Президент

Садыр Жапаров: ШКУ – ири трансрегионалдык бирикмеге айланды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 1-сентябрда, Кытай Эл Республикасына болгон иш сапарынын алкагында Тяньцзинь шаарында ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин «ШКУ плюс» форматындагы жыйынында сөз сүйлөдү. Саммиттин темасы – «Көп тараптуулукту жүзөгө ашыруу, аймактык коопсуздукту камсыз кылуу жана туруктуу өнүгүүгө көмөктөшүү» деп аталды. Президент өз сөзүндө Шанхай кызматташтык уюмунун жыйырма беш жылга жакын убакытта […]Читать далее

Аймак

Ташиев Жалал-Абаддын жаңы административдик имаратында алгачкы жыйын өткөрдү

Бүгүн министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен Жалал-Абад облусунун жаңы административдик имаратында алгачкы жыйын өттү. Атайын кызматтан билдиришкендей, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү Жалал-Абад шаарынын аймагына АТРдин алкагында кошулган айылдарды картадан көрсөттү. Камчыбек Ташиев Жалал-Абад шаарынын башкы планын түзүү зарылдыгын белгилеп, тиешелүү жетекчилерге жеринде тапшырма берди. Ал шаардагы курулуштар […]Читать далее

Коом

Бишкек-Балыкчы поезд каттамы 6-сентябрга чейин узартылды

Бишкек-Балыкчы поезд каттамы 6-сентябрга чейин узартылды. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” ишканасынан билдиришти. Маалыматта белгиленгендей, жүргүнчүлөрдүн кайрылууларын эске алуу менен, Бишкек-Балыкчы № 608/609 жүргүнчү поездинин каттамы 1-сентябрдан 6-сентябрга чейин узартылды. Ал эми, поезддин жүрүү убактысы жана жол жүрүү шарттары өзгөртүлгөн жок. Бир гана 5-сентябрда техникалык себептерден улам каттамдын графиги төмөнкүдөй болуп өзгөртүлдү. Эске салсак, Бишкек-2 […]Читать далее

Коом

УКМК бала бакчанын жерин мыйзамсыз менчиктештирүү фактысын аныктады

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети социалдык объектинин жер тилкесин мыйзамсыз менчиктештирүү фактысын аныктады. Атайын кызмат тарабынан мыйзамсыз алынган мамлекеттик мүлктү аныктоо жана кайтаруу боюнча иш-чаралардын жүрүшүндө мурда бала бакча жайгашкан жер тилкесин мыйзамсыз менчиктештирүү фактысы аныкталды. Аталган жер тилкеде 1953-жылы «Фрунзе машина куруучу заводунун» жумушчуларынын балдары үчүн 30 сотук аянтка курулган эки кабаттуу бала бакчанын имараты […]Читать далее

Аймак

Майлуу-Суу айнек заводу жаңы өндүрүштүк кубаттуулук менен иштей баштады

Жалал Абад облусундагы Майлуу-Суу айнек заводу бюджеттик каржылоонун негизинде 1 млрд сомго жаңыртылып, заманбап өндүрүштүк кубаттуулук менен иштей баштады. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, жаңыдан курулган имараттар жана реконструкцияланган цехтер аймактагы айнек идиш өндүрүшүнүн деңгээлин олуттуу жогорулатат: Жаңы имарат – 1278 чарчы метр болуп, айнек цехине кошулду. Айнек цехинин […]Читать далее

Коом

ОСАГО мыйзамы бүгүнтөн тарта толук күчүнө кирди

Мамлекеттик Камсыздандыруу Уюму ААК жарандарды жана унаа ээлерин расмий түрдө эскертет. Ведомстводон билдиришкендей, 2025-жылдын 1-сентябрынан тартып, «Унаа ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү түрдө камсыздандыруу жөнүндө» мыйзам (ОСАГО) толугу менен күчүнө кирди. Мындан ары, унаа башкарган жарандар ОСАГО полисин милдеттүү түрдө алуу керек. Тиешелүү камсыздандыруу полиси жок жүргөн айдоочуларга карата Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо […]Читать далее

Президент

Тяньцзинде өтүп жаткан ШКУ саммитинде бир катар документтер кабыл алынды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 1-сентябрда, Кытай Эл Республикасына болгон иш сапарынын алкагында Тяньцзин шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин кезектеги жыйынына катышты. Саммиттин жыйынтыгында мамлекет башчылары төмөнкү документтерге кол коюшуп, кабыл алышты: 1. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин Тяньцзин декларациясы. 2. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйынынын […]Читать далее

Президент

Чолпон-Ата ШКУнун маданий борбору болмокчу

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бүгүн Кытай Эл Республикасына болгон жумушчу сапарынын алкагында Тяньцзинь шаарында өткөн Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин 25-жыйынында сөз сүйлөдү. Президент кыргыз тараптын төрагалыгынын мезгилине ШКУнун туристтик жана маданий борбору катары Ысык-Көлдүн жээгинде жайгашкан Чолпон-Ата шаары бекитилерин белгиледи. Садыр Жапаров мунун алкагында бир катар иш-чаралар, анын ичинде залкар жазуучу жана […]Читать далее

Президент

Садыр Жапаров Тяньцзинь шаарындагы ШКУ саммитинде сөз сүйлөдү

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 1-сентябрда, Кытай Эл Республикасына болгон иш сапарынын алкагында Тяньцзинь шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин 25-жыйынында сөз сүйлөдү. Жыйынга КЭРдин Төрагасы Си Цзиньпин, Россиянын Президенти Владимир Путин, Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев, Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев, Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон, Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенко, Индиянын Премьер-министри Нарендра […]Читать далее

Билим

Кыргызстанда мектептерде дээрлик 1,5 миллиондон ашык бала билим алат

Кыргызстанда 2 миң 394 мектепте 1 млн 536 миң 633 бала билим алат. Бул тууралуу Агартуу министрлигинин кектептик билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Амангелди Сыдыбаев “Биринчи радионун” түз эфиринен билдирди. Анын айтымында, анын ичинен 2 миң 170 мамлекеттик жана муниципалдык мектеп, калган 224 жеке менчик мектеп болуп саналат. “Жеке менчик мектептердин көпчүлү Бишкек шаары менен […]Читать далее