Экономика

Бишкекте Өзбекстан менен биргеликте жаңы логистикалык борбор курулууда

Кыргызстандын борборунда эл аралык деңгээлдеги “А” класстагы жаңы логистикалык борбор ачылат. Бул тууралуу Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунан кабарлашты. Долбоор Өзбекстандын колдоосу менен ишке ашырылып, өлкөнүн транспорттук-логистикалык системасынын маанилүү булагы болмокчу. Курулуш үчүн “Белор-Строй” компаниясы менен кредиттик келишим түзүлгөн. Жаңы комплекс 1,7 гектар жерди ээлейт. Ал 31 жаңы жумуш ордун түзүп, ишкерлерге заманбап эл аралык стандарттарга жооп […]Читать далее

Экономика

1-сентябрдан тарта агрегаторлор таксисттер жана курьерлер үчүн салык төлөй баштайт

Мамлекеттик салык кызматы 2025-жылдын 1-сентябрынан тартып санариптик платформалар (агрегаторлор) алардын маалыматтык системаларын колдонгон жеке жактар үчүн киреше салыгын жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөй тургандыгын эскертет. Ведомстводон маалымдашкандай, салык мыйзамдарына ылайык, көрсөтүлгөн күндөн тартып агрегаторлордун маалыматтык системаларын колдонгон таксомотордук ташуу жана жүк ташуучуларды курьердик жеткирүү жана башка ушул сыяктуу категорияларда иштеген жактар үчүн салык салуунун жаңы тартиби […]Читать далее

Министрлер кабинети

Касымалиев бир катар мамлекеттик органдарга 63 даана жаңы автотранспорттун ачкычын

Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Энергетика министрлигине, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү министрлигине, Ички иштер министрлигине жана башка бир катар ммлекеттик органдарга жаңы автоунаалардын ачкычын тапшырды. Анда сөз сүйлөгөн МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев алгач иш-чарага чогулгандарды Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун жана жалпы Министрлер Кабинетинин атынан алдыда […]Читать далее

Коом

Өлкөдө бир жумада 23,5 миң айдоочу жол эрежесин бузган

18-августтан  24-августка чейин алдын ала маалымат боюнча, 23 502 жол эрежесин бузуу фактылары аныкталды. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, анын ичинен: тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу – 1006; мас абалында авто транспорт каражатын башкаруу – 273; авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу – 180; жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар – 805; транспорт каражаттарынын […]Читать далее

Министрлер кабинети

Минкаб айрым дары-дармек жана медициналык буюмдарды ташып келүүнү жөнөкөйлөштүрдү

Министрлер кабинети кабыл алган токтомго ылайык, каттоосуз ташып келүүгө жана медициналык колдонууга убактылуу уруксат берилген дары препараттарынын жана медициналык буюмдардын атайын тизмегин түзүү тартиби жана дары препараттарын жана медициналык буюмдарды чыгаруу, киргизүү критерийлери тиркемеге ылайык бекитилди. Токтом саламаттык сактоо системасы үчүн зарыл болгон, бирок Кыргызстандын аймагында мамлекеттик каттоодон өтпөгөн же 6 ай жана андан ашык мезгил ичинде […]Читать далее

Экономика

Жайыл району помидордун түшүмдүүлүгү боюнча дүйнөлүк рекордго чыкты

Жайыл району помидордун түшүмдүүлүгү боюнча дүйнөлүк рекордго чыкты. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, районудо 270 гектар аянтка помидордун хайнц жана есесем сортторуэгилип, анын түшүмдүүлүгү боюнча дүйнөлүк рекорд жаралууда. “Түшүмдүүлүк гектарынан 120 тоннага чыгып жатат. Дүйнөдө эң жогорку түшүмдүүлүктү салттуу түрдө Түндүк Америкада гектарынан 90 тоннага […]Читать далее

Аймак

Камчыбек Ташиев Өзгөн районуна жаңы оорукана курууну тапшырды

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн Өзгөн райондук ооруканасынын абалы менен жеринен таанышты. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти. Ал оорукананын эскилиги жеткен имараттарын көрүп, учурдагы шарттар заман талабына такыр жооп бербей турганын белгиледи. Медицина кызматкерлери жана бейтаптар үчүн ыңгайсыз болгон шарттарга күбө болгон Ташиев калктын саламаттыгы мамлекет […]Читать далее

Спорт

Өзгөндө футбол стадиону салтанаттуу ачылды

Өзгөн шаарында Зулпукар Ормонов спорттук комплекси салтанаттуу ачылды. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти. Ачылыш аземи Кыргызстандын Премьер-Лигасынын 18-турунун алкагындагы “Өзгөн” – “ОшМУ” футболдук клубдарынын беттеши менен уланды. Салтанатка Кыргыз футбол биримдигин президенти Камчыбек Ташиев катышты. “Кыргызстандын спорт тарыхы үчүн дагы бир маанилүү объект ачылып жатат. Бул комплекс спорттун бардык түрлөрүнө арналган борбор болуп, жаштарга […]Читать далее

Аймак

Ош шаарынын мэриясына 10 унаа белекке берилди

“Жалал-Абаддык туугандардан Ош шаарынын элине белек” деп жазылган он унаа Ош шаарынын мэриясына белек катары тапшырылды. Муниципалитеттен билдиришкендей, унааларды Жалал-Абад облусунун тургуну, ишкер Асылбек Муратбеков Ош шаарында жасалып жаткан жумуштарды көрүп, мэрге колдоо катары алып келгендигин билдирип, ачкычтарын Жеңишбек Токторбаевге тапшырды. Бул унаалар жакынкы күндөрү муниципалдык VIP такси катары каттамга чыгарылат. Эске салсак, Ош шаарында […]Читать далее

Президент

Садыр Жапаров Бишкекте №7702 аскер бөлүгүнүн жаңы имаратын ачты

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 23-августта, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чарага, ошондой эле №7702 аскер бөлүгүнүн жаңы имараттарынын ачылыш аземине катышты. Иш-чарага ошондой эле Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – УКМКнын Төрагасы Камчыбек Ташиев, ички иштер министри Улан Ниязбеков, ардагерлер жана өздүк курам катышты. Мамлекет башчысы өз сөзүндө […]Читать далее