“Кыргызстан билими жетик, илими терең, ошону менен улуттук нарк-насилди урматтаган, дүйнөлүк ой жүгүртүүгө ээ жаштарга муктаж”, – деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 31-октябрда, жогорку окуу жайлардын студенттерине Президенттик стипендия тапшыруу аземинде. Мамлекет башчысынын сөзү: “Келечектен көптү үмүттөндүргөн ардактуу жаштар! Бүгүнкү иш-чаранын урматтуу катышуучулары! Биз бүгүн Кыргызстандын келечегинин кепилдиги болгон үлгүлүү жаштардын ийгилигин […]Читать далее
Бишкек шаарында 2025-жылдын 3-ноябрынан тарта 2025–2026-жылдардагы жылытуу мезгили башталат. Муниципалитеттен билдиришкендей, ошол күнү кечинде Бишкек жылуулук электр борборунун кызматкерлери жылуулук өндүрүү жана аны андан ары “Бишкек жылуулук тармагы” муниципалдык ишканасына берүү процессин баштайт. Бардык колдонулуп жаткан жабдуулар күчөтүлгөн режимде иштөөдө, техникалык кызматкерлер коюлган параметрлерди камсыздоого толук даяр. “Бишкекжылуулуктармагы” жана “Бишкекжылуулукэнерго” муниципалдык ишканалары бардык даярдык иштерин […]Читать далее
Ысык-Көл облусунда жыл башынан бери 36 272 даана “акылдуу” эсептегич орнотулду. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти. Бул иштер энергетика тармагын модернизациялоо жана электр энергиясын бөлүштүрүү менен эсепке алуунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында жүргүзүлүп жатат. Иштер Ысык-Көл электр тармактар ишканасы тарабынан аткарылды. Анын ичинен: Жети-Өгүз РЭТ – 10 224 даана; Балыкчы РЭТ – 5 797 даана; Ак-Суу […]Читать далее
Агартуу министрлиги билим берүү уюмдарынын 2025-2026-жылдарга жылытуу мезгилине даярдыгы тууралуу маалымат берди. Ведомствонун маалыматына ылайык, Кыргызстанда балдар бакчалары, мектептер, чыгармачылык үйлөрү жана билим берүү борборлорунун коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрү жана күз-кыш мезгилине көмүр сатып алуу чыгымдары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан каржыланат. Ал эми Баткен облусунун билим берүү уюмдары 2022-жылдан тартып республикалык бюджет аркылуу Агартуу […]Читать далее
Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу үчүн талапкерлерди көрсөтүү аяктады. Бул тууралуу БШКдан билдиришти. Маалыматка ылайык, 30-октябрда саат 18:00дө Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого көп мандаттуу шайлоо округдарынан талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү аяктады. Жалпысынан шайлоону утурлай 589 талапкер көрсөтүлдү, анын ичинен эркектер – 365, аялдар – 224. 30-октябрга карата 168 талапкер катталды, 19 талапкер […]Читать далее
Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору Алпаслан Жейландын чакыруусу боюнча иш сапары менен Түркиянын Кахраманмараш шаарына барды. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты. Иш сапардын жүрүшүндө Салык кызматынын төрагасы Түркиянын алдыңкы зергерчилик борборлорунун бири, өзүнүн бай кол өнөрчүлүк салттары, заманбап технологиялары жана зер буюмдарын өндүргөн өнөр жай аянтчалары менен белгилүү Кахраманмараш шаарынын зергерчилик […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров “Кабар” маалымат агенттигине өлкөдөгү электр энергиясынын тартыштыгы боюнча комментарий берип, кырдаал акыркы беш жылда кыйла жакшырганын белгиледи. — Саламатсызбы. Садыр Нургожоевич акыркы убакта электроэнергиянын тартыштыгы маселеси коомчулукту тынчсыздандырган темалардын бири болууда. Жакында эле Кара-Көл ГЭСинин ачылышында сиз дагы бул көйгөйдүн чынында эле бар экенин айтып, маселе эки жарым жылдан кийин чечилерин билдирдиңиз. Бирок, […]Читать далее
Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлиги Улуттук банк менен биргеликте жарандардын каржылык коопсуздугунун жаңы механизмин – “Насыя алууга өз алдынча тыюу салуу” киргизилгенин жарыялады. Бул тууралуу Улуттук банкта өткөн маалымат жыйынында санариптик өнүктүрүү министри Азамат Жамангулов билдирди. Анын айтымында, Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан демилгеленген бул механизмге президет 2025-жылы 30-июлда кол койгон, мыйзам 1-ноябрдан тарта күчүнө […]Читать далее
Бүгүн, 30-октябрда Манас шаарында чек ара аскерлеринин колбашчыларынын кеңешинин (ЧАКК) 91-отуруму өттү. Чек ара кызматынан маалымдашкандай, иш-чарага КМШга мүчө мамлекеттердин сегиз чек ара ведомствосунун (Азербайжан, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан), ЧАКК Координациялоо кызматынын делегациялары, КМШнын өз ара кызматташкан органдарынын, Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун катчылыгынын, ШКУнун Аткаруу комитетинин Аймактык антитеррордук түзүмүнүн, Чек ара […]Читать далее
9 айда республика боюнча мал-жандыкты күзгү эмдөө иштери 102 пайызга аткарылды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Учурда республика боюнча ветеринардык кызматтар тарабынан мал-жандыктардын ар кандай жугуштуу ооруларынын алдын алуу максатында күзгү эмдөө жана профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлүүдө. 2025-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча ветеринардык-санитардык, профилактикалык жана эпизоотияга каршы иш-чаралар […]Читать далее