Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жыл башынан бери жалпы баасы 130 млрд 510 млн сомдук 1174 объектини мамлекетке кайтарган. Бул тууралуу атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев маалымат жыйынында билдирди. Ташиевдин айтымында, анын ичинен учурда 8 млрд 963 млн сомго 44 объек сатылган. “184 объект мамлекетке берилди. Булар пансионаттар, стадиондор, балдар лагерлери, мектептер, бала бакчалар, заводдор, соода […]Читать далее
14-декабрда Бишкектеги Ала-Тоо аянтында орун алган өлкөнүн жаңы жылдык башкы балатысын жандыруу аземинде майрамга чогулган элдин саны рекорддук көрсөткүчкө жетти. Мэриядан билдиришкендей, салтанаттуу майрамга 10 миңге чукул шаар тургундары жана коноктору чогулду. Быйыл Ала-Тоо аянты чыныгы кышкы жомокко айланган. Жөө жүрүү аймагы кеңейтилип, анда шаар тургундары үчүн уникалдуу жайлар – Санта Клаус жана Аяз ата […]Читать далее
Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссия Жайлообай Нышановго Жогорку Кеңештин депутатынын мандаты тапшырды БШКдан билдиришкендей, бүгүн комиссиянын жыйынында “Ата-Журт Кыргызстан” саясий партиясынан талапкерлердин тизмеси боюнча Нышанов Жайлообай Данибаевич Жогорку Кеңештин депутаты болуп катталды. Ага белгиленген үлгүдөгү күбөлүк жана төш белги берилди. Жайлообай Нышанов өз арызынын негизинде БШК тарабынан мандатынан ажыратылган Чынберди Төлөновдун ордуна депутат болуп келди.Читать далее
“Мамлекет өз өлкөсүнө берилген, өз тарыхын аздектеген жана элибиздин руханий баалуулуктарын сактаган жаштарды ар дайым колдойт”, – деп Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 16-декабрда, республиканын жогорку окуу жайларынын студенттерине (курсанттарына) Президенттик стипендия тапшыруу аземинде белгиледи. Мамлекет башчысынын сүйлөгөн сөзү: “Урматтуу студенттер, жалындуу жаштар! Бүгүнкү иш-чаранын кымбаттуу катышуучулары! “Кыргызстандын жаркын келечеги – […]Читать далее
Кыргызстанга кыбат баалуу сааттарды мыйзамсыз алып кирүүгө аракет кылгандар кармалды. Бажы кызматынан билдиришкендей, мыйзамсыз аракеттер “Түндүк” темир жол бажысынын Контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан аныкталган. Белгиленгендей, “Ш.К.Д.” ЖЧКнын өкүлү П.Д.Е. аттуу жарандын катышуусунда Америкадан келген почта жөнөтмөлөрүнө текшерүү жүргүзүлгөн. Бажы текшерүүсүндө 41 даана дүйнөлүк бренддеги аялдардын сааттары табылган. Бажы органына […]Читать далее
Өлкөнүн жогорку окуу жайларынын эң мыкты студенттерине президенттик стипендияларды тапшыруу
Бүгүн, 16-декабрда, өлкөнүн жогорку окуу жайларынын 90 мыкты студенттерине президенттик стипендияларды тапшыруу аземи болуп өттү. Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров өз сөзүндө белгилегендей, Президенттик стипендия бул жөн эле сыйлык эмес. Бул – тигил же бул тармактын кесипкөй адиси болууга жан үрөп, алдына бийик максаттарды койгон студенттердин эмгегин баалоонун, дараметин колдоонун, талантын ачууга шык-дем берүүнүн […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине, “Жол фонду жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Мыйзам 2024-жылдын 20-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган. Мыйзамдын максаты жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун жана жалпы жол инфраструктурасынын абалын жакшыртуу […]Читать далее
Ысык-Көл облусундагы Каракол – Эңилчек унаа жолу убактылуу жабылды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти. Ведомстводон маалымдашкандай, учурда Ак-Суу районунун Каракол-Эңилчек унаа жолунда кар жаап, бороон болууда. Жолчулар тарабынан жолду кардан тазалоо иштери аткарылууда, бирок ага карабастан каттам үчүн кыйынчылыктар жаралууда. Көр көчкү түшүү коркунучу жогору болгондуктан кырсыктардын алдын алуу максатында аталган унаа жолдун […]Читать далее
Үстүбүздөгү жылдын октябрь айынан бери Кыргызстанда чочко тумоосу менен ооруган 9 учур катталды. Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин дарыгери Венера Алымкулова билдирди. Анын айтымында, октябрь айынан баштап ушул убакка чейин жалпысынан сасык тумоо 11 бейтапта аныкталып, анын ичинен 9у “А” түрү болсо, ал эми экөө […]Читать далее
Баткен облусунда быйыл 48,5 чакырым жол асфальтталып, 9,5 чакырым жаңы жол салынды. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Маалыматка ылайык, облуста республикалык бюджеттин эсебинен 2024-жылдын 11 айында унаа жолдорду курууда 559,4 млн сомдук жумуш аткарылды. Анын ичинен 48,5 чакырым жолго асфальт-бетон катмары төшөлдү, 9,5 чакырым жаңы шагыл жол курулду. Учурда жаңы жолдорду салуу […]Читать далее