Президент

Садыр Жапаров парламентке кезексиз шайлоого даярдыктардын жүрүшү менен таанышты

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 30-октябрда, Жогорку Кеңештин депутаттарын кезексиз шайлоого даярдык көрүү алкагында Борбордук шайлоо комиссиясы өткөрүп жаткан тесттик аралыктан добуш берүү процессинин жүрүшү менен таанышты. Бишкектеги соода борборлорунун биринде уюштурулган шайлоо участогунда Мамлекет башчысы тесттик добуш берүүгө катышты. Паспортунун жардамы менен онлайн идентификациядан өткөндөн кийин система анын шайлоо округун жана участогун аныктап, […]Читать далее

Министрлер кабинети

Адылбек Касымалиев кинорежиссер Никита Михалковго “Достук” орденин тапшырды

Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Маданият күндөрүнүн алкагында Россия Федерациясынын Маданият министри Ольга Любимова менен жумушчу жолугушуу өткөрдү. Иш-чаранын жүрүшүндө россиялык көрүнүктүү кинорежиссер Никита Михалковго Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыгы “Достук” орденин тапшыруу аземи болуп өттү. Катышуучуларды куттуктоо сөзүндө Адылбек Касымалиев Маданият күндөрүн өткөрүү эки өлкөнүн […]Читать далее

Министрлер кабинети

Эдил Байсалов Орусиянын маданият министри менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов менен Россиянын делегациясынын башчысы катары расмий сапар менен Бишкекке келген Орусиянын маданият министри Ольга Любимованын ортосунда сүйлөшүүлөр болду. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар маданий-гуманитардык тармактардагы кыргыз-орус кызматташтыгынын учурдагы абалы жана келечегин талкуулашты. Эдил Байсалов Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы мамилелер бекем тарыхый жана маданий байланыштарга негизделген стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык менен […]Читать далее

Экономика

“Айыл чарбасын каржылоо-13” долбоору боюнча 4,08 млрд сом насыя берилди

 16-октябрга карата “Айыл чарбасын каржылоо-13” долбоордун алкагында 4 млрд 81 млн сом жеңилдетилген насыя берилди. Финансы министрлигинен билдиришкендей, насыяны республиканын 6 487 айылдык товар өндүрүүчүлөрү алды. Анын ичинде: “Мал чарбачылык” тармагы боюнча 3 381,37 млн сом суммасында 5 443 субъектти түзөт; “Өсүмдүк өстүрүүчүлүк” тармагы боюнча 441,02 млн сом суммасында 898 субъектти түзөт; “Сууну үнөмдөөчү технологиялар” […]Читать далее

Министрлер кабинети

Касымалиев: Президенттин “жаңы Кыргызстанды куруу” идеясы ишке ашууда

Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Кыргыз Республикасын 2030-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук программасын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Иш-чаралар планынын долбоорун талкуулаган Улуттук өнүктүрүү форумуна катышты. Анда сөз сүйлөгөн МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев форумдун максаты – Кыргызстан үчүн бүгүнкү күндөгү маселелерди эмес, эртеңки мүмкүнчүлүктөрүн талкуулоо. Ал өлкөнү 2026-жылга […]Читать далее

Шайлоо

Шайлоо учурунда мыйзамдуулукту камсыз кылуу боюнча жыйын өттү

Ушул жылдын 30-ноябрына белгиленген шайлоо процессинде мыйзамдуулукту камсыз кылуу боюнча ведомстволор аралык жыйын өттү. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Жыйын Башкы прокуратуранын демилгеси башкы прокурордун биринчи орун басары Баймурза Маатовдун жетекчилиги алдында өткөрүлдү. Жыйынга Жогорку соттун төрагасынын орун басары Нургүл Бакирова, ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башкармалыгынын башчысы, Шайлоо […]Читать далее

Коом

9 айда өрт коопсуздугун сактабагандарга 11,7 млн сом айып салынды

Өрттү көзөмөлдөө кызматы 2025-жылдын 9 айында мамлекеттик жана жеке ишкердик субъектилерде жалпы 6 595 текшерүү жүргүздү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, бул 2024-жылдын 9 айына салыштырмалуу 10 пайызга көп. Аныкталган мыйзам бузуулар боюнча 4 269 көрсөтмөлөр берилип, 588 административдик протоколдун негизинде 11 млн 790 миң 500 сом айып пул салынды. Айып пулдун көлөму 2024-жылдын тийиштүү мезгилине […]Читать далее

Экономика

Кыргызстандын мөмө-жемиштери Европага кеңири экспорттоло баштады

Кыргызстандын мөмө-жемиштери Европа өлкөлөрүнө кеңири экспорттоло баштады. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Өлкөнүн дээрлик бардык аймактарында жана райондорунда мөмө-жемиш өсүмдүктөрүн өстүрүү үчүн жагымдуу жаратылыш-климаттык шарттар бар. Жаратылыш жапайы мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнө — жапайы алма, өрүк, жаңгак токойлору, кулпунай, малина, бүлдүркөн жана ар кандай карагат түрлөрүнө бай. Багбанчылык тармагы […]Читать далее

Коом

“Бирдиктүү терезе” Бажы кызматына өткөн 2 айда ишкерлерди тейлөө 34

“Тышкы соода чөйрөсүндөгү “Бирдиктүү терезе” борбору” мамлекеттик ишканасы Бажы кызматына өткөн 2 ай ичинде буга чейинки айларга салыштырмалуу 34 пайызга ишкерлерди тейлөө саны көбөйүп, сапаты да жогорулады. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алмаз Салиев “Биринчи радионун” түз эфиринен билдирди. Анын айтымында, ошону менен бирге киреше жагы да 17 пайызга көтөрүлгөн. “Алдыда “Бирдиктүү терезе” боюнча […]Читать далее

Аймак

Ошто “Кең-Сай” көмөк чордону пайдаланууга берилди

Ош шаарында 110/10 кВ “Кең-Сай” көмөк чордону пландалган мөөнөтүнөн мурда бүткөрүлүп, ишке киргизилди. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти. Ачылыш аземине энергетика министри Таалайбек Ибраев жана Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев, “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААКтын башкы директору Илгиз Сыдыгалиев жана жергиликтүү тургундар катышты. Көмөк чордонду куруу иштери “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААК тарабынан ишке ашырылып, […]Читать далее