Экономика

Кыргызстандан тамекини экспорттоо жылдан жылга өсүүдө

Кыргызстандан тамекини экспорттоо жылдан жылга өсүүдө. Бул тууралуу Суу ресурстары айыл чарба жана кайра иштетуү өнөр жай министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, “30+20+10” долбоорунун алкагында Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин адистери тамеки өстүргөн дыйкандар менен талаа жолугушуусун өткөрүштү. Анда негизги көйгөйлөр – жер маселеси, экспортко чыгуучу сорттор, жаңы технологиялар жана өндүрүштүн эффективдүүлүгү боюнча пикир алмашуу […]Читать далее

Министрлер кабинети

Бийик тоолуу зоналарында жайгашкан калктуу конуштардын тизмеги бекитилди

Министрлер Кабинети кабыл алган токтом менен, Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу зоналарында жайгашкан калктуу конуштардын тизмеги тиркемеге ылайык бекитилди. Буга чейин, Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин алдындагы “Мамкартография” геодезия жана картография боюнча мамлекеттик мекемеси тарабынан бийик тоолуу шарттарда жайгашкан калктуу конуштардын колдонуудагы тизмесинин бийик тоолуу критерийлерине ылайыктуулугу боюнча анализ жүргүзүлүп, […]Читать далее

Министрлер кабинети

Адылбек Касымалиев ЕРӨБдүн вице-президенти Маттео Патроне менен жолукту

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Кыргызстанда иш сапары менен жүргөн Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) вице-президенти Маттео Патроне менен жолукту. Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери жана энергетика, инфраструктура, жеке секторду колдоо сыяктуу негизги тармактарда артыкчылыктуу долбоорлорду ишке ашыруунун келечеги талкууланды. Адылбек Касымалиев ЕРӨБ Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө салым кошкон ишенимдүү өнөктөш экенин белгилеп, […]Читать далее

Министрлер кабинети

Кыргызстанда айыл чарбасын каттоо 2026-жылга жылдырылды

Кыргызстанда айыл чарбасын каттоосун 2026-жылга жылдыруу жөнүндө чечим кабыл алынды. Чечим маалыматтарды жогорку сапатта чогултууну камсыз кылуу максатында кабыл алынып, каттоо 2026-жылдын 20-мартынан 10-апрелине чейин өтөт. Ал эми буга чейин министрлер кабинетинин 2025-жылы Кыргыз Республикасында айыл чарба каттоосун даярдоо жана өткөрүү жөнүндөгү №122 токтомунун негизинде өлкө аймагында кезектеги айыл чарба каттоосун өткөрүү каралган. Белгилей кетсек, […]Читать далее

Экономика

Салык кызматында экспорттоочулар менен жолугушуу өттү

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков товарларды экспорттоо маселелери боюнча экспорттоочулар жана кайра экспорттоочулар менен жолугушуу өткөрдү. Ведомствонун маалыматына караганда, жолугушуунун максаты ЕАЭБдин алкагында товарларды экспорттоо жана кайра экспорттоо менен алектенген ишкерлерди колдоо болуп саналат. Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучуларга чек арадан өтүү, коштомо документтерди тариздөө, шайкештик сертификаттарын алуу, товардын коштомо документтерин, анын ичинде электрондук […]Читать далее

Аймак

Талас облусун өнүктүрүүгө 6 млрд сом бөлүндү

Талас облусуна мамлекеттик бюджеттен биринчи жолу 6 млрд сомго жакын каражат бөлүндү. Бул тууралуу президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жумаев “Кабар” маалымат агенттигине билдирди. Анын айтымында, Талас облусунун тарыхында мындай каражат мамлекеттик бюджеттен буга чейин бөлүнгөн эмес. “Негизинен каражат облустагы инфратүзүмдөргө, туризмди өнүктүрүүгө, билим берүүнүн сапатын жогорулатууга жана завод-фабрикаларды куруу багытында бөлүндү. Андан […]Читать далее

Укук тартиби

Аскерлерге бөлүнгөн азык-түлүктү уурдап, сатып жүргөн прапорщик кармалды

Аскерлер үчүн бөлүнгөн азык-түлүктөрдү уурдоо фактысы ачыкка чыгып, жооптуу кызматкер кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка ылайык, Аскердик прокуратурасы ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы менен биргеликте жүргүзгөн ыкчам аракеттеринин жүрүшүндө, аскер бөлүктөрүнүн биринин азык-түлүк кампасынын башчысы, прапорщик С.К.А. кармалды. Ал аскер кызматкерлери үчүн бөлүнгөн азык-түлүктөрдү (колбаса, макарон, күрүч, туз, шекер, май жана башка продукциялар) […]Читать далее

Экономика

ЕРӨБ Базар-Коргондо 60 миң тургунду таза суу менен камсыздоого 3,3

Финансы министрлиги менен Евразия реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосунда Кыргызстандын инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча өз ара түшүнүшүү меморундуму түзүлдү. Ведомстводон маалымдашкандай, тиешелүү меморундумга финансы министри Алмаз Бакетаев менен ЕРӨБдүн вице-президенти Маттео Патроне кол коюшту. Меморандум жалпы суммасы 400 млн еврого бааланган муниципалдык инфраструктура, сугат жана транспорт тармагындагы артыкчылыктуу долбоорлорду колдоо боюнча алкактык макулдашууну даярдоого жол ачат. […]Читать далее

Экономика

Улуттук банктын кампасында 55 тоннадан ашык алтын бар

Учурда Улуттук банктын кампасында 55 тоннадан ашык алтын сакталууда. Бул тууралуу аталган банктын төрагасынын орун басары Мэлс Аттокуров банктын жаңы имаратынын ачылыш аземинде билдирди. Иш-чарада сөз сүйлөгөн президент Садыр Жапаров жаңы имараттын ачылышы менен Улуттук банк эл аралык стандарттарга жооп берген өлкөдөгү эң ири кампага ээ болгонун баса белгиледи. “Шарттар начар болчу, биз көп учурда […]Читать далее

Шайлоо

Дайырбек Орунбеков айрым талапкерлердин жалган убадаларына ишенбөөгө чакырды

Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасына айрым талапкерлер чындыкка туура келбеген үгүт иштерин тымызын жүргүзүп жатышканын жазды. Анын айтымында, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо боюнча үгүт иштери баштала элек болсо да, баягы эски адат кайра кайталанып, куру убадалар жана мамлекет аткарган иштерди “мен бүтүрдүм” деп өзүнө ыйгарып алган айрым шылуундардын аракети […]Читать далее