн башталышы менен куттуктап, тажрыйбалуу элчи катары эки мамлекеттин […]Читать далее

Коом

Камчыбек Ташиев Хабибилла Азиреткуловго Бишкектен 2 бөлмөлүү батир тапшырды

Бүгүн, 22-октябрда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Хабибилла Азиреткуловго Бишкек шаарынан 2 бөлмөлүү батир тапшырды. УКМКдан маалымдашкандай, буга чейин үй-бүлөсүндө жашы жете элек балдары бар обончу жана композитор Азиреткуловдун турак жай маселесин жакшыртууга муктаж болгон. Анын көп жыл бою ижарадагы батирде жашап келгени жөнүндө кайрылуусу Жогорку Кеңеш аркылуу Камчыбек Ташиевге жөнөтүлгөн. […]Читать далее

Кырсык

Ысык-Атада цистерна жарылып, эки адам каза тапты

Чүй облустук милициясы 21-октябрда социалдык тармактарда тараган Ысык-Ата районундагы заводдо жарылуу болгон делген видео боюнча маалымат берди. Милициянын билдиришинче, 10-октябрда Ысык-Ата райондук милициясына Новопокровка айылында жайгашкан газоблок чыгаруучу кичи ишканада жарылуу болгондугу тууралуу маалымат түшкөн. Мекемедеги цемент цистернасынын жарылуусунан эки адам каза болгон. Бул окуя катталып, алдын ала тергөө иштери башталган. Окуя болгон жерге Ысык-Ата […]Читать далее

Коом

2025-жылдын 15-октябрынан тартып 2026-жылдын 1-майына чейин Ош–Бишкек багыты боюнча жүргөн

Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы айдоочуларды унааларын кышкы мезгилге даярдоого чакырат. ЖКККББ бардык айдоочуларга, өзгөчө алыскы жана тоолуу аймактарга каттаган жарандарга, кыш мезгилине байланыштуу төмөнкү чараларды өз убагында көрүүнү эскертет: Унаанын дөңгөлөктөрүн кышкы абалга ылайык алмаштыруу; Кыймылдаткыч майларын өз мөөнөтүндө жаңылоо; Унаанын жалпы техникалык абалын текшерүү жана кышка даярдап коюу. Бул […]Читать далее

Президент

Садыр Жапаров өрткө байланыштуу коопсуздук чараларын күчөтүүнү тапшырды

Президент Садыр Жапаров Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жана тиешелүү министрликтерге өзгөчө кырдаалдардын жана өрт кырсыктарынын алдын алуу боюнча толук чараларды көрүүнү тапшырды. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов социалдык тармактагы баракчасына жазды. Анын билдирүүсүндө, алгач өлкө башчысы Ош шаарында жана Ысык-Ата районунун Новопокровка айылында акыркы күндөрү болгон кайгылуу окуялардын кесепетинен каза болгондордун жакындарына жана […]Читать далее

Экология

Парламенттик шайлоого 407 жаран талапкерлигин койду

21-октябрга карата 407 талапкер Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу ниетин билдирип, арыз тапшырды. Бул тууралуу БШКдан билдиришти. Боршайкомдон белгилешкендей, арыздарды кабыл алуу 30-октябрда аяктайт. Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 30-ноябрда өтөт. Шайлоо алдындагы үгүт иштери 10-ноябрда башталат. Алдын ала тизмеге 4 млн 287 миңден ашык шайлоочу кирген. 30-октябрга чейин шайлоочулар тизмеден өзүн такташы керек […]Читать далее

Президент

Президент адамдардын өлүмү менен коштолгон кырсыктарга байланыштуу көңүл айтты

Президент Садыр Жапаров Ош шаарында жана Ысык-Ата районунун Новопокровка айылында акыркы күндөрү болгон кайгылуу окуялардын кесепетинен каза болгондордун жакындарына жана туугандарына көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов социалдык тармактагы баракчасына жазды. “Ош шаарындагы өрттөн алты мекендешибиз – эне жана анын беш баласы каза болгону, ошондой эле Новопокровка айылындагы заводдо цемент ташуучу […]Читать далее

Экономика

“Кара-Балта спирт заводу” ички рынокту 100 пайыз камсыздайт

“Кара-Балта спирт заводу” мамлекеттик ишканасы чыгарып жаткан этил спирти дүйнөлүк сапат стандарттарына жооп берип, бүгүнкү күндө өндүргөн продукциясы менен ички рынокту 100 пайыз камсыздайт. Бул тууралуу “Кара-Балта спирт заводунун” башкы директору Аман Ибраев “Кабар” маалымат агенттигине билдирди. Анын айтымында, ишкана 7 жылдык тыныгуудан кийин 2021-жылы ишин жандантып, акыркы жылдар ичинде өндүрүштүн сапатын жакшыртуу, кызматкерлерге шарттарды […]Читать далее

Коом

Оңдоодон кийин “Манас” аэропорту нөлдүк көрүнүүдө дагы каттамдарды кабыл ала

“Манас” эл аралык аэропорту нөлдүк көрүнүүдө да каттамдарды кабыл алууну камсыз кыла турган атайын жабдуулар менен жабдылууда. Бул тууралуу “Кыргызстан аэропорттору” ААКтын Инфратүзүмдүк жана аймактык өнүктүрүү боюнча директору Алтынбек Мамбетов “Биринчи радионун” эфиринде билдирди. Анын айтымында, нөлдүк көрүнүүдө, туманда, атайын жабдууларсыз аэропорттордо учуу мүмкүн эмес, анткени бул кагылышуу коркунучунан жана багыт алуунун жоктугунан улам өтө […]Читать далее

Аймак

Манас шаарынын деталдык планын түзүү боюнча жыйын өттү

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинде Жалал-Абад облусундагы Манас шаарынын деталдуу планын түзүү боюнча жыйын өттү. Курулуш министрлигинен билдиришкендей, жыйынга департаменттин директорунун орун басары Данияр Бапышов, Манас шаарынын мэриясынын, Жалал-Абад регионалдык шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын, Геодезия жана картография боюнча мамлекеттик башкармалыктын кызматкерлери, ошондой эле Жер пайдалануу жана […]Читать далее