Аймак

Таш-Көмүрдө 96 батирлүү ипотекалык үйлөр пайдаланууга берилди

Бүгүн Таш-Көмүр шаарына караштуу Кызыл-Алма айылында 96 батирлүү ипотекалык үйлөр пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Аталган турак үй Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан толук реконструкциядан өткөн. Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев, президенттин өкүлү Тилек Текебаев, президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев, Мамлекеттик ипотекалык […]Читать далее

Коом

Башкы прокуратура ишкерлерди коргогон атайын бөлүм ачты

Башкы прокуратура ишкерлерди коргогон атайын бөлүм ачты. Бул тууралуу “Улуттук инвестициялык диалог” аталышындагы иш-чарада башкы прокурордун биринчи орун басары Баймурза Маатов билдирди. Анын айтымында, президент Садыр Жапаровдун «Менчикти коргоо жана инвесторлор менен ишкерлерди колдоо боюнча» жарлыгына ылайык, прокуратура органдарына бизнести негизсиз текшерүүгө бөгөт коюу, менчикти жана инвестицияларды коргоону камсыздоо, лицензиялоо, бажы, салык жөнгө салуу тармагындагы […]Читать далее

Аймак

УКМК Ошто лицензиясы жок иштеген 84 акча алмаштыруу жайын аныктады

Жүргүзгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын алкагында “Достук-автожол” көзөмөл өткөрүү пунктунун аймагында тиешелүү лицензиялары жок валюта алмаштыруу операцияларын жүргүзгөн чарба субъекттеринин ишмердүүлүгү токтотулду. УКМКдан такташкандай, көзөмөл өткөрүү пунктуна жанаша жайгашкан аймакта чет өлкөлүк валюта алмаштыруу кызматын көрсөткөн 116 пункт аныкталды, алардын 84үнүн тиешелүү лицензиясы жок. Буга чейин УКМК Улуттук банктын Оштогу кеңсесинин катышуусунда атайын иш-чараларды уюштуруп, анын жүрүшүндө […]Читать далее

Коом

Бишкекте күн сууктап, кар жаайт

Бишкекте жакынкы күндөрү аба ырайы кескин сууктап, кар жаайт. Синоптиктердин маалыматы боюнча, бүгүн, 31-октябрда борбор калаада күн жылуу. Күндүз абанын температурасы +18…+20°С, жаан-чачын күтүлбөйт. 1-ноябрь, ишемби Түнкүсүн +3…+5°С, күндүз жаан жаайт, абанын температурасы +7…+9°С чейин төмөндөйт. 2-ноябрь, жекшемби Аба ырайы кайра жылуулайт: түнкүсүн +1…+3°С, күндүз +14…+16°С. 3-ноябрь, дүйшөмбү Түнкүсүн 0…+2°С, күндүз ала булут каптайт, күндүз […]Читать далее

Аймак

Баткенде жыл башынан бери 43 685 “акылдуу” эсептегич орнотулду

Баткен облусунда жыл башынан бери 43 685 “акылдуу” эсептегич орнотулду. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, райондор боюнча көрсөткүчтөр төмөндөгүчө: Баткен райондук электр тармактары – 13 248 даана; Кадамжай райондук электр тармактары – 13 056 даана; Кызыл-Кыя райондук электр тармактары – 17 381 даана. Учурда Баткен электр тармактар ишканасында 128 600 абонент катталган. Анын ичинен: […]Читать далее

Аймак

Талас облусунун кире беришиндеги арка реконструкцияланууда

Талас облусунун кире беришиндеги арка реконструкцияланууда. Облустук өкүлчүлүктөн маалымдашкандай, учурда арканын айланасындагы аймакта ири өзгөрүүлөр жүрүүдө. Он жылдар бою жаңыртылбаган облустун кире беришиндеги арка толук реконструкциядан өтүп, эски контейнерлер жана убактылуу курулуштар алынууда. Жол төрт тилкеге чейин кеңейтилди. Жаңы инфраструктуранын алкагында кофейня, эне жана бала үчүн бөлмө, жылытуу пункту, дааратканалар жана жашыл эс алуу аймагы […]Читать далее

Экономика

Бишкек жана Чүйдү газдаштырууга 10,5 млн сом жеңилдетилген насыя берилди

Бишкек шаарын жана Чүй облусун газдаштырууга 10,59 млн сом суммасында жеңилдетилген насыя берилди. Финансы министрлигинен билдиришкендей, жеңилдетилген насыя 84 каржылоо субъектисине берилди. Аталган долбоорду ишке ашырууга “Айыл Банк” жана “Элдик Банк” ААК катышууда. Кредиттөөнүн көлөмү 200 млн сом суммасын түзөт. Белгилей кетсек, министрлер кабинетинин токтому менен “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарын жана Чүй облусун газдаштыруу боюнча […]Читать далее

Президент

Президент: Кыргызстан билими жетик, илими терең жаштарга муктаж

“Кыргызстан билими жетик, илими терең, ошону менен улуттук нарк-насилди урматтаган, дүйнөлүк ой жүгүртүүгө ээ жаштарга муктаж”, – деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 31-октябрда, жогорку окуу жайлардын студенттерине Президенттик стипендия тапшыруу аземинде. Мамлекет башчысынын сөзү: “Келечектен көптү үмүттөндүргөн ардактуу жаштар! Бүгүнкү иш-чаранын урматтуу катышуучулары! Биз бүгүн Кыргызстандын келечегинин кепилдиги болгон үлгүлүү жаштардын ийгилигин […]Читать далее

Коом

Бишкекте 3-ноябрдан тарта жылуулук бериле баштайт

Бишкек шаарында 2025-жылдын 3-ноябрынан тарта 2025–2026-жылдардагы жылытуу мезгили башталат. Муниципалитеттен билдиришкендей, ошол күнү кечинде Бишкек жылуулук электр борборунун кызматкерлери жылуулук өндүрүү жана аны андан ары “Бишкек жылуулук тармагы”  муниципалдык ишканасына берүү процессин баштайт. Бардык колдонулуп жаткан жабдуулар күчөтүлгөн режимде иштөөдө, техникалык кызматкерлер коюлган параметрлерди камсыздоого толук даяр. “Бишкекжылуулуктармагы” жана “Бишкекжылуулукэнерго” муниципалдык ишканалары  бардык даярдык иштерин […]Читать далее

Аймак

Жыл башынан бери Ысык-Көлдө 36 миңден ашык “акылдуу” эсептегич орнотулду

Ысык-Көл облусунда жыл башынан бери 36 272 даана “акылдуу” эсептегич орнотулду. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти. Бул иштер энергетика тармагын модернизациялоо жана электр энергиясын бөлүштүрүү менен эсепке алуунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында жүргүзүлүп жатат. Иштер Ысык-Көл электр тармактар ишканасы тарабынан аткарылды. Анын ичинен: Жети-Өгүз РЭТ – 10 224 даана; Балыкчы РЭТ – 5 797 даана; Ак-Суу […]Читать далее