Коом

Бишкекте 2030-жылга чейин Улуттук өнүктүрүү программасынын долбоору талкууланды

Күн мурун Бишкекте 2030-жылга чейинки Улуттук өнүктүрүү программасынын долбоору талкууланды. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Иш-чарага президенттин администрациясынын өкүлдөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары, мамлекеттик органдар, жарандык коом, илимий чөйрө, көзкарандысыз эксперттер жана эл аралык өнөктөштөр катышты. Жолугушууда программа боюнча иш уланууда жана Экономика министрлиги жарандардын сунуштарын күтүп жатканы айтылды. Улуттук программа – индустриялаштыруу, транспорттук […]Читать далее

Билим

12 жылдык билим берүүгө даярдоо курсунан 17 миңге жакын мугалим

Республика боюнча12 жылдык билим берүүгө даярдоо курсунан 17 миңге жакын мугалим окутулду. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институтунун директору Алмазбек Токтомаметов билдирди. Анын айтымында, мугалимдерди окутуу үчүн атайын Сингапурдан адистер келип, жер-жерлерде сабак өтүшкөн. “Учурда бул мугилимдер алган билимин ийгиликтүү колдонуп жатышат. Жыйынтык жакшы”,-деди […]Читать далее

Жогорку Кеңеш

Жогорку Кеңештин төрагасы Өзбекстандын элчисин кабыл алды

Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Өзбекстандын Кыргызстандагы элчиси Саидикрам Ниязходжаевди кабыл алды. Жолугушууда кыргыз-өзбек алакаларынын учурдагы абалы, эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык байланыштарды өнүктүрүү маселелери талкууланып, парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү тууралуу да сөз болду. Алгач Нурланбек Тургунбек уулу Саидикрам Ниязходжаевди Кыргызстандагы дипломатиялык ишмердүүлүгүнүн башталышы менен куттуктап, дасыккан, тажрыйбалуу элчи катары боордош эки элдин […]Читать далее

Укук тартиби

Бишкекте дагы бир төргөөчү 5 миң доллар пара менен кармалды

Ички иштер министрлгинин дагы бир тергөөчүсү пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Атайын кызмат тарабынан укук коргоо органдарында коррупцияга каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында Биринчи май райондук ИИБнын тергөөчүсүнө карата опузалап пара талап кылуу фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Тергөөнүн жүрүшүндө Биринчи май райондук ИИБнын Тергөө кызматынын […]Читать далее

Министрлер кабинети

Адылбек Касымалиев Ханой шаарында Вьетнамдын бизнес-коомчулугу менен жолугушту

Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Вьетнам Социалисттик Республикасына расмий визитинин алкагында Ханой шаарында Вьетнамдын бизнес-коомчулугу менен жолугушууга катышты. Иш-чарага ар кандай тармактарда иштеген ишкер чөйрөлөрдүн 70ке жакын өкүлү катышты.  Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Вьетнамдын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүнүн перспективалары, инвестицияларды тартуу, ошондой эле экономиканын ар кыл тармактарындагы биргелешкен долбоорлор талкууланды. МинКаб башчысы […]Читать далее

Министрлер кабинети

Адылбек Касымалиев менен Вьетнамдын Премьер-министри Фам Минь Тинь өлкөнүн биринчи

Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Вьетнам Социалисттик Республикасына расмий визитинин алкагында өлкөнүн Премьер-министри Фам Минь Тинь менен бирге президенттик сарайдын аймагында жайгашкан Вьетнамдын биринчи Президенти Хо Ши Мин атындагы Мемориалдык комплекске барышты. Тактап айтканда, Өкмөт башчылары 1958-жылдын майынан 1969-жылдын августуна чейин өзү жашаган жана иштеген Хо Ши Миндин үйү менен таанышты. […]Читать далее

Кадр саясаты

Кара-Кулжа районунун акими алмаштырылды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктуна, 71-беренесине ылайык Ош облусунун Кара-Кулжа районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Кулубаев Дамир Садырбекович берген арызына ылайык ээлеген кызмат ордунан бошотулду. Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктуна, 71-беренесине, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация […]Читать далее

Коом

Кыргызстандын паспорту дүйнөлүк рейтингде позициясын жакшыртты

Кыргызстандын паспорту “Паспорт индекси” паспортторунун интерактивдүү рейтингиндеги позициясын 2023-2024-жылдары салыштырмалуу 14 пунктка жакшыртты. Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, үстүбүздөгү жылдын 6-мартына карата КР паспорту 67-орунду ээледи. Ведомствонун маалыматына караганда, Кыргызстан тарабынан 2024-жылдын сентябрында Нью-Йорк шаарында БУУнун Башкы ассамблеясынын талааларында кол коюлган КР министрлер кабинети менен Албания, Черногория, Таиланд Королдугу, Венесуэла Боливардын өкмөттөрүнүн ортосундагы дипломаттык жана кызматтык […]Читать далее

Коом

Бишкекте 2024-жылы 6 негизги жол оңдолуп, 785 автобус сатып алынды

2024-жылы иш жүзүндө түшкөн киреше 37 млрд 47,2 млн сомду түзүп, план 101,6 пайызга аткарылган. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев жалпы шаардык бюджеттик угууда билдирди. Калаа башчысынын маалыматы боюнча 2023-жылга салыштырмалуу иш жүзүндө киреше түшүүлөрдүн өсүү темпи 169,3 пайызды түздү. Бул өткөн жылга караганда 15 млрд 171,0 млн сомго көп. Ал кошумчалагандай, бюджеттин […]Читать далее

Кадр саясаты

Аксы районунун акими алмашты

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктуна, 71-беренесине, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине ылайык Жалал-Абад облусунун Аксы районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Сыдыков Замирбек Бейшенович башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызмат ордунан бошотулду. Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр […]Читать далее