Үстүбүздөгү жылдын 9 айында Бишкек шаарынын аймагында жалпысынан 7 миң 539 объект мыйзамсыз курулуш деп аныкталып, бүгүнкү күндө жерлер бошотулган. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын жер пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары Мелис Нурланбеков “Биринчи радионун” түз эфиринен билдирди. Анын айтымында, бул мыйзамсыз курулуштардын ичинен 3 миң 500 объект тосмо, чатыр, соода павильондору сыяктуу жеңил […]Читать далее
11-22-октябрь күндөрү Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасында Кытайдан келген көз дарыгерлери “Экспресс ден соолук — жаркын саякат” долбоорунун алкагында иш алып барышты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти. Долбоордун негизги максаты калкка, өзгөчө катаракта жана глаукома менен жабыркаган бейтаптарга жогорку технологиялык офтальмологиялык жардам көрсөтүү болуп саналат. Эки жуманын ичинде кытайлык адистер тарабынан 317 бейтапка […]Читать далее
Тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров Германиянын Бундестагынын (парламентинин) депутаты Стефан Майерди кабыл алды. ТИМден билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-герман мамилелеринин учурдагы абалын жана келечегин талкуулашты. Өзгөчө көңүл жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги расмий сапарлардын жыйынтыгы боюнча мурда жетишилген макулдашууларды ишке ашырууга, ошондой эле соода, транспорт жана инвестиция тармактарындагы кызматташтыкты чыңдоого бурулду. Медер Абакиров […]Читать далее
Бүгүн өлкөнүн бардык мектептеринде Бириккен Улуттар Уюмунун түзүлгөнүнүн 80 жылдыгына арналган тематикалык сабактар жана иш-чаралар өткөрүлүүдө. Окуучулар БУУнун тынчтыкты сактоодогу, эл аралык кызматташтыктагы жана адам укуктарын коргоодогу ролун, ошондой эле Кыргызстандын уюмдун ишине кошкон салымын изилдешти. Бишкек шаарындагы Байдылды Сарногоев атындагы №100 орто мектебинде Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун жана БУУнун Кыргызстандагы туруктуу […]Читать далее
23-октябрга карата 458 талапкер Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу ниетин билдирип, арыз тапшырды. Боршайкомдон маалымдашкандай, арыздарды кабыл алуу 30-октябрда аяктайт. Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 30-ноябрда өтөт. Шайлоо алдындагы үгүт иштери 10-ноябрда башталат. Алдын ала тизмеге 4 млн 287 миңден ашык шайлоочу кирген. 30-октябрга чейин шайлоочулар тизмеден өзүн такташы керек болот. Шайлоону утурлай […]Читать далее
Бүгүн Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологияларын өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин жыйыны
Бүгүн президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар тармагын өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин жыйыны өтөт. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов социалдык тармактагы баракчасына жазды. Анын маалыматына караганда, иш-чарага ошондой эле Binance криптовалюта платформасынын негиздөөчүсү Чанпэн Чжао катышат. Түз эфир УТРКнын жана башка республикалык телеканалдардын эфиринде, ошондой эле социалдык тармактардагы баракчаларда […]Читать далее
Министрлер Кабинети ак илбирсти өлкөнүн улуттук символу деп таануу жөнүндө токтом кабыл алды. Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон документте ак илбирстин расмий логотибин кабыл алуу жана аны колдонуу тартиби да каралган. Белгилей кетсек, бул чечим Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы № 369 «Ак илбирсти Кыргыз Республикасынын улуттук символу деп таануу жөнүндө» Жарлыгын ишке […]Читать далее
Бүгүн министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Нарын облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Ак-Талаа районунун Баетов айылындагы коомдук маданий борбордун курулушуна капсула салды. УКМКдан билдиришкендей, учурда Баетов айылынын түштүк тарабына Т.Жолдубаев жана А.Султаналиев көчөлөрүнүн кесилишине маданий борбор куруу иштери “Барс-курулуш” жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан башталып, имараттын котлованы казылган. Долбоордун курулушу президенттин […]Читать далее
Кышында электр энергиясын өчүрүүгө жол берилбейт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Нарындагы РЭСтин ачылыш аземинде билдирди. Анын айтымында, президент Садыр Жапаров бардык мамлекеттик органдардын алдына калкты сапаттуу тейлөөнү камсыздоо боюнча негизги милдетти койгон. Артыкчылыктуу багыттардын арасында энергетика тармагына өзгөчө көңүл бурулат. УКМК башчысы белгилегендей, акыркы […]Читать далее
Бүгүн министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары- УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жумушчу сапарынын алкагында Нарын шаарындагы автобекетти пайдаланууга берди. Атайын кызматтан билдиришкендей, автобекеттин капиталдык оңдоо долбоору президенттин Иш башкармалыгы тарабынан көзөмөлдөнүп, ага Турукташтыруу фондунан бөлүнгөн 53 млн сом бөлүнгөн. Автобекеттин ичинде жүргүнчүлөр үчүн заманбап шарттар түзүлүп, жылууланып, атайын кондиционерлер коюлган. Ошондой эле экинчи кабатында алыстан келген […]Читать далее