Кыргыз Республикасынын 9 айына карата өлкөнү азык түлүк менен камсыздоодо 9 социалдык мааниге ээ азык түлүктүн 6 түрү менен Кыргызстан өзүн өзү камсыздайт. Алар: -Картошка -Сүт -Эт -Жашылча жемиштер -Жумуртка -Кумшекер Калган 3 продукциянын айрым бөлүгү импорттун эсебинен камсыздалат. Алар: -Нан азыктар (дан азыктары) -Өсүмдүк майы -Мөмө-жемиштер 2024-жылдан тартып кумшекер менен өзүбүздү өзүбүз камсыздай баштадык. […]Читать далее
Кара-Суу районунда 589 жаранга жеке турак жай куруу үчүн жер тилкелери мыйзамсыз берилген. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматтын Ош шаары жана Ош облусунун аймактык башкармалыгынын доо арызы Ош облусунун административдик соту тарабынан канааттандырылды. Соттук кароонун жүрүшүндө Кара-Суу районунун Датка айыл өкмөтүнүн […]Читать далее
Бажы төлөмдөрүн QR-код аркылуу төлөөдө бир жуманын ичинде бюджетке 40 млн сомго жакын каражат түштү. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алмаз Салиев “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди. Анын айтымында, Бажы кызматы “Элдик банк” менен биргеликте бажы төлөмдөрүн QR-код аркылуу төлөө процессин санариптештирип ишке киргизген. “Мамлекеттик бажы кызматы тышкы экономикалык ишмердүүлүккө катышкан ишкерлер үчүн бажы […]Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев «E-commerce EXPO Central Asia 2025» электрондук коммерция боюнча эл аралык форумунун ишине катышты. Министрлер кабинетинин башчысы электрондук коммерциянын маанилүүлүгүн белгиледи, ал экономикалык өнүгүүгө, анын ичинде инвестициялык ишмердүүлүккө күчтүү түрткү берет, экономикада олуттуу структуралык өзгөрүүлөрдүн себеби болуп саналат. «Кыргыз Республикасы үчүн электрондук соода жөн гана жаңы сектор эмес, экономикалык өсүштүн жана […]Читать далее
29-октябрга карата күзгү ным топтоо сугатынын алкагында 194 797 миң гектар жер сугарылды. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, республика боюнча бардыгы – 254,3 миң га жер каралып, анын ичинен 205,122 миң га жер сугаруу пландалган. Өлкө боюнча күзгү ным топтоо сугаты активдүү жүрүүдө. Ным топтоо сугаттары – өсүмдүктөрдүн вегетация […]Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Кыргызстанга иш сапары менен келген Татарстандын премьер-министринин орун басары Василь Шайхразиев менен жолугушту. Маектешүүнүн жүрүшүндө Эдил Байсалов мейманды жылуу тосуп алып, кыргыз-татар байланыштары активдүү өнүгүп жатканын белгиледи. Ал татар тарапты Татарстандын раисин шайлоонун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктап, Рустам Миннихановдун түрк дүйнөсүнүн аксакалы катары жогорку ролун, ошондой эле анын […]Читать далее
Араван районунда кызмат адамдарына карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка ылайык, Араван районунун прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматынын Ош облусу жана Ош шаары боюнча регионалдык башкармалыгында мыйзамсыз аракеттер аныкталган. Атап айтканда, башкармалыктын башчысы С.Э. жана башкы инспектору М.К. 2025-жылдын 4-октябрында текшерүүгө уруксат кагаздары жок Араван районундагы соода […]Читать далее
Ишкердикти өнүктүрүү фонду мал сатып алуу үчүн берилүүчү насыялардын чегин жогорулатты. Бул тууралуу аталган фонддон билдиришти. Маалыматта белгиленгендей, мурда мал сатып алуу үчүн берилүүчү насыянын максималдуу суммасы 2 млн сомго чейин болгон. Учурда 3 млн сомго чейин көбөйтүлдү. Ошондой эле асыл тукум мал сатып алуу үчүн ишкерлер 5 млн сомго чейин насыя ала алат. Агронасыя […]Читать далее
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев баштаган делегация Ташкент шаарында өткөн Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин курулуш тармагындагы кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык кеңешинин 46-жыйынына катышты. Ведомстводон билдиришкендей, жыйындын алкагында бир катар эки тараптуу жолугушуулар өткөрүлүп, анда турак жай курулушу, архитектура жана заманбап технологияларды киргизүү багыттарында тажрыйба алмашуу жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун мүмкүнчүлүктөрү […]Читать далее
Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо чет өлкөлөрдө жүргөн мекендештердин добуш берүүсү үчүн 34 чет мамлекетте 100 шайлоо тилкеси ачылат. Бул тууралуу шайлоону өткөрүүгө даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча уюштуруу-техникалык маселелерди чечүүгө багытталган жыйын учурунда белгилүү болду. Минкаб төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоону сапаттуу уюштуруунун маанилүүлүгүн белгиледи. “Алдыдагы шайлоо өлкөбүздүн […]Читать далее