Укук тартиби

Денеге оор залал келтирүү фактысы боюнча УКТ мүчөсү кармалды

Билим берүү борборунун биринин кароолчусунун денесине оор залал келтирүү фактысы боюнча уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Атайын кызмат уюшкан кылмыштуу топтордун мыйзамсыз аракеттерине бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн иштердин алкагында бир топ адамдар тарабынан кол салуу жана ур-токмокко алуу фактысы боюнча бокс боюнча машыктыруучу Б.Б.Ш. аттуу жаранды кармады. Ал […]Читать далее

Билим

“Себаттын” үч мектеби Агартуу министрлигине өткөрүлүүдө

“Себаттын” үч мектеби Агартуу министрлигинин карамагына өткөрүлүүдө. Бул тууралуу министр Догдуркүл Кендирбаева “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди. Анын айтымында, учурда алардын бири боюнча юридикалык тактоо иштери жүрүүдө. “Бул мектептерде окуу процесси толук кандуу жана үзгүлтүксүз уланат”, – деди министр. Булак “Кабар” агенттигиЧитать далее

Аймак

Өзгөндө 103,9 гектар жерди мыйзамсыз трансформациялоонун алдын алынды

Өзгөн районунда 103,9 гектар жерди мыйзамсыз трансформациялоонун алдын алынды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Маалыматка ылайык, КР президентинин “Жер мунапысынын” алкагында мыйзамсыз аракеттерди аныктоо боюнча тапшырмасынын негизинде УКМК тарабынан “Жер мафиясы” атыккан кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Аталган кылмыштуу топ жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жасалма токтомдорунун негизинде Өзгөн районунун Кош-Коргон айылынын аймагынан […]Читать далее

Коом

Тажикстан Кыргызстандын санариптештирүү жаатындагы тажрыйбасын үйрөнүүдө

“Бүгүн бизге Тажикстандын өкмөтүнөн чоң делегация келди. Алар өлкөбүздөгү санариптештирүү тармагындагы жетишкендиктер менен таанышып, үйрөнүп тажрыйба алып жатышат”, – деп жазды президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасына. Анын айтымында, бул окуя акыркы жылдары өлкөдө жүргүзүлүп жаткан реформалардын жемиши, маанилүү жыйынтыгы. “Кечээ эле мамилебиз чыңалып турган эле. Бүгүн ынтымак өкүм сүргөн […]Читать далее

Аймак

“Каркыра-автожол” көзөмөлдөө өткөрүү пункту 24 сааттык иштөө режимине өттү

Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгы 25-августтан тарта “Каркыра-автожол” көзөмөлдөө-өткөрүү пункту суткалык иштөө режимине өткөндүгүн маалымдайт. Мындай чечимдин кабыл алынышы Казакстандын президенти Кыргызстандагы расмий иш сапарынын алкагында президент Садыр Жапаров менен жогорку деңгээлдеги эки тараптуу макулдашуунун жыйынтыгында мүмкүн болду. Бул макулдашуу эки өлкөнүн жетекчилигинин жакшы коңшулук мамилелерди чыңдоого жана экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө умтулууларын айгинелейт. […]Читать далее

Билим

Жаңы окуу жылында өлкө боюнча 57 мектеп жана 20 бала

2025-2026-окуу жылында өлкө боюнча 57 жаңы мектеп жана 20 жаңы бала бакчанын ачылышы күтүлүүдө. Бул тууралуу агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди. Анын айтымында, мындан тышкары айрым мектептерде ири капиталдык оңдоп-түзөө иштери жүрүп жаткандыктан, алар жаңы окуу жылынын башында ачылбайт. “Мындай мектептердин окуучулары убактылуу атайын ылайыкталган имараттарда же жакынкы башка мектептерде билим […]Читать далее

Коом

Бишкекте үч эм жарыкка келди

Бишкекте үч эм жарыкка келди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги маалымдады. Маалыматта белгиленгендей, 20-августта Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун Перинаталдык борборуна Бишкек шаарынын 34 жаштагы тургуну 38 жумалык кош бойлуулугу менен жаткырылган. Кош бойлуулуктун өзгөчөлүгүнө байланыштуу дарыгерлер кесарево операциясын жасоону чечишкен. 21-августта салмагы 2700 грамм жана бою 48 см болгон эркек бала жана салмагы […]Читать далее

Экономика

“Казарман жана Көкөмерен ГЭСтер каскадын куруу” долбоорлорунун болжолдуу баасы 6,2

“Казарман жана Көкөмерен ГЭСтер каскадын куруу” долбоорлорунун болжолдуу баасы 6,2 млрд долларды түзөт. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти. Энергетика министри Таалайбек Ибраев “Орто Азия инвестициялык холдинг” ААКтын директорлор кеңешинин төрагасы Ахмет Мюджахит Орен, директорлор кеңешинин мүчөсү Гезер Селчук, башкармалыктын төрагасы ⁠Сур Мухаммет Халук менен бир нече жолу жолугушуу өткөрдү. Жолугушуунун алкагында “Казарман жана Көкөмерен ГЭСтер […]Читать далее

Министрлер кабинети

Данияр Амангелдиев Тажикстандын премьер-министринин биринчи орун басары баштаган делегация менен

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев менен Тажикстан Республикасынын Премьер-министринин биринчи орун басары Хоким Холикзода башында турган Тажикстан Республикасынын делегациясынын жолугушуусу болуп өттү. Тажик делегациясынын иш сапары эки мамлекет башчыларынын ортосундагы макулдашууларды ишке ашыруунун алкагында уюштурулду. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар экономикалык өнөктөштүктү кеңейтүү, чек ара кызматташтыгын чыңдоо, ошондой эле инфраструктура жана энергетика тармагында биргелешкен […]Читать далее

Аймак

Балыкчыда 35 гектардан ашык жер мамлекетке кайтарылды

Балыкчы шаарындагы “Ынтымак” ААКтын (мурдагы Балыкчы жемиш-чарба совхоз-комбинаты) 35,4 га аянттагы жер тилкелери мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Атайын кызмат тарабынан мурда мыйзамсыз менчиктештирилген жер тилкелерин мамлекеттин менчигине кайтаруу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруунун алкагында “Ынтымак” ААКтын жерлерин менчиктештирүүнүн мыйзамдуулугу боюнча текшерүү иштери жүргүзүлдү. Текшерүүнүн жүрүшүндө аталган акционердик коом тарабынан […]Читать далее