Ош облустук милициясынын Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын улук ыкчам кызматкери опузалап акча талап кылуу фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Ички иштер органдарынын тутумундагы коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу боюнча УКМК жана ИИМдин Ички иликтөө кызматы менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Ош ОИИБдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын улук ыкчам кызматкери М.З.У. […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Жарлыкка кол койду, ага ылайык көп профилдүү мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарын бириктирген заманбап медициналык шаарчаны куруу, калкка комплекстүү жана борборлоштурулган медициналык кызматтарды көрсөтүү, инклюзивдүү бейтаптарга багытталган чөйрөнү түзүү, Кыргыз Республикасында саламаттык сактоонун инфраструктурасын масштабдуу модернизациялоо жана интеграциялоо максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылынат: 1. Медициналык шаарчаны куруу стратегиялык […]Читать далее
Лейлек районунун Бешкент айылындагы 500 орундуу З.М.Бабур атындагы жаңы мектептин курулушу аяктады. Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришкендей, объектинин курулушу эки жыл мурда республикалык бюджеттин эсебинен башталган. Окуучулар жана окутуучулар үчүн бардык ыңгайлуу шарттар каралган. Мектептин жалпы аянты 3 220,47 чарчы метрди түзөт. Заманбап, жаңы мектептин каалгасы 1-сентябрда ачылат.Читать далее
Жети-Өгүз районунун Кичи-Жаргылчактагы жаңы 100 орундуу бала бакчанын курулушу аяктады. Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришкендей, долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, тендердик баасы 74 млн сомду түздү. Жаңы бала бакча эки кабаттан туруп, жалпы аянты 873 чарчы метрди түзөт. Долбоорго ылайык, тайпалык окуу класстары, оюн жана уктоо бөлмөлөрү, ашкана, дарыгердин бөлмөсү, кабылдама, ошондой […]Читать далее
Бүгүн министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары-УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин катышуусунда УКМК Академиясынын алгачкы курсанттарынын аскердик ант берүүсүнө арналган салтанаттуу азем өттү. Атайын кызматтан билдиришкендей, иш-чараны УКМК төрагасы ачып, ант берген курсанттарды окуу жараянынын башталышы менен куттуктады. Ал өз сөзүндө антка берилгендиктин, патриот болуунун жана жаш офицерлердин жогорку кесиптик даярдыгынын маанилүүлүгүн баса белгиледи. Ташиев куттуктоо сөзүндө […]Читать далее
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаевдин жетекчилиги алдында Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2025-2026-жылдарга карата күз-кыш мезгилдерине даярдоо боюнча республикалык штабдын жыйыны өткөрүлдү. Жыйынга тиешелүү министрликтердин, мамлекеттик жана муниципалдык органдардын жетекчилери, ошондой эле Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана өлкө аймактарындагы энергетика […]Читать далее
Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов кыргыз-казак чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарына электрондук кезек системасы киргизилип жатканын билдирди. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты. Ал белгилегендей, бул чара контрабандага, контрафакттык продукцияларга жана көмүскө экономикага каршы күрөшүүнү күчөтүү максатында ишке ашырылууда. “Электрондук кезек системасы аркылуу жүк ташуучулар алдын ала катталып, белгиленген убакытта өткөрүү пунктунан өтө алышат. Мурдагыдай бир […]Читать далее
25-августка карата мектептерге республика боюнча 206 миң 835 бала кабыл алынды. Бул тууралуу агартуу министринин орун басары Надира Жусупбекова “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди. Ал белгилегендей, кошумча квоталарды эсепке алганда 1-2-класстарга балдарды кабыл алуу үчүн аймактык бөлүмдөр тарабынан 2025-2026-окуу жылына карата берилген орундардын жалпы саны 306 миң 407ни түздү. Мектептерге кабыл алынган 206 миң […]Читать далее
Кыргызстандын Өзбекстандагы Соода өкүлү Данияр Убышалиев Өзбекстандын техникалык жөнгө салуу агенттигинин директору Акмал Жуманазаров менен өнөр жай кооперациясынын алкагындагы кызматташуунун жаңы багыттарын талкуулады, деп маалымдайт өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы. Жолугушууда Кыргызстанда өндүрүлгөн айнек буюмдарын сертификатташтыруу жана өнөр жай продукцияларын лабораториялык сыноодон өткөрүү маселелери көтөрүлдү. Өзбек тарап 1996-жылы Ташкентте кол коюлган стандартташтыруу, метрология жана сертификатташтыруу боюнча […]Читать далее
Акыркы жыл ичинде мектепке чейинки билим берүү менен камтуу рекорддук көрсөткүчкө – 28,3%дан 44,3%га чейин өстү. Бул тууралуу бүгүн “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйында агартуу министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди. Анын айтымында, бүгүнкү күндө 257 миңден ашык бала бакчага барса, дагы 100 миң бала «Наристе» программасы боюнча билим алышкан. Алар менен иштөө үчүн системага […]Читать далее