Акыркы жыл ичинде мектепке чейинки билим берүү менен камтуу рекорддук көрсөткүчкө – 28,3%дан 44,3%га чейин өстү. Бул тууралуу бүгүн “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйында агартуу министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди. Анын айтымында, бүгүнкү күндө 257 миңден ашык бала бакчага барса, дагы 100 миң бала «Наристе» программасы боюнча билим алышкан. Алар менен иштөө үчүн системага […]Читать далее
Чүй облусунда өнөр жай объектиси 2,13 гектар жер тилкеси менен мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти Атайын кызмат тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында Панфилов районунун Чалдовар айылында жайгашкан 2,13 га аянттуу жер тилкеси менен “Чалдовар тигүү фабрикасы” АКтын өнөр жай объектисин мыйзамсыз менчиктештирүү фактысы аныкталды. Аталган объект 2004-жылы “Кыргызстанда Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү жөнүндө” мыйзамдын […]Читать далее
Чолпон-Атада кыргыз-герман бизнес-форуму «Кыргызстанда Германия экономикасынын күнү» болуп өттү
Чолпон-Ата шаарында «Кыргызстанда Германиянын экономикасынын күндөрү» форматындагы иш-чаралардын алкагында уюштурулган кыргыз-герман бизнес-форуму «Кыргызстанда Германия экономикасынын күнү» болуп өттү. Форумдун ачылышында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев куттуктоо сөзү менен чыгып сүйлөдү. Министрлер Кабинетинин башчысы форумдун катышуучуларына кайрылып, анын Ысык-Көлдүн кооз жээгинде өткөрүлүшүнүн символикалуулугун баса белгилеп, ал 2023-жылы Гамбургда […]Читать далее
Күзүндө жайыттарга 173 миң кг үрөн себилет. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Бул иштер жайыттарды калыбына келтирүү жана тоют базасын чыңдоо максатында жүргүзүлмөкчү. Үрөн республикалык бюджеттен бөлүнгөн 50 млн сомдун эсебинен сатып алынат. Учурда сынак аркылуу “Сидс-Агро” жана “Карина-Агро” компаниялары менен келишим түзүлдү. “Жалпы 173 292 кг […]Читать далее
Быйыл Сузак районунда күрүчтүн түшүмү гектарынан 60 центнерге (6 тонна) чейин жетери күтүлүүдө. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, райондо жалпы 3 326 гектар аянтка күрүч эгилген. Учурда түшүм жыйноо жумуштары башталды. Райондогу дыйкандар өткөн жылы орто эсеп менен гектарынан 50 центнерден түшүм алышкан болсо, быйыл […]Читать далее
Кыргызстанда 1,5 миллиондон ашык бала мектепте окуйт. Бул тууралуу агартуу министринин орун орун басары Надира Жусупбекова “Кабар” агенттигинде өтүп жаткан маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, өлкө боюнча жалпы 2394 мектеп бар. “Орто мектептерде окуучуларга 93 миңден ашык мугалим сабак берет”, – деди ал. Белгилей кетсек, саналуу күндөрдөн кийин өлкөдө жаңы окуу жылы башталат. Булак “Кабар” […]Читать далее
Президенттин Тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгын ишке ашыруу боюнча атайын өкүлү Динара Кемелова Ысык-Көл облусунун Чоң-Кызыл-Суу айылында “Климат-Тоолор-Жаштар” лагеринин ачылышына катышты. 22-августтан 28-августка чейин гидрометеорологиялык станциянын аймагында ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси жана президенттин тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча беш жылдык аракеттерди ишке ашыруу боюнча атайын өкүлү, Альпинизм жана спорттук альпинизм федерациясы, ошондой эле Улуттук […]Читать далее
Ош шаарында дипломаттар шаарчасы курулат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Бүгүн мэр Жеңишбек Токторбаев Россия, Казакстан жана Өзбекстандын Оштогу башкы консулдары менен жолугушуп, консулдуктар үчүн бөлүнгөн жер тилкеси менен тааныштырды. Дипломаттар шаарчасы Алымбек Датка аймактык башкармалыгынын аймагында жайгашат. Жалпы аянты 35 миң чарчы метрди түзүп, ар бир консулдукка 20 сотыхтан жер каралат. Шаар бийлиги бардык зарыл […]Читать далее
Улуттук банк башкармалыгы 25-августта эсептик ченди (негизги чен) 9,25 пайыз деңгээлинде калтыруу чечимин кабыл алды. Финансылык жөнгө салуучу органдан маалымдашкандай, чечим бүгүн, 26-августтан тартып күчүнө кирет. Маалыматка караганда, Кыргызстанда инфляция 2025-жылдын башталышынан тартып 5,0 пайызды, жылдык мааниде – 9,4 пайызды түздү. Учурда түптөлгөн инфляция, азык-түлүккө дүйнөлүк баалардын туруксуздугу коньюнктурасынын алкагында тышкы факторлордун таасири астында жана […]Читать далее
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин жооптуу кызмат адамдарына карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Бишкек шаарынын прокуратурасы тарабынан Маданият министрлигинде президенттин фондунан министрликке бөлүнгөн 300 млн сомдун сарпталышынын мыйзамдуулугуна текшерүү жүргүзүлгөн. Текшерүүнүн жыйынтыгында, 7,6 млн сом акча каражаты министрлик тарабынан максатсыз жумшалгандыгы, Дене тарбия жана спорт департаменти тарабынан мониторинг жүргүзүлбөй, 6,2 […]Читать далее