Бүгүн тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Германиянын Кыргызстандагы элчиси Моника Ленхардды кабыл алды. ТИМден билдиришкендей, Жээнбек Кулубаев Моника Ленхардды жаңы кызмат ордуна дайындалышы менен куттуктап, тараптардын биргелешкен күч-аракеттери аркылуу кыргыз-герман кызматташтыгын саясий, соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык тармактарда мындан ары да өнүктүрүүгө даяр экенин ырастады. Маектин жүрүшүндө жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги расмий сапарлардын жыйынтыктары боюнча […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу «Ала-Тоо Резорт» мамлекеттик ишканасы мамлекеттик маанидеги “Бардык сезондогу “Ала-Тоо Резорт” тоо кластери” долбоору үчүн расмий логотипти (эн белги) иштеп чыгууга ачык конкурс жарыялайт. Конкурстун максаты – Кыргызстандын улуттук маданий жана табияттык баалуулуктарын, тоолордун рухун, Ысык-Көлдүн тазалыгын, туруктуу туризм концепциясын жана Кыргыз Республикасынын улуттук символу болгон ак илбирсти чагылдырган заманбап, […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 31-октябрда, өлкө ЖОЖдорунун 92 мыкты студентине президенттик стипендия тапшырды. Мамлекет башчысы студенттердин алдында сөз сүйлөп, Президенттик стипендия – бул жөн эле бир материалдык колдоо эмес, окуу жайлардын илимий жана коомдук турмушуна өзгөчө салым кошкон, билимге, илимге, чыгармачылыкка, коомдун жашоосуна болгон жоопкерчиликтүү мамилеси менен айырмаланган студенттердин талыкпаган эмгегинин, ташкындаган талантынын […]Читать далее
Үстүбүздөгы жылдын 9 айынын ичинде Ош облусунда 94 жаңы ишкана ачылды. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Маалыматка ылайык, натыйжада 1 196 жумуш орду түзүлгөн. Ишканалардын ачылышы менен жалпы 5 млрд 46 млн сомдон ашуун инвестиция өздөштүрүлдү. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу быйыл 3 млрд 117 млн сомго көп инвестиция тартылып, 2 ишканага көп ачылды.Читать далее
Кыргызгидромет кызматы аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты. Анын маалыматына караганда, 4-5-ноябрда өлкө аймагында аба-ырайы кескин өзгөрүп, мезгил-мезгили менен жааган жаан карга айланышы, тоолуу райондордо кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Түнкүсүн жана эртең менен айрым жерлерде туман түшүшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт. […]Читать далее
2026-жылга карата Ош облусунун дагы 5 айыл өкмөтүн дотациядан чыгаруу пландалууда. Бул тууралуу бүгүн облустун 9 ай аралыгындагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгы чыгарылган жыйында айтылды. Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, бүгүнкү күндө Ош облусунун аймагында жалпы 17 айыл өкмөтү жана 3 райондук маанидеги шаар дотациядан чыккан. Ал эми 2026-жылга карата дагы 5 айыл өкмөттү дотациядан чыгаруу пландалууда. […]Читать далее
Бишкектин борборунда шаардын негизги инфраструктуралык долбоорлорунун бири — Old Bishkek жер астындагы комплексинин курулушу уланууда. Октябрь айынын акырына карата жалпы курулуш иштеринин болжол менен 80 пайызы бүткөрүлгөн. Бүгүн Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев курулуштун жүрүшү менен жеке таанышуу максатында курулуш иштери менен таанышты. Аны Нариман Түлеев тосуп алып, курулуштун учурдагы этабы, жетишилген натыйжалар жана алдыдагы […]Читать далее
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Швейцария Конфедерациясынын Улуттук кеңешинин Биринчи вице-спикери Пьер-Андре Пеж менен жолукту. Эдил Байсалов Швейцария Кыргызстандын көп жылдык жана ишенимдүү өнөктөшү, туруктуу өнүгүүнүн жана туруктуулуктун үлгүсү экенин белгиледи. Тараптар кыргыз-швейцария кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, анын ичинде парламенттер аралык диалогду өнүктүрүү жана маданий-гуманитардык байланыштарды бекемдөө маселелерин талкуулашты. Делегацияларды мындан ары алмашуу жана […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевге жана бир тууган Өзбекстан элине ЮНЕСКОнун Башкы конференциясынын 43-сессиясынын ачылышына байланыштуу куттуктоо жөнөттү. “Урматтуу Шавкат Миромонович! Кыргызстан элинин жана жеке өзүмдүн атымдан сизди жана бир тууган Өзбекстан элин ЮНЕСКОнун Башкы конференциясынын 43-сессиясынын ачылышы менен чын жүрөктөн куттуктайм. Борбор Азия үчүн тарыхый болуп калган жана кырк жылдан ашык убакыттан […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө” КР мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койду. Мыйзам 2025-жылдын 24-сентябрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Бул мыйзам менен улуттук коопсуздук органдарына соттук-эксперттик, криминалистикалык жана башка изилдөөлөрдү жүргүзүү укугун, анын ичинде келишимдик негизде, аларды өндүрүү жана төлөөсү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык жүзөгө […]Читать далее