Президент

Президент бюджеттин чыгашаларын бөлүштүрүү тартибине өзгөртүү киргизди

Президент Садыр Жапаров “КР президентинин 2025-жылдын 13-октябрындагы № 282 “Учурдагы бюджеттик жылга республикалык бюджеттин, КР министрлер кабинетине караштуу Социалдык фондунун жана Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджеттеринин чыгашаларын бөлүү боюнча чечимдерди кабыл алуу жана аткаруу тартибин убактылуу укуктук жөнгө салуу жөнүндө” жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү” тууралуу жарлыкка кол койду. Жарлыкка ылайык, социалдык маанилүү […]Читать далее

Экономика

Тышкы иштер министрлигинде 72,7 млн сомдук финансылык бузуулар аныкталды

Тышкы иштер министрлигинде жана анын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринде 2023-2024-жылдар аралыгында бюджеттин аткарылышына жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтыктары чыкты. Бул тууралуу Эсептөө палатасынан билдиришти. Маалыматта белгиленгендей, бүгүн жыйынтыктар Эсептөө палатасынын кеңешинин кезектеги отурумунда каралды. Аудиттин жыйынтыгы боюнча Тышкы иштер министрлигинде жалпы 72,7 млн сомдук финансылык бузуулар аныкталган. Анын ичинде бюджетти аткарууда, мүлктү пайдаланууда, отчеттуулуктун жана сатып алуулардагы […]Читать далее

Коом

Кыргызстан калкынын саны 7 млн 361 миң адамга жетти

Кыргызстандын туруктуу калкынын саны 2025-жылдын 1-сентябрына карата 7 млн 361 миң адамды түзүп, жыл башынан бери 79,6 миң адамга же 1,1 пайызга өстү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттен билдиришти. Алсак, 2025-жылдын январь-август айларында жарандык абалдын актыларын жазуу органдарында 90,7 миң жаңы төрөлгөн ымыркай катталган, бул калктын 1 миңине 18,6 (салыштыруу үчүн: 2024-жылдын ушул мезгилине карата […]Читать далее

Президент

БА өлкөлөрү жана Кытайдын ортосундагы Түбөлүк ынак коңшулук келишими ратификацияланды

Президент Садыр Жапаров “2025-жылдын 17-июнунда Астана шаарында кол коюлган Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан жана Кытайдын ортосундагы Түбөлүк ынак коңшулук, достук жана кызматташтык жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу” КР мыйзамына кол койду. Мыйзам 2025-жылдын 24-сентябрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Мыйзам 2025-жылдын 17-июнунда Астана шаарында кол коюлган Казакстан, Кыргызстан, Тажикистан, Түркмөнстан, Өзбекстан жана Кытайдын ортосундагы Түбөлүк […]Читать далее

Министрлер кабинети

Данияр Амангельдиев жашыл энергетика жана экономика жаатындагы жаңы билим берүү

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангельдиев өлкөнүн адамдык капиталын жана билим берүү потенциалын өнүктүрүүгө багытталган бир катар иш-чараларга катышты. Алардын катарында №100 кесиптик лицейинин 85 жылдыгын майрамдоонун алкагында Жашыл энергетика боюнча окуу борборунун, ошондой эле Борбордук Азиянын Жогорку бизнес мектебинин (БАЖБМ) салтанаттуу ачылышы бар. Жашыл энергетика боюнча окуу борборунун ачылыш аземинде сөз сүйлөгөн […]Читать далее

Экология

Президенттин Администрациясынын кызматкерлери «Ак илбирсти колдоо үчүн 23 мүнөт» акциясына

Бүгүн Ак илбирстин эл аралык күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын кызматкерлери «Ак илбирсти колдоо үчүн 23 мүнөт» акциясына катышышты. Иш-чара Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023–2027-жылдарга тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгын ишке ашыруу боюнча атайын өкүлү Динара Кемелованын катышуусунда өттү. Акция Кыргызстандын туруктуу өнүгүү […]Читать далее

Министрлер кабинети

Амангельдиев: Бүгүнкү күндө мамлекеттик-жеке өнөктөштүк – бул айрым демилгелерди ишке

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангельдиев Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк боюнча IV эл аралык конференцияга катышты. Өз сөзүндө Төраганын биринчи орун басары 2025-жылы “Инвестициялар жөнүндө” жана “Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө” жаңыланган мыйзамдар күчүнө киргенин белгиледи. Бул мыйзамдар мамлекет менен бизнестин өз ара аракеттенүүсүнүн ачык-айкын механизмдерин, инвесторлор үчүн бирдей кепилдиктерди жана туруктуу инвестициялар үчүн узак […]Читать далее

Президент

Кесиптик бирликтердин, саясий партиялардын кирешеси сыр болбойт

Президент Садыр Жапаров “Айрым коммерциялык эмес уюмдардын отчеттуулук маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” КР мыйзамына кол койду. Мыйзам 2025-жылдын 24-сентябрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Аталган мыйзам КР Конституциялык сотунун 2023-жылдын 7-июнундагы чечимин аткаруу максатында кабыл алынган. Алсак, кабыл алынган мыйзам менен төмөнкүлөр каралган: 1) “Кесиптик бирликтер жөнүндө” жана “Саясий […]Читать далее

Шайлоо

Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу ниетин 437 талапкер

23-октябрга карата 437 талапкер Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу ниетин билдирип, азыр тапшырды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти. Боршайкомдун маалыматына караганда, арыздарды кабыл алуу 30-октябрда аяктайт. Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 30-ноябрда өтөт. Шайлоо алдындагы үгүт иштери 10-ноябрда башталат. Алдын ала тизмеге 4 млн 287 миңден ашык шайлоочу кирген. 30-октябрга чейин […]Читать далее

Билим

Франциянын элчиси мектептерде француз тилин окутууну сунуштады

Күн мурун агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Франциянын Кыргызстандагы элчиси Николя Фай менен жолукту. Ведомстводон маалымдашкандай, тараптар мектептик жана башталгыч кесиптик билим берүү тармагындагы кызматташуунун келечегин талкуулашты. Франциянын элчиси Кыргызстандагы жалпы билим берүү мектептеринде француз тилин өнүктүрүүгө кызыгуусун билдирип, окуучулар үчүн француз тили сабагын окутууга кошумча сааттарды бөлүү мүмкүнчүлүгүн кароону сунуштады. Агартуу министри өлкөдө гуманитардык жана […]Читать далее