“Кара-Балта спирт заводу” мамлекеттик ишканасы чыгарып жаткан этил спирти дүйнөлүк сапат стандарттарына жооп берип, бүгүнкү күндө өндүргөн продукциясы менен ички рынокту 100 пайыз камсыздайт. Бул тууралуу “Кара-Балта спирт заводунун” башкы директору Аман Ибраев “Кабар” маалымат агенттигине билдирди. Анын айтымында, ишкана 7 жылдык тыныгуудан кийин 2021-жылы ишин жандантып, акыркы жылдар ичинде өндүрүштүн сапатын жакшыртуу, кызматкерлерге шарттарды […]Читать далее
“Манас” эл аралык аэропорту нөлдүк көрүнүүдө да каттамдарды кабыл алууну камсыз кыла турган атайын жабдуулар менен жабдылууда. Бул тууралуу “Кыргызстан аэропорттору” ААКтын Инфратүзүмдүк жана аймактык өнүктүрүү боюнча директору Алтынбек Мамбетов “Биринчи радионун” эфиринде билдирди. Анын айтымында, нөлдүк көрүнүүдө, туманда, атайын жабдууларсыз аэропорттордо учуу мүмкүн эмес, анткени бул кагылышуу коркунучунан жана багыт алуунун жоктугунан улам өтө […]Читать далее
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинде Жалал-Абад облусундагы Манас шаарынын деталдуу планын түзүү боюнча жыйын өттү. Курулуш министрлигинен билдиришкендей, жыйынга департаменттин директорунун орун басары Данияр Бапышов, Манас шаарынын мэриясынын, Жалал-Абад регионалдык шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын, Геодезия жана картография боюнча мамлекеттик башкармалыктын кызматкерлери, ошондой эле Жер пайдалануу жана […]Читать далее
Кыргызстан 2025-жылдын январь–август айларында Өзбекстандан 1,2 миң тоннадан ашык алма импорттоду. Өзбекстандын Статистика комитетинин маалыматына ылайык, ушул мезгил аралыгында өлкө жалпы көлөмү 22,6 миң тонна болгон алманы 10 мамлекетке экспорттогон. Экспорттун жалпы суммасы 11,6 млн АКШ долларын түздү. Маалыматта белгиленгендей, Өзбекстандын алмасы негизинен Россияга (10 721 тонна) жана Казакстанга (10 098 тонна) жөнөтүлгөн. Кыргызстанга 1 […]Читать далее
Бир сутка ичинде Бишкекте айдоочулук күбөлүгү жок 50 айдоочу кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 21-октябрдан тартып Бишкек шаарынын аймагында жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо жана жол эрежелерин бузуу учурларын алдын алуу максатында ири рейд жүргүзүлүүдө. Рейд учурунда кызматкерлер жолду убактылуу тарытуу ыкмасын колдонуп, транспорт агымын натыйжалуу көзөмөлдөөгө жана мыйзам бузгандарды ыкчам аныктоого […]Читать далее
“Окуу китеби” басма үйү” мамлекеттик мекемесине табигый илимдер, математика жана англис тили предметтери боюнча окуу-методикалык комплекстерди колдонуу укугу алынган. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти. Учурда окуу китептери кыргыз жана орус тилдеринде окутулган мектептер үчүн адаптацияланып, редакциялоо жана “Учкун” ААК тарабынан басып чыгаруу иштери жүрүүдө. Бүгүнкү күндө: “Математика”, 1-класс – 295 880 нускада басылып чыгып, мектептерге […]Читать далее
“Кара-Кече” көмүр кенинен көмүр ташыган айдоочуларга расмий билдирүү таратты. “Кыргызкөмүр” ишканасынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, эгерде “Кара-Кече” көмүр кенинен белгиленген баада алынган көмүр Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынан бекитилген чектен жогору сатылганы аныкталса, мындай айдоочулар “Кара-Кеченин кара тизмесине” киргизилип, кийинки жолу кен аймагына кирүүгө тыюу салынат. Учурда кенде көмүр баасы тоннасына 2460 сомду түзөт, ал […]Читать далее
2025-жылдын январь-сентябрь айларында “Кепилдик фонду” ААК аялдардын бизнесин өнүктүрүү үчүн 440 кепилдик берген. Компаниядан билдиришкендей, бул берилген кепилдиктердин жалпы санынын 40 пайызын түзөт. Жалпы кепилдик суммасы 369 млн 53 миң сом болуп, бул аял ишкерлерге 1 млрд 527 млн сомдон ашык насыя каражатын тартууга мүмкүнчүлүк берди. Тармактык бөлүштүрүү: айыл чарба – 64 пайыз; соода – […]Читать далее
Ош шаарында өрттөн 6 адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, бүгүн саат 05:52дө Орозбеков көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрттү өчүрүүгө саат 05:54тө бир бөлүм тартылып, тилсиз жоо саат 06:25те чектөөгө алынган. Учурда толук өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Алгачкы маалыматтар боюнча, өрт болжол менен саат 03:30 чамасында […]Читать далее
Кыргызстандын Улуттук банкынын кирешеси 2025-жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен эң чоң өсүшкө жетти. Финансылык жөнгө салуучу органдын финансылык отчетуна ылайык, таза киреше 33,2 млрд сомду түзгөн, бул өткөн жылдын ушул мезгилиндеги көрсөткүчтөн дээрлик 13 эсе көп. Документте белгиленгендей, кирешенин өсүшүнө валюталык активдер менен болгон операциялар жана алтынды кайра баалоо негизги салым кошкон. Бул багыттар боюнча […]Читать далее