Ички иштер министрлигинин Күзөт кызматынын ишмердүүлүгүндөгү туруктуу коррупциялык схемага бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Атайын кызмат ИИМдин Ички иликтөө кызматы менен биргеликте өткөрүлгөн иш-чаранын натыйжасында Биринчи Май райондук күзөт бөлүмүнүн жетекчилигинин күзөт полкунун катардагы кызматкерлеринен системалуу түрдө акча чогултуусу боюнча коррупциялык схемалар аныкталган. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө аталган бөлүмдүн айрым жетекчилери көп жылдар бою карамагындагы […]Читать далее
Asman Airlines мамлекеттик авиакомпаниясына Dash 8 Q400 учагы келди. Бул тууралуу президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасына жазды. Анын айтымында, бул компания тарабынан сатып алынган үчүнчү учак болуп саналат. Учактарды алуу жана авиапаркты кеңейтүү иштери өлкөдө аба каттамдарын жандандыруу боюнча жүрүп жаткан аракеттердин алкагында ишке ашууда. “Аймактарды байланыштырган аэропортторду өнүктүрүү, […]Читать далее
2025-жылдын жети айында Өзбекстан Кыргызстандан 580 тоннадан ашуун күрүч импорттогонун өлкөнүн Статистика мамлекеттик комитети маалымдады. Маалыматка ылайык, көрсөтүлгөн мезгил ичинде Өзбекстан жалпы 6,5 миң тонна күрүчтү 2,9 млн долларга сатып алган. Бул көлөмдөгү күрүч 13 ар кайсы мамлекеттен жеткирилген. Негизги күрүч жеткирүүчүлөр катары Казакстан (4,3 миң тонна), Индия (1,1 миң тонна), Кыргызстан (582 тонна), Пакистан […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров Афганистандын Кунар провинциясында болгон жер титирөөдөн улам көптөгөн адамдардын өмүрү кыйылганына байланыштуу Афганистандын элине жана жетекчилигине көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди. Белгилей кетсек, Афганистандын чыгышында күчү 6 баллга жеткен зилзалада 800дөн ашык киши каза таап, 2800дөй адам жабыркады.Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 1-сентябрда, Кытай Эл Республикасына болгон иш сапарынын алкагында Тяньцзинь шаарында Вьетнамдын Премьер-министри Фам Минь Тинь менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушууда эки тараптуу мамилелердин абалы, актуалдуу маселелери жана өнүгүү келечеги, ошондой эле эл аралык уюмдардын алкагында көп жактуу кызматташуу талкууланды. Президент Садыр Жапаров жана Вьетнамдын Премьер-министри Фам Минь Тинь өз ара […]Читать далее
Эдил Байсалов: Мектепти трансформациялоо – Кыргызстандын тагдырын өзгөртө турган жол
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов борбор калаадагы № 67 Т. Үмөталиев атындагы орто мектепте жаңы окуу жылынын башталышына арналган салтанаттуу жыйынга катышты. Эдил Байсалов өз сөзүндө мектептик билим берүүнү трансформациялоо Кыргыз Республикасынын Президентинин жетекчилиги астында ишке ашырылып жаткан негизги реформалардын бири экендигин белгиледи. “Мамлекет башчысы алдыга максат койду – Кыргызстанды жогорку […]Читать далее
Бүгүн Кыргызстандын “Кыргыз Экспорт” борборунун директору Урмат Такиров Россиянын эң ири азык-түлүк жана азык-түлүк эмес FMCG товарларын импорттоочуларынын бири болгон “Гранд Трейд” компаниясынын жетекчилиги менен жолугушуу өткөрдү. Ведомствонун маалыматы боюнча, компаниянын жүгүртүүсү 2024-жылдын аягына карата 2 миллиард АКШ долларынан ашкан. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар Кыргызстандын продукциясын Россиянын рыногуна жеткирүүнү кеңейтүү мүмкүнчүлүгүн талкуулашты. 2025-жылдын октябрь айында Кыргызстандын […]Читать далее
Адылбек Касымалиев Мугалимдик эмгектин ардагери Ракыя Калыкованы Билим күнү менен
Билим күнүн майрамдоонун алкагында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев 45 жылдык стажы бар математика мугалими, педагогика эмгегинин ардагери Ракыя Калыковадан кабар алды. Ракыя Калыкова 1936-жылы туулган, өмүрүнүн 45 жылын жаш муундарды окутуу жана тарбиялоодогу асыл ишке арнап, Кыргызстандын ар кайсы аймактарында жана Бишкек шаарында математика мугалими болуп […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 1-сентябрда, Кытай Эл Республикасына болгон иш сапарынын алкагында Тяньцзинь шаарында ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин «ШКУ плюс» форматындагы жыйынында сөз сүйлөдү. Саммиттин темасы – «Көп тараптуулукту жүзөгө ашыруу, аймактык коопсуздукту камсыз кылуу жана туруктуу өнүгүүгө көмөктөшүү» деп аталды. Президент өз сөзүндө Шанхай кызматташтык уюмунун жыйырма беш жылга жакын убакытта […]Читать далее
Бүгүн министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен Жалал-Абад облусунун жаңы административдик имаратында алгачкы жыйын өттү. Атайын кызматтан билдиришкендей, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү Жалал-Абад шаарынын аймагына АТРдин алкагында кошулган айылдарды картадан көрсөттү. Камчыбек Ташиев Жалал-Абад шаарынын башкы планын түзүү зарылдыгын белгилеп, тиешелүү жетекчилерге жеринде тапшырма берди. Ал шаардагы курулуштар […]Читать далее