Коом

Эмгек министрлиги чет өлкөдө ишке орношууда алдамчылык фактылары көбөйгөнүн эскертет

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги чет өлкөдө ишке орношууда алдамчылык фактылары көбөйгөнүн эскертет. Ведомствонун маалыматына караганда, Кыргызстандын жарандарын чет мамлекеттерге, өзгөчө Европа өлкөлөрүнө – Германия, Польша, Венгрия, Хорватия жана башка өлкөлөргө жумушка орноштурууда алдамчылык фактылары көбөйгөн. Шылуундар социалдык тармактарда жана мессенжерлерде укмуштуудай жарнамаларды жарыялап, төмөнкүлөрдү убадалашат: квалификация талап кылынбаган жогорку айлык акы; кепилденген иш […]Читать далее

Аймак

Быйыл Ысык-Көлдө 27 соцобъектини пайдаланууга берүү пландалууда

Быйыл Ысык-Көл облусу боюнча 27 социалдык объектини пайдаланууга берүү пландалууда. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, учурда облустун аймагында жалпы 43 социалдык объектте курулуш иштери жүргүзүлүп, дагы 11 объект капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүүдө. Ошондой эле 6 айылды ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу иштери аткарылууда. Белгиленгендей, аталган курулуштардын бардыгы республикалык […]Читать далее

Министрлер кабинети

Адылбек Касымалиев көркөм гимнастика боюнча дүйнө чемпиону Злата Аркатова менен

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев көркөм гимнастика боюнча өспүрүмдөр арасында дүйнө чемпиону Злата Аркатова жана анын машыктыруучулары менен жолугушту. Минкаб башчысы Злата Аркатованы өспүрүмдөр арасында көркөм гимнастика боюнча дүйнө чемпионатында булава дисциплинасы боюнча алтын медаль жеңип алуусу – бул тарыхый жеңиш экенин белгилеп, Кыргызстан биринчи жолу гимнастика боюнча дүйнөлүк чемпиондук бийиктикке жеткенин билдирди. “Жеңишиң менен […]Читать далее

Коом

Өлкө аймагында ысык аба ырайы күтүлөт

Кыргызгидромет кызматы абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу эскертүү берди. Анын маалыматына караганда, 3-5-июлда ысык аба-ырайы кырындык менен жогорулашы күтүлөт. Абанын күндүзгү температурасы Чүй өрөөнүндө +35…+40°ка, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө +36…+41°ка ал эми Талас облусунун аймагында+33…+38°ка чейин жогорулашы күтүлөт. Мындай кургак ысык аба ырайынын учурунда организмди суусуздандыруудан жана ысык өткөрүп алуудан сактануу үчүн күндүз күн ачык […]Читать далее

Коом

Салык кызматы Финансы министрлигинин түзүмүнөн чыгарылат

Салык кызматынын 35 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарада министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Салык кызматы менен Бажы кызматы Финансы министрлигинин түзүмүнөн чыгарыла турганын билдирди. “Мен жакында эле Салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматовго бул чечимди кабыл алганыбызды билдирдим”, – деди Адылбек Касымалиев. Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов кызматтардын штаттык саны жана ыйгарым укуктары өзгөрүүсүз калаарын баса […]Читать далее

Министрлер кабинети

Минкаб ЖОЖдордо үч багыт боюнча сырттан окууга убактылуу тыюу салды

Кыргызстанда жогорку окуу жайларда үч багыт боюнча сырттан окуу формасына кабыл алууга тыюу салынды. Тиешелүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. 2025-2026-окуу жылына төмөнкү багыттар боюнча сырттан окуу формасына кабыл алууга 6 айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салуу киргизилди. “Юриспруденция” (бакалавр, магистр); “Экономика” (бакалавр, магистр); “Менеджмент” (бакалавр, магистр). Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө […]Читать далее

Экономика

Алты айда Кыргызстандан 28 ишкана ЕАЭБдин бирдиктүү реестрине киргизилди

Алты айда Кыргызстандын 28 ишканасы Евразиялык экономикалык биримдигинин бирдиктүү реестрине киргизилди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Ошнетип, Кыргызстандын ЕАЭБдин бирдиктүү реестрине киргизилген ишканаларынын жалпы саны 462ге жетти. ЕАЭБдин талаптарына жооп берген бул ишканалардын арасында сүт, эт, балык, бал, канаттуу жана башка мал чарба азыктарын өндүрүп, кайра иштетүү […]Читать далее

Коом

Чет элдик номерлүү унааларды мыйзамдаштыруу кампаниясынын алкагында республика боюнча 5825

Чет элдик номерлүү унааларды мыйзамдаштыруу кампаниясынын алкагында республика боюнча 5825 унаа каттоодон өттү. Аймактар боюнча караганда: Бишкек шаарында — 1404; Ош шаарында — 337; Баткен облусунда — 301; Жалал-Абад облусунда— 807; Нарын облусунда — 140; Ош облусунда — 792; Талас облусунда – 286; Чүй облусунда – 1540; Ысык-Көл облусунда – 218. Кыймылдаткычынын кубаттуулугу боюнча: 2000 […]Читать далее

Министрлер кабинети

Үстүбүздөгү жылдын алгачкы 5 айында салыктардын жана камсыздандыруу төгүмдөрүнүн түшүүлөрү

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы –Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 35 жылдыгына жана салык тармагынын кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата уюштурулган иш-чарага катышты. Министрлер Кабинетинин башчысы салыктар ар бир жарандын жана ар бир ишкердин өлкө алдындагы коомдук парзын аткаруусунун көрсөткүчү экенин белгиледи. «Салык системасын уюштуруу – бул чоң […]Читать далее

Укук тартиби

Кара-Балта шаарынын мэри коррупцияга шектелип кармалды

Коррупция фактысы боюнча Кара-Балта шаарынын мэри жана мэриянын кызмат адамдары кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Маалыматка ылайык, мэриянын кызмат адамдары Кытайдан чыгарылган 17 автобусту жогорулатылган баада сатып алышкан. Жүргүзүлгөн аудиттик текшерүүнүн натыйжасында автобустарды сатып алуудан мамлекеттик бюджетке 17 млн сомдон ашык зыян келтирилгендиги аныкталып, 30-июнда Кара-Балта шаарынын мэри М.Ж. жана “Жол курулуш […]Читать далее