Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Германиянын Кыргызстандагы элчиси Моника Ленхардды кабыл алды. Эдил Байсалов Моника Ленхардды кызматка дайындалышы менен куттуктап, анын мындан аркы дипломатиялык иштерине ийгиликтерди каалады. Ал анын иши кыргыз-герман мамилелерин чыңдоого жана бардык багыттар боюнча эки тараптуу кызматташууну мындан ары кеңейтүүгө өбөлгө болоруна ишенимин билдирди. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Германиянын […]Читать далее
Бишкекте Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого даярдык көрүү маселеси талкууланды
Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу-техникалык маселелерди чечүүдө шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүү максатында республикалык штабдын жыйынын өткөрдү. Жыйындын жүрүшүндө Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаровдун жана тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин баяндамалары угулду. Белгиленгендей, Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн […]Читать далее
Бүгүн Алай районунда Гүлчө айыл аймагына расмий түрдө шаар макамын ыйгаруу боюнча салтанаттуу иш-чара өттү. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Иш-чарага президенттин өкүлү Элчибек Жантаев, Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Эрмек Иргебаев, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана аймактын тургундары катышты. Салтанатта облус жетекчиси Гүлчөгө шаар […]Читать далее
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин “3+2+1” долбоорунун алкагында Араван районунда тамчылатып сугаруу ыкмасы менен эгилген пахтанын түшүмү былтыркы жылга салыштырмалуу жогору болду. Ведомствонун маалыматына караганда, акыркы 3 жылда кытай сортундагы пахталар эгилип, сууну үнөмдөө максатында тамчылатып сугаруу ыкмалары орнотулган. Анын натыйжасында пахтанын түшүмдүүлүгү эки эсеге өсүп, 35-40 ц/га 60-65 ц/га […]Читать далее
Үч-Коргон ГЭСинин №3гидроагрегатын реконструкциялоо жана модернизациялоо иштери уланууда. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, аталган ГЭС Кыргызстандын энергетикалык системасында стратегиялык мааниге ээ. Долбоордун негизги максаты — станциянын ишенимдүүлүгүн жана натыйжалуулугун жогорулатуу, кызмат мөөнөтүн узартуу, ошондой эле заманбап автоматташтыруу жана технологиялык процесстерди башкаруу системаларын киргизүү болуп саналат. Бүгүнкү күндө №3 гидроагрегат боюнча иштер жүргүзүлүүдө: №3 гидроагрегатта […]Читать далее
Кыргызстандын банк секторунун депозиттик базасы 25 пайызга көбөйүп, 2025-жылдын август айынын акырына карата 741 млрд сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук банктын төрагасынын орун басары Азат Козубеков Бишкекте өткөн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, депозиттердин өсүшү калктын жана бизнестин банк тутумуна болгон ишениминин жогорулаганынан кабар берет. “Жакынкы келечекте Кыргызстандагы инфляциялык динамикага негизинен тышкы факторлор таасир этет […]Читать далее
Кыргызстандын эл аралык резервдери 2025-жылдын сентябрынын аягына карата 48,5 пайызга көбөйүп, 1-октябрга карата 7,5 млрд доллардан ашты. Бул тууралуу Улуттук банктын төрагасынын орун басары Азат Козубеков Бишкекте өткөн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, резервдердин өсүшү улуттук экономиканын жана өлкөнүн каржы системасынын туруктуулугунун маанилүү көрсөткүчү болуп саналат. “Эл аралык резервдерди чыңдоо жана көбөйтүү биздин ишибиздин негизги […]Читать далее
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин ишмердүүлүгүнүн маанилүү багыты болгон транспорт тармагы өз жыйынтыгын берип, казынага түшкөн каражаттын көлөмү кыйла көбөйдү. Ведомтвонун маалыматына караганда, быйылкы жылдын 9 айында лицензия берүүдөн, административдик айыптан, уруксат берүү кагаздарынан, салмак өлчөмдөрүн таразалоодон жана бөлүнбөгөн жүктөрдү ташуу үчүн атайын уруксат жана зыяндын ордун толтуруудан 861 млн 192 миң сом түштү. Ал эми […]Читать далее
Эртең, 30-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу ниетин билдирген талапкерлерден арыздарды кабыл алуу аяктайт. Боршайкомдон маалымдашкандай, 30-октябрда саат 18:00гө чейин арыздар кабыл алынат. 28-октябрга карата талапкерлерден түшкөн арыздардын саны 531ди түздү. Эми шайлоо алдындагы үгүт иштери 10-ноябрда башталат. Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 30-ноябрда өтөт. Алдын ала тизмеге 4 млн 287 миңден […]Читать далее
2025-жылдын башынан бери Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу майдын баасы кыйла жогорулады. Бул тууралуу Улуттук банктын төрагасынын орун басары Азат Козубеков Бишкекте өткөн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, жыл башынан бери бензиндин баасы 12,6 пайыз, ал эми дизель майы 8,4 пайыз кымбаттады. Козубеков баалардын көтөрүлүшүн биринчи кезекте Кыргызстанга күйүүчү-майлоочу май менен камсыздоочу негизги Росиядагы мунай иштетүүчү заводдордогу оңдоо […]Читать далее