Кыргызстандын банк секторунун депозиттик базасы 25 пайызга көбөйүп, 2025-жылдын август айынын акырына карата 741 млрд сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук банктын төрагасынын орун басары Азат Козубеков Бишкекте өткөн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, депозиттердин өсүшү калктын жана бизнестин банк тутумуна болгон ишениминин жогорулаганынан кабар берет. “Жакынкы келечекте Кыргызстандагы инфляциялык динамикага негизинен тышкы факторлор таасир этет […]Читать далее
Кыргызстандын эл аралык резервдери 2025-жылдын сентябрынын аягына карата 48,5 пайызга көбөйүп, 1-октябрга карата 7,5 млрд доллардан ашты. Бул тууралуу Улуттук банктын төрагасынын орун басары Азат Козубеков Бишкекте өткөн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, резервдердин өсүшү улуттук экономиканын жана өлкөнүн каржы системасынын туруктуулугунун маанилүү көрсөткүчү болуп саналат. “Эл аралык резервдерди чыңдоо жана көбөйтүү биздин ишибиздин негизги […]Читать далее
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин ишмердүүлүгүнүн маанилүү багыты болгон транспорт тармагы өз жыйынтыгын берип, казынага түшкөн каражаттын көлөмү кыйла көбөйдү. Ведомтвонун маалыматына караганда, быйылкы жылдын 9 айында лицензия берүүдөн, административдик айыптан, уруксат берүү кагаздарынан, салмак өлчөмдөрүн таразалоодон жана бөлүнбөгөн жүктөрдү ташуу үчүн атайын уруксат жана зыяндын ордун толтуруудан 861 млн 192 миң сом түштү. Ал эми […]Читать далее
Эртең, 30-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу ниетин билдирген талапкерлерден арыздарды кабыл алуу аяктайт. Боршайкомдон маалымдашкандай, 30-октябрда саат 18:00гө чейин арыздар кабыл алынат. 28-октябрга карата талапкерлерден түшкөн арыздардын саны 531ди түздү. Эми шайлоо алдындагы үгүт иштери 10-ноябрда башталат. Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 30-ноябрда өтөт. Алдын ала тизмеге 4 млн 287 миңден […]Читать далее
2025-жылдын башынан бери Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу майдын баасы кыйла жогорулады. Бул тууралуу Улуттук банктын төрагасынын орун басары Азат Козубеков Бишкекте өткөн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, жыл башынан бери бензиндин баасы 12,6 пайыз, ал эми дизель майы 8,4 пайыз кымбаттады. Козубеков баалардын көтөрүлүшүн биринчи кезекте Кыргызстанга күйүүчү-майлоочу май менен камсыздоочу негизги Росиядагы мунай иштетүүчү заводдордогу оңдоо […]Читать далее
Кыргызстандын Энергетика министрлиги менен Кытайдын States Technology Co., Limited жана “Сан Энерджи Ко” компаниялары ортосунда Баткенге 250 МВттык күн электр станциясын куруу боюнча инвестициялык келишимге кол коюлду. Ведомстводон маалымдашкандай, келишим Кытайдын Сучжоу шаарында өткөн Эл аралык форумдун алкагында түзүлдү. Документке энергетика министри Таалайбек Ибраев жана инвестор катары States Technology Co., Limited компаниясынын президенти Лю Фернандо […]Читать далее
Кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Тилек” көзөмөл-өткөрмө жайында мас абалдагы оор жүк ташуучу унаанын айдоочусу кармалды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 28-октябрда болжол менен саат 18:40 чамасында өткөрмө пунктта FAW үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа жол эрежесин бузуу менен кезекке турбай, экинчи катарга чыгып айдап бара жаткан учурда токтотулган. Текшерүү маалында […]Читать далее
28-октябрга карата 531 талапкер Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу ниетин билдирип, арыз тапшырды. Боршайкомдон маалымдашкандай, арыздарды кабыл алуу эртең, 30-октябрда аяктайт. Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 30-ноябрда өтөт. Шайлоо алдындагы үгүт иштери 10-ноябрда башталат. Алдын ала тизмеге 4 млн 287 миңден ашык шайлоочу кирген. Шайлоону утурлай өлкө боюнча 2492, чет өлкөлөрдө жалпы […]Читать далее
21-27-октябрда энергетика министри Таалайбек Ибраев Кытайга болгон иш сапарнын алкагында Сучжоу шаарында “10-Эл аралык жашыл энергетикалык” форумуна катышты. Ведомстводон маалымдашкандай, аталган форумдун алкагында министр Ибраев сөз сүйлөп, электр энергиясына болгон муктаждыктын жылдан жылга өсүшү, энергетика экономиканын өнүгүшүнүн негизги булагы, Кыргызстандын электр энергиясынын потенциялы, эки өлкөнүн энергетика тармагындагы кызматташтыгы тууралуу айтып өттү. “Кыргыз энергетикасы бүгүнкү күндө […]Читать далее
КР Соода-өнөр жай палатасы ак ниет ишкерлердин реестринин түзүлгөндүгүн жарыялады, ага тандоо 2025-жылдын 29-сентябрында болгон. Ведомство билдиргендей, тандоо жол-жобосу министрлер кабинетинин токтому менен бекитилген ак ниет ишкерлердин реестрин жүргүзүү жөнүндө жобого ылайык жүргүзүлдү. Компанияларды реестрге киргизүү жөнүндө чечим Соода-өнөр жай палатасынын буйругу менен түзүлгөн ведомстволор аралык комиссия тарабынан кабыл алынган. Реестрге төмөнкү компаниялар киргизилди: “Маткасымов” […]Читать далее